Бүгүнкү чыгарылышта Жайыл районундагы Ставрополь айылынын фельдшердик акушердик пункту (ФАП) тууралуу маек куруп беребиз.
Куланак айылында 7-апрель Элдик революциянын баатыры Рахатбек Кожобековдун жаркын элесине арналган Республикалык турнир 2-апрелде башталды. Буга Кыргызстандын 7 облусунан спортчулар катышып, жалпысынан 260 балбандар келишти.
«Ак кептердин» ыктыярчылары жана координатору Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы жана кызматкерлери менен 31-мартта жолугуп, интервью алышып, маалымат баракчаларын айыл өкмөттүн маалымат тактасына илип келишти. Кара-Суу: Айыл өкмөттүн 2016-жылга карата аткарчу …
Кыргыздын атактуу актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева жана анын агасы Нуркан Турсунбаев тууралуу айытып бермекчибиз. Кара-Сууда Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу тасма көрсөтүлдү
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде 1-апрелде «Эки элдин достугу» аттуу иш-чара болду. Ага Ноокат шаарындагы Самиев орто мектебинин окуучулары келип, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Түп районуна караштуу Арал айылындагы Жеңишбек Ашымов мектебинин окуучулары 4-апрелде өтө турган райондук Манасиядага даярданышууда. Ушул убакка чейин мектеп окуучулары спорттун жети түрү боюнча аймактык олимпиадага катышып, андан тандалып алынган …
Жакында биздин айылдын мультимедиа борбору Клооп медиа менен бирдикте өзүнүн биринчи долбоорун утуп 1000 долларга ээ болду. Кененирээк маалыматты борбордун ыктыярчыларынан алсак.
Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебине Ташчайнар деген ат менен белгилүү болгон Нурлан Алишеров өз элине талантын тартуулады. Нурлан 1993-жылы бөйрөгүнөн жабыр тартып, дарыгерлер бир бөйрөгүн алып салышкан, ошондон кийин ага …
Бул тренинг Бакай-Ата айылынын Ленин орто мектебинде марттын этегинде болуп өттү. Ага Бакай-Атадан тышкары Миң Булак, Наматбек, Өзгөрүш айылдарынан окуучулар келишти.
Жылдагыдай эле Нооруз майрамында мектепте аластоо болду. Быйыл кеченин өзгөчөлүгүн 7-а классы даярдаган концерт болду.
Бул сынак Бакай-ата айылынын маданият уйундо 10-мартта кыздар арасында болуп өттү. Сынакка В.И.Ленин атындагы мектептин 9,10,11 классында окуган кыздары катышты. Сынак жогорку денгээлде өтүп кыздар өз өнөрлөрүн кенен тартуулай алышты.Сынактын негизги максаты кыздарды жоопкерчилике …
Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин спортчулары Грек-рим күрөшү боюнча командада 2-орунду алып келишти. Учурда окуучулар жакынкы аралыкта болуучу спартакиядаларга даярданууда.
Аралбаев орто мектебинде окуучулар тарабынан даярдалган “Билерман ордо” оюну болуп өттү. Оюнду Айзат Асанова жана Жылдыз Жолдолдошбекова экөө биргеликте, 9-10 класстар арасында уюштурушкан .
Түп районундагы Тасма айылынын “Бугу-Эне” самын жамаатына Жыпар Жекшеев келип таанышып кетти. Бул кичи ишкана туристерди тартуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк экендигин айтып, аталган жамаатты өнүктүргөгө жардам берээрин билдирди.
Түп районундагы Тасма айылынын Асан Сопиев мектебинде география сабагы боюнча таймаш болуп өттү. Бул таймашка 7-а жана б класстары катышып, баардык өткөн темалар боюнча өздөрүнүн билимин сынашты.
Улахол айыл аймагына караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну Мырзалиев Бакы чакан мал ѳстүрүү фермасын ачты.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында өрөөндүк «Манас» таануу сынагы болуп өттү. Сынакка Куланак жана Пионер айылдарынын жаш манасчылары келишип күч сынашышты.
Токтоян айылынын бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) январь айынан тарта даярданып жатышат.
«Тарых жана маданият жылына» карата аймактардан атайын сүрөт багытындагы сынак уюштурулуп жатат. Анын максаты — ата-бабалардын калтырган мурасын жана салт-санаасын кагаз бетине түшүрүү.