Токтогул районунун Терек-Суу айылында жаштарынын демилгеси менен “Жети-Суу жаштары” коомдук бирикмеси түзүлүп, тургундарга ар кайсы жактан жардам көрсөтүүдө. «Ак-Бакай» ЖМБнын кабарчысы коомдук бирикменин максаттары, иш-аракеттери тууралуу анын төрагасы Гүлжигит Кудабаев менен …
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинин башталгыч класстары окуган имараты 2010-жылы жарактан чыккан. Ага карабастан азыркы күнгө чейин 1-4-класстын окуучулары бул мектептен билим алып келишет.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында сасык тумоо оорусу күч алганына байланышттуу мектептер жабылды.
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы Садриддин Айни орто мектебинде «Асыл мурас» тарыхый музейи ачылды. Бул тууралуу мектеп директору Кумрухон Абдуразакова билдирди.
Сасык тумоо Кыргызстанда азыр көп кездешип жатат. Бул оруу аба аркылуу жуккандыктан эл арасында кеңири таркайт.
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде кыздар уюмунун уюштуруусу менен “Мектеп сулуусу-2016” сынагы өттү. Ага 8-11-класстын кыздары катышып, 1-орунду Адина Карыбекова алды.
Баетов айылында 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата кыз-келиндер арасында спорттун волейбол жана стол тенниси боюнча мелдештер өттү.
Ак-Талаа районунун Баетов айылында бир канча мекеме-ишканаларда иштеген кыз-келиндер арасында спорттун түрлөрү боюнча мелдештер мындан ары айына бир ирет мезгилдүү өтүп турат.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндөгү Манас атындагы орто мектебинде жаралган жылуулук көйгөйү чечилди. Учурда мектептин жылыткыч от казаны иштеп, класстар жылуу болуп калды..
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы «Ооган-талаа» тобу майыптар күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам баштыгын таратты.
Ак-Талаа райондук маданият үйүндө “3-декабрь Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо, коргоо күнүнө” карата “Биз силер менен биргебиз” аттуу кароо сынак болуп өттү.
Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы Айбашев мектебинде айылдык дарыгерлердин катышуусу менен СПИД оорусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ноокат районунун Арбын айылында кайрымдуулук марафону болуп өттү. Марафонго окуучулар, мугалимдер катышты.
Ноокат районунун Арбын айылындагы Арбын орто мектебинде бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Ага 10-11-класстын окуучулары катышышты.
Жакында 2016-жылдын 11-декабрында Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №2229 шайлоо участогунун шайлоо коммиссиясынын төрагасы Сүйүнтбек Нургазиев менен бул тууралуу маек курдук.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде кылмыштуулукка каршы «Биз мекенчил жаштарбыз» аттуу сынак болуп өттү. Ага 9-а жана 9-б класстарынын окуучулары катышты.
Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинин 8-9-10-11-класстын окуучулары жана мугалимдери 1-декабрь “Дүйнөлүк СПИДке каршы күнүнө” карата “СПИДсиз келечекке жаркын жашоо” деген ураанда жөө жүрүш өткөрүштү.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде «1-декабрь Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө» карата ачык сабак өтүлдү.
2016-жылдын 26-ноябрында, Кызыл-Жылдыз айылынын М. Иманалиев атындагы орто мектебинде 11-класстын окуучулары жана кыргыз тили мугалими Айсулуу Мустапаеванын уюштуруусунда “Чыңгыз Айтматовдун руханий байлыктарынан” аттуу адабий кече болду.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде “Тамеки өмүргө зыян” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Тергерек столго айылдагы №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери жана мектеп окуучулары …