Ак-Талаа районундагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов балдар дүйнөсүндө” аттуу театралдык фестиваль-сынагынын райондук туру өткөрүлгөн. Аталган фестивалга райондогу мектептерден 13 жана балдар билим берүү …
Нарын районуна караштуу Учкун айылында Чоро Кожомжаров маданият үйү капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Маданият үйүнүн ачылышы 15 -ноябрь күнү болуп өттү.
Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине колдоо иретинде 10 млн. сомдон акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнүп берилди. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Жусупжановдун маалыматына караганда бул каражат …
Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде студенттер арасында жыл сайын өтүлүүчү “Алтын күз” майрамы уюштурулду.
Жарманке 22-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Баткен JIA бизнес ассоциациясы, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, Германия Өкмөтүнүн эл аралык …
22-ноябрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Баглан айылында жаңы фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП) ачылышы болду.
19-ноябрда Ара-Көл айылынын мектебинде илимий конференция болуп өттү. Анда келечекте Чолпон айылына кайрылган жер менен айыл мүрзөсүнүн ортосундагы 20 гектер жерге тарыхый этнографиялык маданий комплекси куруу боюнча талкуу болду.
Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылында суу өзгөчө көп пайдаланган жай мезгилдеринде таза суу таңсыктыгы жаралып келет. Себеби, айылдын төмөн жагындагы тургундар таза сууну көп пайдаланган учурларда …
Ак-Талаа райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда “вакциналык кампасын» куруу иштери аяктады. Кампанын курулуш иштери Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып, “COVID-19 илдетине чукул чара көрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.
Абдулла Качыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Ырыс алды ынтымак» аттуу эже-агайлар арасында спорттук мелдеш уюштурулду.
Кызыл-Кыя шаарындагы №70 кесиптик лицейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы жана «Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун аткаруу бөлүмүнүн менеджери келип таанышып чыкты.
Чүйдөгү №43-кесиптик лицейде «ашпозчу» кесибинин устаты Сезим Алтымыш кызы Корея ашканасынын тамактарын жасап үйрөнүүдө. Ал Кореядан келген ашпозчу Енгми Муундан өзүнүн окуучулары менен кошо Корея тамактарын бирге даярдашат.
Кочкор районунун Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебинде, башталгыч класстар үчүн ысык тамак бериле башталды. Ысык тамак берилүү демилгесин «MERCY CORPS» компаниясы камсыздап жана 4 күнүн мамлекет, 1 күнүн ата-энелер …
17-ноябрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде тарых сабагынан райондук деңгээлде семинар болуп өттү. Семинарга жалпысынан 80ден ашуун мугалимдер катышты.
Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейде «Аскерге чейинки даярдык» сабагы башкача формада өтүлүүдө. Кесиптик лицейдин «Аскерге чейинки даярдык» сабагынын мугалими Узакбай Исмаилов сабак өтүүдө окуучуларды айыл аймагында жайгашкан, Кайтаруу жана …
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде жана «ашпозчу» кесибинде окуган тайпалар арасында “Мыкты ашпозчу” таймашы болуп өттү. Бул кароо-таймаш лицейдеги 1-2-3-курстар арасында өткөрүлдү. Буга чейин «Мыкты-ашпозчу» кароо-таймашынын 1-туру өткөрүлүп, …
Ак -Талаа районунда таймаш аркылуу окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу, ынтымагын бекемдөө максатында «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну уюштурулуп, ага алты мектептин 7-классынын окуучулары катышты. Бул оюн Кыргыз радиосу жана райондук …
№43-кесиптик лицейде «Коопсуз-лицей» иш чарасы старт алды. Кесиптик лицей-окуучулардын убактысынын көбүн өткөрө турган жер, ошондуктан ал белгилүү талаптарга жооп бергендей болушу керек. Кесиптик лицей -кесипке үйрөтүп, сабак өтө турган имарат …
Сокулук районунда жайгашкан Жаңы-Жер айылында жайгашкан жамааттык мультимедиа борбору 2017-жылдан бери ишмердүүлүгүн жургүзүүдө. Ар жылы мультимедиа борборунун ишин жакшыртуу максатында Жаматтык ЖМКлар Бирлигинин колдоосунда тренингдер өткөрүлүп турат. 19-20-октябрда жаңылык жазуунун …
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын борбордук көчөсүндөгү унаа жол жээгинин тилкесинде тротуар жасоо жол жумуштары аяктап калды. Айылдын борбордук көчөсүндө курулуп жаткан тротуар, Сокулук райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосунда ишке ашырылууда.