Кочкор районунун Төлөк айылына караштуу айылдык 1 китепкана бар. Пандемия учурунда окурмандар азая түшкөнү менен, китептер айыл өкмөтү тарабынан үзбөй толукталып келе жатат.
Азыркы убакта Суусамыр айыл аймагында көбүнчө сасык тумоо оорусу жүрүп жаткандыгын Суусамыр аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Бурулкан Турсунбекова билдирди.
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагынын айыл тургундары арасында оору-сыркоо тууралуу дарыгерлердин берген маалыматына караганда айылда пневмония оорусу күч алууда.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган, Оттук айыл аймактарында эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Шалтаева Айнек апа атындагы оорукананын медайым Гулжан Акматова билдирди.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган, Оттук айыл аймактарында коронавируска каршы эмөөдөн өткөндөрдү саны 78% жетти. Айыл тургундарынын каалоосуна жараша эмдөөнүн 3 түрү жүргүзүлүүдө. Алар Синофарм, Астразенека жана Файзер вакциналары.
Бүгүнкү күндө республика боюнча абал курчуп баратат. Бишкек шаары кызыл зонага кирди. Биздин райондо 3адам ковид менен катталды. Анын ичинен 2 адам Бишкекте ооруканада, 1 адам үйүндө дарыланып жатышат. Тогуз-Торо …
Коронавирус Кыргызстанга келгенден тартып, өлкөбүз 3 чоң толкунду башынан өткөрдү. Ал убакыт аралыгында коронавирустун мутацияланган бир топ штаммдары кирди. Азыркы учурдун коркунучтуу Ковиддин жаңы түрү бул «Омикрон» штаммы болуп атат.
Суусамыр айыл аймагында абанын суукташы менен Ковид-19 оорусуна караганда жаш балдардын сасык тумоого кабылган учурлары көп болду. Сасык тумоо оорусу менен көбүнчө жаш балдар ооругандыгын дарыгерлер белгилешти.
Кыргызстанда COVID-19 вирусунун омикрон штаммы катталып, мындан улам 4-толкун башталды. 13-январга карата ковид-19дун жаңы 742 учуру катталып,3 адам каза болду. Эпидемиолог Жаныбек Убраимов вирустун күч алуусун же тескерисинче азайуусу адамдардын …
Ковид-19 илдетинен улам адамдардын өмүрүн сактап калуу, дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүү жана коронавирустун жаңы варианттарынын пайда болуу коркунучун токтотуу үчүн адистер эмдөөдөн өтүү керектигин айтып келет. Учурда өлкөдө 53% биринчи …
Сокулук районундагы Жаңы-Жер аймагындагы Восточное (20-хутор) айылында №2 тогуз жылдык Жаңы-Жер орто мектеби бар. Бул 160 орундуу мектепте 371 окуучу өтө эле көптүк кылууда. Учурда окуучуларга окуу кабинеттеринин жетишпегендигинен 3 …
Айрым адамдардын тобу COVID-19 оорусунан улам олуттуу ооруга чалдыгуу тобокелине көбүрөөк кабылышат. Улгайган адамдар, айрыкча 65 жаштан жогору адамдар, кант диабети, жүрөк оорулары же кан басымы сыяктуу негизги медициналык оорулары бар …
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде пандемияга байланыштуу жаңы жылдык иш- чаралар өткөрүлбөйт.
Адистер психикалык саламаттык кадимки физикалык оорулардай эле маанилүү экенин айтышат. Ковид-19 илдетинен улам адамдарда ички эмоционалдык бузулуулар болуп, көңүл чөгүү, коркуу, тынчсыздануу, уйкусуздук жана жүрөктүн тез-тез согуусу менен коштолууда.
Суусамыр айыл аймагындагы жергиликтүү кеңеште 21 депутат иш алып барат. 7-чакырылыштын депутаттары быйыл жаңы шайланып, айылдын өнүгүшүнө салым кошуу аракетинде.
Дүйнө жүзүндө Ковид-19 вирусу күчөп жаткан учурда тынымсыз иштеп жаткандардын катарын почта кызматкерлери дагы толуктайт. Эл менен иштеп вируска чалдыккан почта кызматкерлери дагы аз эмес.
Суусамыр айыл аймагында жайгашкан айылдык милиция бөлүмчөсүндө учурда 7 кызматкер иштейт. Кызыл-Ой, Кожомкул, Суусамыр, 1-Май, Кайсар, Тунук айылдарын жана Бишкек-Ош жолдорунун 137-160 чакырымына чейин Түштүк жак бетин көзөмөлдөйт.
«Пфайзер, Астразенека эң жакшы вакциналардын бири. Себеби, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан уруксат берилген. Башында бай мамлекеттер сатып алып жаткан. Жеткирүү убактысы созулгандыктан, бул вакциналар бизге келбей жатты. АКШнын элчиси …
Бүткүл өлкөгө тараган ковид-19 вирусу айыл өкмөт кызматкерлердин ишине дагы терс таасирин тийгизбей койгон жок. Оору күчөп турганда Суусамыр айыл өкмөтүнүн 40% кызматкери аралыктан иштеп жатышты.