Ноокат районунун Арбын айылынын Арбын орто мектебинде «Балаты 2017» сынагы болуп, ага 6-11-класстардын окуучулары катышты. Баш байгени 8-класстар алып кетишти.
Талас облустук футболдук мелдеши Бакай-Ата айылында өттү. Анда жалпы төрт курама команда күч сынашты.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында жаңы тогуз депутат шайланды. Алар 18 талапкердин арасынан тандалып алынды.
Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас орто мектебинин жогорку класстагы окуучуларынын жаңы жылдык кечеси 28-декабрь күнү болуп өттү.
Талас облусуна караштуу Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинде 27-декабрь күнү башталгыч класстын окуучулары үчүн жаңы жылдык майрам болуп өттү.
Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинде 26-декабрдан тарта жаңы жылдык балаты кечеси өтө баштады. Балаты майрамы 29-декабрда 11-класстардын кечесинен соң жыйынтыкталмакчы.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинин 1-класстан 4-класска чейинки мектеп окуучулары «Жаңы жылдык майрамды» өткөрүштү. Ага окуучулардын ата-энелери, мугалимдер жана жогорку класстын окуучулары күбө болушту.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда быйыл биринчи ирет айымдар үчүн “Апалардан ак бата” аттуу жаңы жылдык “Көгүлтүр от” болду.
Жаңы жылга карата Ак-Талаа районунда бир катар ветеринарларга сыйлыктар тапшырылды. Сыйлык тапшыруу салтанатына райондук акимдин орун басары А.Сулайманов, фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы Д.Күйкеев, айылдардагы ветадистер жана ардагерлер катышты.
2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Талаа районунун аймагында 15 өрт кырсыгы катталган. Ал эми былтыр болсо жыл ичинде он өрт кырсыгы болгон.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык тармак боюнча акимдин орун басары Ж.Мамбетова өтүп бараткан жылдагы жасалган иштер тууралуу бизге маек курду.
Лейлек районунун Исфана шаарындагы Гагарин орто мектебинде райондук деңгээлде “Өнөктөштүк ийгиликтин ачкычы” деген темада тегерек стол болуп өттү. Бул жыйында Сумбула айыл аймагындагы Манас атындагы орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган …
Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинде форум театр өткөрүлдү. Бул аркылуу окуучулар коомдогу ар кандай көйгөйлөрдү сахналаштырып көрсөтөт.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында 11-декабрь күнү жергиликтүү кеңештин депутаттаын шайлоо болуп, жыйынтыгында он адам депутаттык мандатка ээ болду. Учкундун тургундары жаңы депутаттардын кандай иштерди аткарышын каалары тууралуу сурамжылоо жүргүзүп …
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагындагы 80-28 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана элдик добуш берүү ийгиликтүү өттү. 1242 шайлоочудан 433 шайлоочу келди.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы өтө жакыр, майып жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жыл сайын гуманитардык жардам берилчү. Соңку он жылдан бери мындай жардамдар эмне үчүн көрсөтүлбөгөндүгү туурасында айыл башчысы Касымакун …
Ак-Талаа районундагы Орто-Сырт жайлоосунан мал издеп кеткен эки тургундун биринин сөөгү табылып, жайына коюлган болчу.
Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында саат 12.00дө Ак-Талаа РИИБнө Терек айылынын тургуну 1961-жылы Жусубакунов Исамамбет «МЭЛС ашуусунун Уу-Өтөк кыясында адамдын жансыз денеси жатат, тоңуп калыптыр» деп билдирүү берген. Мындан соң Ак-Талаа РИИБнүн …
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде ата-энелер чогулушу болуп өттү. Ал чогулушта окуучулардын көйгөйлөрү жөнүндө сөз болду.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында 2016-жылдын 11-декабрында өтө турган жергиликтү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдумга карата бардык шайлоо участкалары даяр. Бул туурасында Үч-Коргон айыл өкмөт башчысынын орун басары Мастура Камбарова билдирди.