Бакай-Атадагы №1 Ленин орто мектебинин акыркы коңгуроо аземи кадимкидей эле оюн-зоок менен коштолду. Бүтүрүүчүлөр концерт коюп, 1-класстын окуучулары аларды узатып, ыр дестелерин тартуулашты.
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебиндеги Акыркы коңгуроо салтанатына мектепти 1995-1996-окуу жылында бүтүп кеткендер да катышты. Өз сөздөрүндө окуп кеткен мектебине, билим-тарбия берген мугалимдерине ыраазычылык билдиришти.
Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат өзгөчө маанай менен башталды. Мектеп директору Ч. Рысбаеванын расмий сөзүнөн кийин 20 жана 10 жыл мурда бүтүп кеткен ага-эжелердин атынан Коңгуроо добушу …
Бакай-Ата айылында Добр менен Руслан Абыловдун концерти өттү. Бул концертти коштоп Бакай-Ата KG тамашоу командасы дагы катыша алышты.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде 27-май күнү акыркы коңгуроо салтанаты болду. Бүтүрүүчү класстардын алтын уядан учуп кетээр кези да келип жетти.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 27-май күнү акыркы коңгуроо аземи болуп ѳттү. Анда эӊ мыкты окуган окуучуларга мактоо баракчалары тапшырылып, демѳѳрчүлѳр тарабынан уюштурулган стипендиялар берилди.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнөн аскерге 13 бала кетти. Ден соолугуна байланыштуу эки бала пландан алынганын айтты аскерге каттоо кызматкеринин инспектору Абдираим Джораев.
Нарын районунун Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинин 11-класстагы окуучулары бири-биринен ашып, көптөгөн бурчтарды ойлоп табышууда. Бүгүн 11-б классынын окуучулары өздөрүнүн пенадан жасаган бурчун илишти.
Учкун айылында 2016-жылы мектепке кичи футбол аянтчасы курулат. Аны айылдагы депутаттар долбоор жазып, утуп алышкан.
Бакай-Ата айылынын футбол аянтында кыздар фистиваль болду. Ал фистивалда футбол спортуна кызыккан кыздар катышты. Көбү Бакай-Ата айылынын орто мектептеринен келишти.
Түп районунун Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебин мындан 20 жыл мурун бүтүп кеткендер башкаларга салыштырмалуу акчаларын пайдалуу коротушууда. Алар мектептеги окуучулардын камын ойлоп, окуучулар үчүн кол жуугучтарды белек кылышты.
Бүгүн 26.05.2016- жылы Сүлүктү шаары боюнча энелер майрамы белгиленди. Бул майрамга жаңыдан «Баатыр Эне» «Эне Даңкы» наамдарын алып жаткан энелер жана коомдук иштерде алдыңкы орунда жүргөн энелер чакырылып баалуу белектер …
Эшбай Токсобаев мектебинин отургучтары мектеп ишке берилгенден бери оңдоло элек болчу. Ошондуктан быйылкы бүтүрүүчүлөр сынган, эскирген отургучтардын ордуна жаңы отургучтарды орнотуп берүүнү чечкен.
Учурда Тасма айылында эле чүкө оюндары көп ойноло баштады. Аны айылдын кичинекей эле эмес, чоңдору да ойношууда.
Түп районунун Тасма айылынында жардамга муктаж болгон үч тубаса майып балдарды чоңойтуп келе жаткан үй-бүлөгө ”Human Appeal International” кайрымдуулук фонду тарабынан жардамдар көрсөтүлдү.
Үч-Коргон айылындагы ишкерлер доллар курсунун өзгөрүүсү айыл тургундарына бир топ кыйынчылыктарды жаратканын айтышат. Бул боюнча ишкер айым Инобат Тешебаева менен маектештик.
Ноокат районундагы Кызыл-Булак айылында жайгашкан Айбашев орто мектебинин окуучусу Жаркынай Оморбекова 7-классынан бери ыр жазып келет. Анын ыр жазганына ички сезими, жаратылыштын кооздугу, өчпөс чындык түрткү болгонун айтат.
Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев мектебинин оюн аянтчасынын абалы начар деп билдиришүүдө. Мурда оюн аянты талапка жооп бербеген жерге жасалганы айтылууда.
Куу-Майдан айылынын тургундары «таштандылар көбөйүп, балдарыбыз ойноп оору жугузуп жатат» дешет. Бул маселе тууралу биз айыл башчы Абдүрөшүт Кадырбайев менен маек курдук.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары өкмөткө барып көчө театр коюп беришти. Көчө театры «Зордук зомбулукка жол жок» деп аталды.