Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Темалар

Баетовдо мектеп сулуусу аныкталды

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде кыздар уюмунун уюштуруусу менен “Мектеп сулуусу-2016” сынагы өттү. Ага 8-11-класстын кыздары катышып, 1-орунду Адина Карыбекова алды.

5 Декабрь 2016 жыл 15:26

Баетовдо СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата кыз-келиндер арасында спорттук мелдеш өттү

Баетов айылында 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата кыз-келиндер арасында спорттун волейбол жана стол тенниси боюнча мелдештер өттү.

5 Декабрь 2016 жыл 15:00

Баетовдо кыз-келиндер арасында спорттук мелдеш мезгилдүү өтөт

Ак-Талаа районунун Баетов айылында бир канча мекеме-ишканаларда иштеген кыз-келиндер арасында спорттун түрлөрү боюнча мелдештер мындан ары айына бир ирет мезгилдүү өтүп турат.

5 Декабрь 2016 жыл 14:50

Андаракта мектептин от казаны оңдоп-түзөөдөн өттү

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндөгү Манас атындагы орто мектебинде жаралган жылуулук көйгөйү чечилди. Учурда мектептин жылыткыч от казаны иштеп, класстар жылуу болуп калды..

5 Декабрь 2016 жыл 12:45

Майыптар күнүнө карата Ооган-Талаада мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам көрсөтүлдү

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы «Ооган-талаа» тобу майыптар күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам баштыгын таратты.

3 Декабрь 2016 жыл 16:34

Баетовдо мүмкүнчүлүгү чектелгендердин кароо сынагы болуп өттү

Ак-Талаа райондук маданият үйүндө “3-декабрь Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо, коргоо күнүнө” карата “Биз силер менен биргебиз” аттуу кароо сынак болуп өттү.

3 Декабрь 2016 жыл 14:39

Сүрөт: Кызыл-Булакта СПИДге каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы Айбашев мектебинде айылдык дарыгерлердин катышуусу менен СПИД оорусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

2 Декабрь 2016 жыл 19:06

Арбында кайрымдуулук марафону болду

Ноокат районунун Арбын айылында кайрымдуулук марафону болуп өттү. Марафонго окуучулар, мугалимдер катышты.

2 Декабрь 2016 жыл 14:08

Арбында СПИДге каршы иш-чара болуп өттү

Ноокат районунун Арбын айылындагы Арбын орто мектебинде бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Ага 10-11-класстын окуучулары катышышты.

2 Декабрь 2016 жыл 13:11

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо кандай жүрөт?

Жакында 2016-жылдын 11-декабрында Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №2229 шайлоо участогунун шайлоо коммиссиясынын төрагасы Сүйүнтбек Нургазиев менен бул тууралуу маек курдук.

2 Декабрь 2016 жыл 12:54

Куу-Майданда кылмыштуулукка каршы сынак өттү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде кылмыштуулукка каршы «Биз мекенчил жаштарбыз» аттуу сынак болуп өттү. Ага 9-а жана 9-б класстарынын окуучулары катышты.

2 Декабрь 2016 жыл 11:24

Кара-Чийде “Дүйнөлүк СПИДге каршы күнүнө” карата жөө жүрүш өткөрүлдү

Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинин 8-9-10-11-класстын окуучулары жана мугалимдери 1-декабрь “Дүйнөлүк СПИДке каршы күнүнө” карата “СПИДсиз келечекке жаркын жашоо” деген ураанда жөө жүрүш өткөрүштү.

1 Декабрь 2016 жыл 23:13

Куу-Майданда «Дүйнөлүк СПИД күнүнө» карата ачык саат өтүлдү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде «1-декабрь Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө» карата ачык сабак өтүлдү.

1 Декабрь 2016 жыл 22:02

Кара-Чийде «Чыңгыз Айтматовдун руханий байлыктарынан» аттуу адабий кече болуп өттү

2016-жылдын 26-ноябрында, Кызыл-Жылдыз айылынын М. Иманалиев атындагы орто мектебинде 11-класстын окуучулары жана кыргыз тили мугалими Айсулуу Мустапаеванын уюштуруусунда “Чыңгыз Айтматовдун руханий байлыктарынан” аттуу адабий кече болду.

1 Декабрь 2016 жыл 21:51

Терек-Сууда дарыгерлердин катышуусунда тегерек стол болуп өттү

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде “Тамеки өмүргө зыян” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Тергерек столго айылдагы №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери жана мектеп окуучулары …

1 Декабрь 2016 жыл 19:19

Маек: СПИД кылым душманы

1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусу менен күрөшүү күнү. Бул боюнча Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Калия Дөөлөтказиева менен маек курдук.

1 Декабрь 2016 жыл 19:15

Терек-Суу айылында сасык тумоо күч алууда

Токтогул районунун Терек-Суу айылында сасык тумоо күч алууда. Айыл тургундарынын айтымында, бул илдетке жылда эле кабылышат, бирок, быйылкы жылы сасык тумоо илдетинин татаалырак түрү менен жабыркашкан.

1 Декабрь 2016 жыл 18:44

Учкунда мектеп жамааты жөө жүрүшкө чыкты

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинин мугалимдери жана окуучулары СПИД күнүнө карата жөө жүрүшкө чыгышты. Жүрүштө ар кандай плакаттарды көтөрүшүп, ураан-чакырыктар менен эки километрдей жол жүрүштү.

1 Декабрь 2016 жыл 15:03

Ооган-Талаада окуучулар олимпиадага даярданууда

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинде мугалимдер окуучуларын олимпиадага даяроодо. Айылдык деңгээлде жакшы ийгилик көрсөткөндөр райондук баскычка жолдомо алышат. Жаңыл Борбиева 13 жылдан бери ушул мектепте биология мугалими …

1 Декабрь 2016 жыл 14:34

Кызыл-Булак: Мектепте сасык тумоо күч алууда

Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы Айбашев орто мектебиндеги окуучулардын 30 пайызы сасык тумоонун айынан сабакка келбей жатышат.

30 Ноябрь 2016 жыл 23:01

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...