Бакай-Ата районунун жашоочуларынын китепке болгон кызыгуусу аз. Бул тууралуу китепкананын кызматкерлери айтып өттү.
Учкунда өткөн “Айыл ажары 2016” өрөөндүк сынагында Бурулча Сынжыбекова жеңүүчү аталган. Аталган сынактын райондук баскычына катышып Республикага жолдомо алган Бурулча менен маек курдук.
Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айканыш Адил кызы 5-классынан бери ыр жазат. Айканыштын азыркы убакта 40тан ашуун ырлары бар.
Куланак айылынан чыккан чыгаан инсандар көп. Алардын катарында врач Жеңиш Султанова дагы бар.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеби 2010-жылы ишке берилген. Бирок 4 жылдан бери окуучулар спорт аянтчасынын жоктугунан баткакта ойношууда.
Бакай-Ата айылынын маданият үйүнүндө Кыргызстандын эмгек сиңирген эл артистери 19-майда айыл тургундарына театралдык спектакль көрсөтүштү.
Нарын районунун Учкун айылындагы Чоро Кожомжаров маданият үйүндө Тыныбек Жапы уулунун 170 жылдыгына карата “Бабам Манас осуяты” аталышындагы өрөөндүк фестиваль 20-май күнү өттү. Бул уюшулуп жаткан иш-чаранын жеңүүчүсү жакында Миң-Булакта …
Лейлек районунун Андарак 1 орто мектебинде туура кесип тандоо боюнча тренинг өтүлүүдө. Аны Сухроб Эргашев алып барат.
Лейлек районуна караштуу Исфана шаарынын тургуну Камбаралы Турдубаев 40 жылдан бери кыргыз дөбөтүн сактап келет.
Бишкек шаарында 14-май күнү өткөрүлгөн Республикалык мектеп окуучулар арасындагы воллейболл боюнча 47-спартакиадасында Баткен облусу биринчиликти багынтты. Баткен облусунун курама командасында Андарак айылындагы Манас орто мектебинин эки окуучусу да бар.
Башталгыч класстар үчүн берилүүчү ысык тамак тууралуу ата-энелер жыйыны болуп өттү. Аталган иш-чарада башталгыч класстардын ата-энелерине бир жылдык отчёт берилди.
Кара-Чий айылындагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинде жемиш бактар тигилди. Билим берүү министирлиги тарабынан көмөкчү чарба түзүү максатында мектептин мугалимдери атайын окуудан өтүп келишкен. Ал окуудан топурактын составын,көчөт отургузуунун жана башка …
Кара-Чий айылындагы Сагипа Чечейбаева атындагы маданият үйүндө ушул жылдын 24-апрелинде «Тарых жана маданият» жылына карата Жусуп Баласагындын миң жылдыгына арналган «Куттуу билим жан дүйнөгө жакшылыктын үрөнүн өндүрөт» деген темада көркөм …
18-майда Э.Кендирбаев мектебинде президентти шайлоо куну болду. Мектеп окуучуларынын татыктуулары президентикке талапкер болушту. Шайлоо алдында талапкерлер өздөрүнүн программасы менен тааныштырып шайлоого чейинки алгачкы иштерди жасашты.
Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы Айбашев орто мектебинде Жаш өспүрүмдөр уюмунун 20 жылдыгы белгиленди. Мектептин мыкты окуучалары “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” кошундарына өтүшүштү.
Мектептин быйылкы 10 жылдыктары мектепке белек катары спорт залды өздөрү демилгелеп оңдоп түзөдү. Мектеп залына жаңы эшик салып, ичин толук сырдашты.
Коңорчок айылындагы Н. Жыргалбекова атындагы орто мектебиндеги ыр-бий ийриминин мүчөлөрү жаңы форма менен камсыз болушту.
Учкун мектебинде 30-апрель күнү Аскерге чейинки даярдоо сабагы боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке жалпы беш өрөөн катышып, ок атуу, саптык көнүгүүлөр жана даярдыктар, жеӊил атлетика жана башка түрлөр боюнча күч сынашышты.
Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов №18 орто мектебинин Жаштар ансамбли курулуп, алар көптөгөн ийгиликтерге жетишип келүүдө.
Кара-Суу айылынын бүтүрүүчү класстарды экзаменге кандай даярдык көрүп жатышканын билүү үчүн аларды кепке тарттык.