Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Кулатов

«Кулатов Келечек» клубундагы машыккан балдар эл аралык мелдеште баш байгени ээледи

Кулатов айыл өкмөтүндөгү «Кулатов Келечек» спорт клубундагы эркин күрөшкө кызыккан балдар облустук жана эл аралык мелдештерде Арген Тургунов, Алымбек Бурканов баш байгени алышты.

Кулатов айыл өкмөтүндө окуучулар ишембилик өткөрүштү

«Ыйык Ата-Журт» жаштар фондунун таймашынын башталышы менен Т. Кулатов айыл өкмөтүндөгү 10 мектеп жүрүш кылып айылдагы таштандыларды терип чыгышты.

«Ыйык Ата-Журт» жаштар фонду Кулатов айыл өкмөтү менен иш алып барат

Кулатов айыл өкмөтү жана «Ыйык Ата-Журт» жаштар фондунун Баткен облусунун төрагасы тарабынан «Жылдын мыкты парламенти» долбоору уюштурулду. Бул долбоорго Кулатов айыл өкмөтүндөгү он мектеп катышты.

Быйылкы жылы эгин талааларында суу жетиштүү

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Көчкөнов айыл тургундарынын суроолоруна жооп берди. Эгиндерге түшкөн малдардын ээлерине айып пулдар салынат жана келтирилген зыянды төлөп берери айтылды.

Кулатов айыл өкмөтүндө 1-июнь балдарды коргоо күнү белгиленди

Кулатов айыл өкмөтүндө 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата иш чара болуп өттү. Иш чарага аялуу катмардагы  6-15 жашка чейинки мектеп окуучулары катышты. 40 окуучуга жайкы лагерге жолдомо берилди. Балдар бакчага айыл …

Кулатов айыл аймагында селдин кесепеттери убагында жоюлду

Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Көчкөнов Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борбору аркылуу айыл тургундарынын суроолоруна жооп берди. Жазында жааган туруктуу аба-ырайынын натыйжасында сел көпүрөөлөрдү алып кеткен жана эгин талааларын зыян келтирген. …

«Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү уланууда

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Баглан айылынын 2 га жер аянтына 220 даана арча, 10 даана каштан жана башка жүздөн ашуун ар түрдүү дарактардын көчөттөрү отургузулду.

Кулатов айыл өкмөтүндө «Эрте никеге туруунун кесепеттери» тууралуу иш-чара болду

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө гендердик окуу борбору тарабынан уюштулуган өспүрүм кыздар үчүн «Кыз адеби кымбат» аттуу иш-чара болуп өттү. Иш чаранын алкагында эрте никеге туруу канчалык деңгээлде зыян экендиги …

Кулатов айылындагы Нооруз майрамы

Бүгүн Т.Кулатов айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган «Нооруз-2022» майрамы болуп өттү. Айыл элдери айылдаштары менен биргеликте сүмөлөк кайнатылып жакшы каалоо тилектерин айтышып майрамдык маанайды жакшы тосууда.  Мында айыл өкмөттөгү айылдар арасында …

Жаз мезгилинин келиши менен жашылдандыруу иштери башталды

Жаз мезгили башталып айлана-чөйрөнү тазалоо иштери айыл тургундарында жана мугалимдерде жүргүзүлүп жатат. Таштанды экологияга гана эмес адам баласынын ден-соолугуна да чоң таасирин тийгизет. Мугалимдер ар ишембиликте тазалоо иштерин жүргүзүшөт. Айлана-чөйрөнү …

Кулатов айыл өкмөтүндө 8-мартка карата аялдар сыйланды

Т.Кулатов айыл өкмөтүндө аялдардын эл аралык майрамына карата концерттик кече өткөрүлдү. Улуу муундагы аялдар, коомдук иштерге активдүү катышкан аялдар грамоталар менен сыйланышты.

Т.Кулатов айыл өкмөтүндө Туу күнү жана ак калпак күнү белгиленди

Т.Кулатов айылында 3-март Туу күнү карата, 5-март ак калпак күнү белгиленди. Айыл өкмөткө жөө жүрүш болду 2 мектеп катышты.

Пандемияга байланыштуу дыйкандарга жеңилдиктер каралды

Кулатов айылында жазгы талаа иштери башталды. Пандемияга байланыштуу азык берүүчү дары-дармектер кымбаттап, дыйкандарга кыйынчылык жаратууда. Ошондуктан дыйкандарга айыл өкмөт тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө.

Окуучулар интеллектуалдык кароо сынактардын онлайн өтүүсүн каалабайт

Пандемия башталгандан тартып көпчүлүк кароо сынактар да аралыктан өтүп, окуучулар арасында нааразычылыктар көп. Себеби, окуучулар бетме-бет таймашып, өзүлөрүнүн жеке катышуусунда өткөн сынактар таза өтөт деп ишенишет.

Мектепте санитардык эрежелерди сактоо ишке ашырылууда

Т.Кулатов айылындагы Т.Айбашев атындагы орто мектебинде Ковид-19 илдетине карата окуучуларга бардык санитардык-гигиеналык эрежелерин сактоого калыптандыруучу атайын тарбиялык сааттар өтүлүп, залдарга эстеткичтер илинген.

Covid-19 вирусунун кош бойлууларга тийгизген таасири

Пандемия учурунда кош бойлуу болуу канчалык кооптуу? Андан тышкары кош бойлуу айымдар ден-соолугуна кандай көңүл буруусу керектиги тууралуу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери айтып берди.

Студенттер вакцинациянын үчүнчү дозасын алууда

Кызыл-Кыя индустриалдык педагогикалык колледжинин студенттери вакцинанын 3-түрүн алышты. Үй-бүлөлүк дарыгерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, 70-80% студенттер эмдөөдөн өтүштү. Азыркы учурда абал туруктуу.   Кызыл-Кыя индустриалдык педагогикалык колледжинин 3-курсунун студенти Сонунгүл Рахманова: …

Эки айылдын жашоочулары Кызыл-Кыяга баруучу жолду кеңейтүүдө

Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн 1973-жылы туулган айыл тургундары жана жаштары биргеликте Кызыл-Кыя шаарына кеткен жолдун бөлүгүн кеңейтүү ишин башташты.

Кулатов айылында мектептер аралык Тамашоу өткөрүлдү

Кулатов айылында мектептер аралык «Эр достугу эгиз, эл достугу деңиз» аттуу тамашоу өткөрүлдү. Жалпы 7 команда катышты. Жаштардын ынтымагын, достугун бекемдөө максатында өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө 3 орун берилип грамоталар менен сыйланышты.

Кулатов: Ооруну алдын-алууга жергиликтүү бюджеттен 100 мин сом бөлүнөт

Кулатов айылында омикрон штамы менен ооругандар көбөйүп жатат. Алардын көпчүлүгү үй шартында дарыланып жатат. Айылда вакцинациянын 3 түрүн алуу жүргүзүлүп жатат. Быйылкы жылы оорунун алдын алуу максатында жергиликтүү бюджеттен 100 …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...