Кызыл-Кыя шаарындагы №70 кесиптик лицейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы жана «Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун аткаруу бөлүмүнүн менеджери келип таанышып чыкты.
Кочкор районунун Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебинде, башталгыч класстар үчүн ысык тамак бериле башталды. Ысык тамак берилүү демилгесин «MERCY CORPS» компаниясы камсыздап жана 4 күнүн мамлекет, 1 күнүн ата-энелер …
17-ноябрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде тарых сабагынан райондук деңгээлде семинар болуп өттү. Семинарга жалпысынан 80ден ашуун мугалимдер катышты.
Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейде «Аскерге чейинки даярдык» сабагы башкача формада өтүлүүдө. Кесиптик лицейдин «Аскерге чейинки даярдык» сабагынын мугалими Узакбай Исмаилов сабак өтүүдө окуучуларды айыл аймагында жайгашкан, Кайтаруу жана …
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде жана «ашпозчу» кесибинде окуган тайпалар арасында “Мыкты ашпозчу” таймашы болуп өттү. Бул кароо-таймаш лицейдеги 1-2-3-курстар арасында өткөрүлдү. Буга чейин «Мыкты-ашпозчу» кароо-таймашынын 1-туру өткөрүлүп, …
Ак -Талаа районунда таймаш аркылуу окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу, ынтымагын бекемдөө максатында «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну уюштурулуп, ага алты мектептин 7-классынын окуучулары катышты. Бул оюн Кыргыз радиосу жана райондук …
Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта өлкө башчысынын “пенсиянын камсыздандыруу бөлүмүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо тартиби жөнүндө” жарлыгына ылайык көбөйдү. Тактап айтканда, жаш курагы боюнча, багуусунан ажырагандыгы же ден-соолугуна байланыштуу майып адамдардын пенсиялары 38% …
16-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев мектептерге акысыз ЖРТга даярдык үчүн сынамык тест түшүндүрмөлөрү менен китептерди тапшырды.
№43-кесиптик лицейде «Коопсуз-лицей» иш чарасы старт алды. Кесиптик лицей-окуучулардын убактысынын көбүн өткөрө турган жер, ошондуктан ал белгилүү талаптарга жооп бергендей болушу керек. Кесиптик лицей -кесипке үйрөтүп, сабак өтө турган имарат …
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын борбордук көчөсүндөгү унаа жол жээгинин тилкесинде тротуар жасоо жол жумуштары аяктап калды. Айылдын борбордук көчөсүндө курулуп жаткан тротуар, Сокулук райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосунда ишке ашырылууда.
Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаы-Жер айыл аймагына караштуу мектептерде жана №43-кесиптик лицейде окуучулар менен иш алып барган жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекторлор медиасабаттуулук, жаш өспүрүмдөр менен эффективдүү байланыш түзүү …
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан «Жаңы-Жер» жамааттык медиа борбору 11-ноябрь күнү Бишкек шаарында Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин жыл жыйынтыктоочу конференциясына катышты.
Ноокат районуна караштуу Кыргыз — Ата айыл өкмөтүндө Ош облусу боюнча эл аралык күрөш болуп өттү. Ага Кулатов — Келечек спорт клубунан да балбандар катышып алдыңкы орундарды ээлешти.
Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылынын жалпы билим берүү орто мектебинде белгилүү педагог, Манас орденинин ээси, эмгек сиңирген мугалим Гапыр Мадаминов менен жолугушуу иш-чарасы болуп өттү.
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Айбашев атындагы орто мектебинде «Заманбап мугалимдин кесиптик компетенциялары» деген темада психолог Жыпаргүл Шербаева мугалимдерге сабак өттү.
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы жамааттык мультимедиа борборунда тренинг болуп өттү. Тренингге жалпысынан он ыктыярчы кабарчы окуучу катышты. Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Чынара Нурманова тренингдин окуучуларга тийген …
Нарын районуна караштуу, Учкун айылында жайгашкан Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде окуучулар арасында “Кыргыз жараны” концепциясы тууралуу квиз интеллектуалдык оюну болуп өттү. Аталган иш-чара “Iceberg” тынчтык клубу тарабынан уюштурулду.
“Балдарды Коргоо Борбору” коомдук бирикмеси БУУ Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууда. Долбоордун максаты — мектептеги өспүрүм кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын мектептен кийинки билимин …
Сокулук районуна караштуу Жаны-Жер айыл аймагына караштуу айылдарда “Өспүрүм түн” рейдинин жүрүшүндө коштоосуз жүргөн өспүрүмдөр аныкталды. Бул тууралуу Жаңы-Жер айыл аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери билдиришти.
«Соң-Көл» орто мектебинин 10-11-класстарына Соң-Көл медиа борборунун жетекчиси Бурул Майрамбек кызы «Ийгиликти кантип жаратса болот?» деген темада электрондоштурулган семинар-сабак өткөрдү. Мында Москвадагы Гулнур Темиркулованын ишмердиги, ийгиликтери, кесипкөйлүгү жөнүндө сөз болду.