Түп районуна караштуу Тасма айылында ыр кесе майрамы уюшулабы, деген суроого жергиликтүү бийликтен жооп издедик. Жергиликтүү бийликтин ыр кесе майрамын уюштуруучусу Динара Сыдыкова менен маек курдук.
Сумбулада жөлөкпул алуучулардын саны жылдан жылга азаюуда. Бул тууралуу айыл өкмөттүн социалдык кызматкери Кутмат Убайдуллаев билдирди. Айтымында, жөлөкпул алуучулардын санынын азайганынын себеби элдин жашоо шарты жакшы нукка өзгөргөнү менен байланыштуу.
Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде көпкө күттүргөн күзгү бал 9-10-11-класстар арасында болуп өттү. Балдын кандай өткөндүгүн бул макалада баяндоого аракет кылабыз.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоо жана референдумга карата даярдыктар жүрүүдө. Бул боюнча Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында даярдыктардын жүрүшү боюнча айыл өкмөттүн кызматкери Абдираим Жороев менен маек курдук.
Быйыл Учкун айылынын тургуну Анипа Баймурзаева 105 жашка чыкты. 100дөн ашкан айылда бир гана жашоочу бар. Анипа апа 10 баланын, 68 неберенин, 130дан ашуун чөбөрөнүн энеси.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында 2016-жылы айыл чарба участкасы уюштурулуп, ал жакка окуучулар көптөгөн көчөттөрдү отургузушкан. Учурда окуучулар көчөттөрдү кышка даярдап, жылуулап, азыгын камдап жаткан кези.
Кызыл-Кыяда жаштар күнүнө карата мэрия тарабынан шаардагы окуу жайларда билим алган студенттер үчүн экскурсия уюштурулду.
Нарын районунун Учкун айылынын мурунку башчысы Касымакун Мамырбаев бир жылдык тыныгуудан соң 10-ноябрда кайрадан өз кызматына келди. Жаңы айыл башчы менен келечектеги пландары, аткара турган иштери тууралуу маек курдук.
Тоголок Молдо айылынын мугалимдери Ак-Талаа районуна волейбол боюнча барып 1-орунду камсыз кылышты. Мелдештен аталган айылдагы Жоробек Сатылганов орто мектебинин мугалимдери кубок менен кайтып келишти.
Үч-Коргондо жайгашкан Достук клубунда «Кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыштуулакка каршы» деген аталышта форум театр өткөрүлүп, анда Үч-Коргондогу беш мектептин окуучулары катышты.
Кыргыз милициясына быйыл 1-ноябрда 92 жыл болду. Мына ушул датага байланыштуу Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти.
Муса Баетов атындагы орто мектебинде “Күз берекеси” жумалыгы жыйынынтыкталды. Анда окуучулар менен ата-энелер да жигердүү катышты.
Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас атындагы орто мектебинде рэкетчиликти жоюу боюнча талкуу болду. Ага Сумбула айыл аймагындагы мектепердин мугалимдери жана окуучулары катышты.
Ак-Талаа районунун 80 жылдыгына арналган мааракенин расмий бөлүгүнөн кийин оюн-зоок “Адилет” паркында уланды.
Баткен согушунун 17 жылдыгына карата Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде ок атуу боюнча 9-11-класстар арасында мелдеш болуп өттү. Мелдеште Баткен согушунун ардагерлери калыстык кылып, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды.
Кыргызтандын аймагында өнүккөн айылдар өтө эле аз. Албетте, өнүккөн айылдардын катарын толуктоо үчүн айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү калктын салымы чоң.
26-октябрь Баткен коогалаңынын ардагерлер күнү белгиленип келе жатат. Бул датага байланыштуу Баетов айылында Афган жана Баткен согушунун ардагерлерине арналган айкел тургузулду.
Суусамыр айылындагы жетим-жесир, кары-картаңдарга жана аз камсыз үй-бүлөлөргө тамак-аш жана көмүр түрүндө жардам көрсөтүлдү.
Ак-Талаа району 1936-жылга чейин Тогуз-Тороо району менен биригип, Тогуз-Булак району деп аталып, райондун борбору Дөрбөлжүн айылы болгон. Райондо Ак-Талаа, Тогуз-Тороо, Мыкаачы айылдык кеңештери түзүлгөн.
Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде областык деңгээлде семинар болду. Ага Нарын областындагы беш райондун мугалимдери келип катышышты. Семинарга катышчу меймандарды тозуп алып жаткан кез.Бул семинар боюнча Нарын районунун билим берүү …