Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

«Таттуу колдор» аттуу кулинардык кружок Т. Айбашев мектебинде ишин баштады

Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы Т. Айбашев атындагы орто мектебинде «таттуу колдор» аттуу кулинардык кружок болуп жатат. Кружоко 6-класстан 10-класска чейинки окуучулар катышып, камырдын жасоо ыкмаларын үйрөнүүдө.

30 Октябрь 2023 жыл 9:52

Видео: Ысык-Ата районундагы Ыр кесе-2023

Кыргыз Республикасынын маданият кызматкерлеринин күнүнө карата Ысык-Ата районунда райондук «Ыр кесе-2023» жыйынтыктоочу майрамдык иш-чарасы болуп өттү. Эл ичинен тандалган таланттар көрөрмандарга өнөрлөрүн тартуулашты. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Алмазбек Осмонов маданият …

30 Октябрь 2023 жыл 8:48

№43 кесиптик лицейдин жамааты тоют даярдоонун жаңы ыкмаларын өздөштүрүүдө

Жаңы-Жер айыл аймагындагы №43 кесиптик лицейде малга кышкы тоют камдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул жылы чөп жылдагыдан аз болгондуктан, кышкы тоют маселесин чечүү жолдорун изилдеп, кошумча тоют даярдоо ыкмаларын …

29 Октябрь 2023 жыл 9:09

Видео: Корчубек Акназаров мектебинде күз ханзадасы жана ханбийкеси тандалды

26-октябрь күнү Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Алтын күз» аттуу темада иш чара болуп өттү. 

28 Октябрь 2023 жыл 22:29

№43 кесиптик лицейинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча сүрөт сынагы уюштурулду

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусунун чыгармалары боюнча №43 кесиптик лицейдеги тайпалар арасында  сүрөт сынагы болду. Окуучулар арасындагы уюштурулган  сүрөт көргөзмөдө таланттуу окуучулар  Чынгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча …

28 Октябрь 2023 жыл 18:16

Дарыгер: Кышка карата иммунитетти көтөрүү керек

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде  өлкөнүн жети облусунан келип окуган окуучулар бар. Алардын дээрлик көпчүлүгү жатакана менен камсыз болушкан. Ата-энесинен алыстап, кесип үйрөнүүгө келген окуучулардын …

28 Октябрь 2023 жыл 14:06

№43 Кесиптик лицей кыска мөөнөттүк «Тигүүчүлүк» окуу курсуна окутууда

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде кыска мөөнөттүк «Тигүүчү» кесиби окутулууда. VIBES долбоорунун алкагында Мирное айылынан 15-35 жаштагы кыз келиндерди №43 кесиптик лицейдин базасында тигүүчүлүк кесипке  …

27 Октябрь 2023 жыл 18:03

Гүлмира Токторбаева — Ресторан бизнесиндеги ийгиликтүү айымдын окуясы

Гүлмира Токторбаева — Ресторан бизнесиндеги ийгиликтүү айымдын окуясы Талыкпаган эмгек, талант жана ишкердик жашоону кандайча өзгөртүп, аларды гүлдөтүүгө жардам берери тууралуу бизнес дүйнөсүндө көптөгөн окуялар бар. Ушундай шыктандырган окуялардын бири …

27 Октябрь 2023 жыл 14:46

Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чара уюштурулду

25-октябрь күнү Казан-Куйган айылындагы Айтбек Муканбетов атындагы маданият үйүндө Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү, аялдардын демилгелүү тобу, мектеп жетекчилиги, социалдык педагогдор, ата-энелер жана окуучулар менен биргеликте чыр чатактын алдын …

26 Октябрь 2023 жыл 23:46

«Мурас-этно» театрынын негиздөөчүсү Бактыгул Омуралиева тууралуу презентация өткөрүлдү

Кант шаарындагы №2 Какиш Рыскулова атындагы жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясынын окуучулары үчүн Москвадагы «Мурас-этно» театрынын негиздөөчүсү Бактыгул Омуралиеванын ишмердүүлүгү тууралуу презентация өткөрүлдү.

26 Октябрь 2023 жыл 15:29

Ак-Талаа району: Суу тартыштыгын чечүүгө аракеттер жасалууда

Ак-Талаа райондагы Тоголок Молдо айыл аймагынын Кадыралы айылындагы совет мезгилинде курулган суу жүрүүчү лотокторду оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Оңдоо иштери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын алкагында жасалууда. Айыл башчысы …

25 Октябрь 2023 жыл 22:57

ФАПта оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

Азыркы учурда Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылындагы фельдшердик-акушерди пунктту (ФАП) оңдоо иштери болуп жатат.

25 Октябрь 2023 жыл 22:47

Китеп окуучунун дүйнө таанымын арттырат

Дүйнөдөгү бир катар өлкөлөрдө мектеп китепканасынын күнү атайын белгиленет. Бул күн 1999-жылдан бери ЮНЕСКО тарабынан демилгеленип, ар жылы кайсы бир темага арналат. Балдарды китеп менен тааныштыруу, ал аркылуу аркылуу дүйнө таанымын …

25 Октябрь 2023 жыл 22:20

Акылдуу мектеп — келечекке карай кадам семинары өткөрүлдү

25 -октябрь №3 Ивановка башталгыч мектебинде Ысык-Ата районунун билим берүү мекемелеринин жетекчилери үчүн «Акылдуу мектеп-келечекке карай кадам» аталышындагы семинар өзгөчө форматта өттү.

25 Октябрь 2023 жыл 19:50

Видео: Жаратман агай

Кочкор районундагы «Шапак Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби» мекемесинин директору, тарыхчы -этнограф Болот Бообек уулу пандемия учурунда мектеп жамаатынын колдоосу менен этнопарк уюштурган. Этнопарктын өзгөчөлүгү ал жерде окуучуларга …

24 Октябрь 2023 жыл 23:08

№43 Кесиптик лицейде кулпунайды мурутчаларынан көбөйтүү ыкмасы колдонууда

Сокулук районундагы  №43 кесиптик лицейде кышка карата кулпунай өстүрүү аракети жүрүүдө. Лицейдин жамааты жер тилкелерине отургузулган кулпунайды көбөйтүү үчүн,  кышкы күнөсканаларга отургузуу ишин башташты.

24 Октябрь 2023 жыл 18:51

№43 кесиптик лицейи айыл чарба жарманкесине катышты

№43 кесиптик лицейдин жамааты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 95 жылдыгына жана айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган көргөзмөгө катышышты. Бишкек шаарындагы  «Агротехэкспо-2023” агроөнөр жай көргөзмөсү менен биргеликте ORGANIC-EXPO-2023 органикалык …

24 Октябрь 2023 жыл 17:16

Нөлдөн башталган бизнес

9-класстан баштап бизнес менен алектенип баштаган Гулнур Темиркулова ишкерлигин Москва шаарынан уланткан. Алгач сулуулук салонун иштетсе андан ары өз билимдери менен бөлүшүп окуу курсун дагы ачкан. 7 жылдан бери бир …

24 Октябрь 2023 жыл 16:30

Силос жасоо менен тоют каатчылыгынан чыгууга мүмкүн

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейдин көмөкчү чарбасында мал жандыктарга чыктуу  тоют (силос) даярдоо камын көрүүдө. Быйыл малга тоют болуучу чөп аз, мындан улам кымбат болууда. Кыш, жаз …

24 Октябрь 2023 жыл 14:48

№43 Кесиптик лицейдин окуучулары корей ашканасынын тамактарын жасоону үйрөнүшүүдө

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейде социалдык реабилитацияга муктаж өспүрүмдөр үчүн атайын окуу пландары жана программалары боюнча адистештирилген реабилитациялык “Ашпозчу” кесиби окутулат.

24 Октябрь 2023 жыл 14:03

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...