Кочкор районунун Чолпон айылында жаз мезгили башталгандан бери жаш балдардын арасында чүкө оюну өтө актуалдуу болууда. Айылдын кайсыл гана жагын караба бул оюнду ойноп жаткан өспүрүм балдарды көрүүгө болот.
Спорттук мелдешке Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынан түзүлгөн айымдар командасы менен Тогуз -Торо ФМ радиосунун журналистеринен куралган командалар катышты.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылынын маданият үйүндө окуучуларга, ата-энелерге, мугалимдерге жана айыл тургундарына «Үй-бүлөдөгү китеп окуу маданияты» аттуу семинар өтүлдү. Бул семинарды жеке ишкер меценат Оттук айылынын тургуну Дуулат Узакбаев …
Азыркы учурда республика боюнча «Сен мыктысың» долбоору эң актуалдуу программалардын бири болууда. Бул долбоорго кичинекей жаш таланттар катышып, өзүнүн таланты жана өзгөчөлүгү менен бөлүшөт. Нарын районунун Казан-Куйган айылынын тургуну Аделия …
«Медиа борбор «Демге-Дем» коомдук фонду Кыргыз Республикасында адам сатуунун алдын алуу боюнча долбоордун алкагында журналисттер жана активисттер үчүн окутуу уюштурду.
24-майда Кочкор районунун Кара-Суу айылында заманбап эс алуу жайынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Анын ачылышына Кочкор райондук администрациясынын башчысы- аким Э.Омошев, айыл өкмөт башчысы жана айыл тургундары катышты. Эс алуучу …
Нарын облусунун Акталаа районундагы Баетов айылынын кичинекей тургундары Мырзайым Жумагожоева он жылдан бери эжеси Эркеайым менен бирге каражат чогултууну адатка айландырышкан. Алар чоң атасы, чон апасы берген акчаларды эч качан …
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунey Казарман айылындагы Тогуз-Торо райондук көркөм-өнөр мектебинде, балдар искусство мектептер арасында өткөрүлгөн «Жаш музыкант-2023» облустук кароо сынагы жыйынтыкталды
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында 11 жаштан 14 жашка чейинки кыздар жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөөнүн экинчи дозасын алды. Жатын моюнчасынын рагы аялдар арасында кеңири тараган коркунучтуу илдет болуп …
Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Т. Айбашев атындагы орто мектебинде «Жаш сүрөтчү 2023» сынагы өткөрүлдү. Ал сынакка 6-класстын окуучулары катышты.
Жыл сайын май айынын үчүнчү жумасында Кыргызстан боюнча «Энелер күнү» белгиленип келет. Кочкор айылында 2023-жылдын 21-майында «Улуттун келечеги энелердин колунда» аттуу » Таалай Курткаев» фонду тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чара өттү.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде башталгыч классынын мугалимдери Айнура Сыдыкова жана Аида Калыкова тарабынан «Энелер » күнүнө карата «Эне үйдүн куту» аттуу спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Ат-Башы районунун Ой-Терскен мектебинде Энелер майрамы белгиленди. Энелер күнү май айынын акыркы жекшембисинде белгиленип, аталган мектепте үч жылдан бери салтанаттуу майрамдалып келет. Анда 9-11-класстын окуучуларынын апалары чакырылып, аларга белектер тапшырылат. …
Кочкор районунун Чолпон айылындагы тойканасында энелер күнү белгиленди. Майрам айыл өкмөтү тарабынан уюшулду.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында 4 жыл мурун үрөн тазалай турган аппарат келген. Учурда сезону башталып, кызуу иш жүрүп жаткан кези.
Коомчулукта жаш жубайлардын үй-бүлөнү пландаштыруусуна таасир эткен факторлор көп. Алардын кеңири жайылганы жакындардын кийлигишүүсү. Бул айрым учурда түгөйлөргө басым иретинде дагы айтылат.
1-июнь «Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата» Кочкор районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ата-энелер «Хан ордо» тойканасына майрамдык кече уюштурушту. Кечени уюштуруу демилгеси ата-энелерге таандык. Ата-энелердин демилгеси менен «Асыл балдар» фонду …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында Лола Молдакунова уйуно тигүүчү цех ачты. Ал цехте жумушсуз 7-8 аял иш менен камсыз болуп кошумча киреше таап, иштеп жатышат.
Бишкекте «Заманбап ата-энелердин заманбап балдары»- аталышындагы ата энелер үчүн форум болду. Бул 2 жарым ай мурун башталган “Эне балага канат” — коомунун иш-чараларынын бири. Аталган коом балдарды жаш кезинен физикалык, …
12-май күнү Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев өз сапары менен келип кетти. Иш-чарага Нарын мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин …