Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Темалар

Чүйдө жаңы жамааттык мультимедиа борбору ачылды

Жайыл районунун Ставрополовка айылында «Ак кептер» жамааттык мультимедиа борборунун филиалы ачылды.

30 Декабрь 2016 жыл 18:12

Сумбула айыл аймагындагы мектептерде сабактар 9:00дө башталмакчы

Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүндөгү мектептерде окуу убактысы 08:30дан 09:00гө жылдырылды. Буга күндүн кыскарышы себеп болгон.

30 Декабрь 2016 жыл 15:49

«Ак кептер» мультимедиа борбору жыл жыйынтыгын чыгарды

Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы «Ак кептер» жамааттык мультимедиа борбору (ЖМБ) жыл жыйынтыгын чыгарды. Борбордун активдүү кабарчыларына грамоталар жана бирдик карточкалары тапшырылды.

29 Декабрь 2016 жыл 17:13

Андаракта жаңы жылдык кечелер аяктады

Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас орто мектебинин жогорку класстагы окуучуларынын жаңы жылдык кечеси 28-декабрь күнү болуп өттү.

28 Декабрь 2016 жыл 16:06

Учкунда муз аянтчасы ачылды

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын 18 жаштагы тургуну Чынгызбек Исмайилов айыл тургундарына чакан муз тебүүчү аянтчанын сезонун ачты. 

28 Декабрь 2016 жыл 10:52

Андаракта мектеп директору окуучулар менен биргеликте жыйын өткөрдү

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндөгү Манас орто мектебинде 3-класстан 9-класска чейинки окуучуларга жардыргыч заттарды колдонбоону эскертүү максатында жыйын өткөрүлдү. Жыйында мектептин директору жана соцпедагогу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

27 Декабрь 2016 жыл 18:51

Андаракта жаңы жылдык лоторея ойнотулду

Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы Манас орто мектебинин 9-классынын окуучулары лоторея оюунун уюштурду. Лотореяда смартфон, коёндор жана башка жаңы жылдык белектер ойнотулду.

27 Декабрь 2016 жыл 18:43

Бакай-Атада балдардын жаңы жылдык майрамы болду

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинде 27-декабрь күнү башталгыч класстын окуучулары үчүн жаңы жылдык майрам болуп өттү. 

27 Декабрь 2016 жыл 17:25

Учкунда жогорку класстардын жаңы жылдык балаты майрамы башталды

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинде 26-декабрдан тарта жаңы жылдык балаты кечеси өтө баштады. Балаты майрамы 29-декабрда 11-класстардын кечесинен соң жыйынтыкталмакчы.

27 Декабрь 2016 жыл 11:46

Сүрөт баян: Учкунда башталгыч класстардын балаты майрамы болду

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинин 1-класстан 4-класска чейинки мектеп окуучулары «Жаңы жылдык майрамды» өткөрүштү. Ага окуучулардын ата-энелери, мугалимдер жана жогорку класстын окуучулары күбө болушту.

26 Декабрь 2016 жыл 23:04

Сүрөт баян: Баетовдо жалаң айымдар үчүн жаңы жылдык кече уюштурулду

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда быйыл биринчи ирет айымдар үчүн “Апалардан ак бата” аттуу жаңы жылдык “Көгүлтүр от” болду.

26 Декабрь 2016 жыл 20:37

«Бакай-Ата ФМ» маалымат бюллетени жарык көрдү

Талас облусундагы Бакай-Ата айылында «Бакай-Ата ФМ» жааматтык маалымат бюллетени басылып чыгып, тургундарга айылдын жаңылыктары дагы да жеткиликтүү болуп калды. Бул боюнча бюллетенди чыгарып жаткан Бакай-Ата FM жамааттык радиосунун жетекчиси Дамир …

26 Декабрь 2016 жыл 15:06

Бакай-Ата: Күнөскана өз жемишин берүүдө

Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинин башталгыч классынын окуучулары мектепте салынган күнөсканада өстүрүлгөн жемиштер менен азыктана башташты. Буга чейин атайын долбоордун негизинде мектептин базасында күнөскана ачылган болчу.

26 Декабрь 2016 жыл 12:23

Куланакта волейбол мелдеши болуп өттү

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 25-декабрь күнү волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешти айылдын «Аккулан» жаштар уюму демөөрчү болуп уюштурду.

25 Декабрь 2016 жыл 15:45

Лейлек жергесинде күрөш өнүгүүдө

Лейлек районунун Раззаков айылында 24-декарбь күнү райондук деңгээлдеги күрөш мелдеши болуп өттү. Күрөшкө райондун ар кайсы айылдарынан балбандар келип, өздөрүнүн күчүн сынашты.

25 Декабрь 2016 жыл 10:18

Куу-Майданда Үркүнгө карата иш-чара болуп өттү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү.

24 Декабрь 2016 жыл 20:39

Чоң-Тогузбайда Үркүн тасмасы коюлду

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде Үркүндүн 100 жылдыгына карата тасма коюлду.

24 Декабрь 2016 жыл 20:29

Учкун: Шырдак жасап Германия менен кызматташкан ишкер айым

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тугуну кийзиден ар кандай буюмдарды жасайт. Долбоор менен аялдарды окутуп, акысына азык-түлүк жана акча төлөп берет. Учурда Германиядан буйрутма келип, аны менен алек.

24 Декабрь 2016 жыл 13:56

Лейлектин чемпиону аталган короз Андаракта

Лейлек районуна караштуу Искра айылынын тургуну Эрмек Бабакулов эки жылдан бери короз багып келет. Анын корозу 12-ноябрда өткөн короз урушта район чемпиону болду. 

23 Декабрь 2016 жыл 19:12

Ак-Талаа районунда 2016-жылы кандай иштер жасалды?

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык тармак боюнча акимдин орун басары Ж.Мамбетова өтүп бараткан жылдагы жасалган иштер тууралуу бизге маек курду.

22 Декабрь 2016 жыл 20:22
Шейшемби
22 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...