Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебинин 10-классынын окуучулары айылдык усталарга барып, алардын жасаган иштери менен кенен таанышып келишти.
Бусурман Шаршенбеков Баетов айылындагы Э.Карасартов орто мектебинде 9-класста окуйт. Жаш ойлоп табуучулардын райондук сынагында күн нурунан энергия ала турган жабдыкты калпакка жабыштырып, зарядоочу каражат ойлоп тапкан.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде «Жаш таланттар ийрими» иш алып барып келет. Жаш болсо дагы жакшы чыгармаларды жаратып келген ийримдин жаш акындары менен баарлаштык.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан «Алина» кондитердик ишканасы көп жылдан бери иш алып барып келет. Ишкананын технологу Дилдекан Кожокеева кондитердик продукциялары кеңейгендигин билдирди.
Лейлек районундагы Искра айылынын тургуну Кыдыр Тойчубаев 2016-жылдын октябрь айынан бери күнөсканада чарбачылык кылып, эмгектенип келет. Учурда күнөсканага ал көк чөптөрдү өстүрүп, кардарларга сатып, эмгегинин үзүрүн көрүүдө.
Түп районуна караштуу Токтоян айылынын тургуну Мирлан Абдыжакыпов ат жабдыктарын жасап келет. Учурда ал кыргыз ээрлерин жасоо менен алек болууда.
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын тургуну Бабабек Умурзаков 27 жылдан бери устачылык менен алектенип келет. Уста темирден жана жыгачтан үй эмеректерин жасайт.
Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы окуучулар өрмө өрүп жатышат. Алар футбол дарбазасына тор токуганга да жетишкен.
Түп районуна караштуу Токтоян айылында өнөрлүү кыз-келиндер көп. Алардын бири курак курап, сокмочулук менен алектенген Гүлмира Бакашова.
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында бир эле ветеринар бар. Ал 24 жылдан бери айыл тургундарынын мал жандыктарын дарылап келаткан Айипбек Жороев.
Учурда мугалим, болгондо да жетекчи болуу түйшүгүн бардыгы эле көтөрө бербейт. Бардык укук окуучуга берилип, ошого жараша психологиясы да оорлоп, өзгөрүп, милдетин эмес укугун мыкты билип турган учурда бир канча …
Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылында айнек бөтөлкөдөн салынган мончо иштей баштады. Мончого жалпы 18 миң даана бөтөлкө кеткен. Сыртынан караганда кадимки кыштан жасалгандан эч айырмасы жок.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында алгачкы жолу кафе ачылды. Аны айыл тургуну Байыш Осмоналиев салган.
Нокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде мугалимдер арасында «Мыкты мугалим» сынагы болуп өттү. Сынакка катышкан 11 жаш мугалимдин арасынан Гүлзат Алимбаева жеңүүчү деп табылды.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде жаштар арасында «Ата-энеме» аттуу концерттин бет ачаары болду. Концертти ушул мектепте окуп кеткен, учурда Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан Элнур Абибилла уулу …
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын жаш тургундары Тилек Чыңгызов жана Байэл Кадыралиевдер кардан автомашина жасашты. Машинанын айкелин алар 20 күндө жасап бүтүшкөн.
Токтогул районунуа караштуу Чоң-Арык айылында кол өнөрчү, усталардын бири Турусбек Жусупбеков. Ал ээр чаап, күрөк, комуз жасайт.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургуну Сыргабек Тиленбаев белгисиз бирөөнүн малын чөөлөр талап жеп жаткан жеринен таап, чөөлөрдүн бирин тирүү кармап алган.
Табрис Оторов деген ысым учурунда акталаалыктарга эле эмес, өлкөбүзгө белгилүү болгон эле. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин эки жолку депутаты, “Эмгек Кызыл Туу”, “Эмгектеги Каармандыгы үчүн” медалдарынын ээси Оторов 1924-жылы 10-декабрда …
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Сулайман Эминов ат жабдыктарын жасайт. Бул иш менен алектене баштаганына үч жылдай убакыт болду.