Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Спорт

Мекеме-ишканалар арасында спорттук мелдеш өттү

Ак-Талаа районунда «Бүткүл Дүйнөлүк ден-соолук күнүнө” карата райондук мамлекеттик администрациясы, Жалпы дарыгерлер практикалык бөлүмү жана райондук спорт инструктору менен биргеликте мекеме-ишканаларда эмгектеген кызматкерлер арасында «Ден соолук бардыгы үчүн» деп аталган …

17 Апрель 2023 жыл 15:28

Түп: Кыз-келиндер арасында волейбол жана баскетбол машыгуулары өтүүдө

Тасма айылында кыз-келиндер арасында волейбол жана баскетбол боюнча машыгуу жүрүп жатат. Бул машыгууга 35-50 жаш курактагы айымдар катышууда. Максаты ден соолукту чыңдоо, сергек жашоого элеттик айымдардын үндөө болуп саналат.

10 Апрель 2023 жыл 16:27

Соң-Көл: Окуучулар спортзалдын ачылышын чыдамсыздык менен күтүүдө

«Соң-Көл» орто мектебинде 300кө чукул окуучу билим алат. Билим  уясы заман талабына ылайыктуу жаңы техникалар менен жабдылып жатат, бирок  окуучулар суукка карабай сыртта дене тарбия сабагын көңүлдүү өткөрүшөт. Ал эми  …

7 Апрель 2023 жыл 12:06

Футзал боюнча машыктыруучулардын окуусу болду

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу «Восточный » айылындагы орто мектептин дене-тарбия сабагынын мугалими  Иван Иванов Бишкек шаарында өткөрүлгөн футзал боюнча АФКнын дарбазачы машыктыруучусунун 1-деңгээлдеги сертификат курсуна катышты.

7 Апрель 2023 жыл 11:54

Кочкордо 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнү белгиленди

Бүгүн  «Сейил» паркында Кочкор райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин, райондук Маданият үйүнүн жана Кочкор айыл өкмөтүнүн демилгеси менен бардык мамлекеттик мекемелер арасында спорттук мелдештер уюштурулду.

7 Апрель 2023 жыл 11:48

Сүрөтбаян: Ат жалындагы жигиттер

Төлөк айылында Көк бөрү оюну көп жылдардан бери ойнолуп келет, бул ирет курама топту жаңыртуу максатында улуттук оюн жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

28 Март 2023 жыл 10:49

Дүйнө чемпионун өстүргөн чоң эне

Чүй облусуна караштуу Октябрское айылындагы Байтик Канай уулу атындагы орто мектептин окуучусу Аманат Агибаев Таиландда өткөн тай боксу боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын медальдын ээси болду.

24 Март 2023 жыл 15:13

У.Самудиновдун жаркын элесине арналган турнир өттү

19- мартта Кочкор районундагы Кара- Суу айылында жайгашкан «Ж.Саралаев» атындагы спорт комплексинде Урусланбек Самудиновдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча турнир болуп өттү. Турнирге 35 жаштан 50 жашка чейинки жарандар катышып, …

20 Март 2023 жыл 20:43

Спорттук мелдеш айымдарга дем-күч берет

Жыл сайын 8-мартка карата Тогуз-Торо райондук деңгээлде айымдар арасында волейбол оюну өткөрүлөт. Уюштурулуп келген спорттук иш-чарага 5 айыл аймактан 21 команда түзүлгөн. Сары- Булуң айыл аймагынан атайын топ түзүп оюнга …

11 Март 2023 жыл 13:48

Суусамыр: Дени сак айым

Суусамыр айылында эл аралык аялдар күнүнө карата Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде спорттук беттеш болуп өттү. Иш чара алгач мектеп окуучуларынын атайын даярдалган концерти менен башталды. Таймашта Суусамыр айылынын …

9 Март 2023 жыл 15:29

Жогорку зонанын окуучулары волейбол мелдешине катышышты

Сокулук районунун Орок орто мектебинде жогорку зонадагы мектептердин окуучулар арасында 3-март 2023-жылы балдар жана кыздар командаларынын волейбол боюнча мелдеши болуп өттү. Мелдешке жалпысынан 8 мектептин окуучулары катышып, Рустамбек Мамыралиев атындагы …

4 Март 2023 жыл 13:41

Казан-Куйган: «Азия балдары» чемпионатына жолдомо алган окуучулар

Кыргызстандын лыжа жарышы жана тоо лыжасы боюнча курама командасы «Азия балдары» кышкы спорт оюндарынын алкагында «Олимпке карай жол» билим берүү программасына катышты.

27 Февраль 2023 жыл 15:29

Балыкчы шаарынын мугалимдери волейбол боюнча таймашты

2023-жылдын 25-февралында Балыкчы шаарында волейбол оюну боюнча турнир болуп өттү. Бул иш-чара «Дене тарбиянын мыктысы» төш белгисинин ээси Жумабек Сагынбаев Асековичтин жаркын элесине арналып, Ч.Айтматов атындагы №5 жалпы орто билим …

27 Февраль 2023 жыл 9:48

Суусамыр: Мугалимдер арасында спорттук таймаш

23-февраль Улуу Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде Кадырбек Конушбаевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча спорттук таймаш болуп өттү.

25 Февраль 2023 жыл 16:53

Кочкордо Нарын облусунун мугалимдерин эмоционалдык жана психологиялык жактан колдоо үчүн фитнес борбор ачылды

Кочкор айылында «Мугалим − улут келечеги» долбоорунун алкагында кыздар жана аялдар үчүн жаңы фитнес борбор ачылды.

17 Февраль 2023 жыл 14:54

Мектепте шахмат боюнча тандоо туру өттү

10- февралда Сокулук районундагы Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында шахмат боюнча 4 зонанын тандоо туру өткөрүлүп, ага райондогу 5 мектептин окуучулары катышты. Тандалып алынган окуучулар райондук шахмат турнирине катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Жалпы 5 …

11 Февраль 2023 жыл 17:06

Акталаада жаңы спорт зал пайдаланууга берилди

Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында жети жылдан бери курулушу токтоп турган спорт зал бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Анын ачылышы аземине айыл аксакалдары, жаштар, тургундар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ЖКнын депутаттары Мурадил Сыдыков жана …

30 Январь 2023 жыл 13:51

Акталаада эл өкүлүнө «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды

Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын чечими менен КРнын ЖКнин депутаты Мурадил Сыдыковго “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылды. Кеңештин төрайымы Гүлбарчын Самибаева айылдагы спорт залдын курулушу менен айыл элин куттуктады.

30 Январь 2023 жыл 10:51

Кочкордо NAGA-ГРЭППЛИНГ боюнча Республикалык турнир өттү

Кочкор районундагы Кара-Суу айылында жайгашкан «Ж.Саралаев» атындагы спорт комплексинде СССРдин Эл агартуусунун отличниги Нурдин Токтогоновдун жаркын элесине арналган NAGA-ГРЭППЛИНГ боюнча Республикалык ачык турнир болуп өттү.

22 Январь 2023 жыл 20:54

Райондук мектеп лигасы старт алды

10 – январда Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылында “Мектеп лигасынын” кыздар командасынын райондук оюну башталды. Оюн эки тайпага бөлүүнү менен өттү. Ар бир тайпада 9 дан оюн командасы катышты.

12 Январь 2023 жыл 12:57
Шейшемби
4 Баш оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...