Суусамыр айыл аймагына 400 даана вакцина алынып келинген. Азыркы учурда COVID-19 вирусуна каршы вакцинаны Суусамыр айылдык ооруканада эмгектенген мед кызматкерлери гана алышты. Ал эми жергиликтүү айыл тургундарына 600 даана вакцина …
Кары- картандар иммунитеттери алсыз болгондуктан COVID-19 вирусун бат жуктуруп алуу коркунучу бар. Суусамыр айылдык ооруканага көбүнчө кары адамдар өздөрүнүн өнөкөт оорулары менен кайрылышат.
Жаздын келиши менен Суусамыр айылындагы бала бакчанын курулушу жанданды. Суусамыр айыл аймагынын башчысы Отунчиевдин маалыматы боюнча 2020-жылдын күз мезгилинде башталган бала бакчанын курулушу ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлүп, колдонууга берилет. …
Жергиликтүү кеңеште депутаттар эмненин негизинде иш алып барат жана алардын ишмердүүлүгү үчүн кандай эрежелер бар? Жергиликтүү кеңеште регламент түзүлөбү? Ушул суроонун алкагында алдыда «Ачык өкмөт» уктуруусунан кененирээк маалымат ала аласыздар.
Суусамыр айыл аймагында COVID-19 вирусу менен катталгандар жок. Суусамыр айылдык ооруканасында абал туруктуу. Дары-дармектер, дем алдыруучу апараттар жетиштүү.
Коронавирус илдетинин башталганына бир жылдын жүзү болду. Бирок дагы деле оору күчүндө болуп жатат. Кыргызстан боюнча 29-марттан баштап, ооруга каршы эмдөө башталган. Суусамыр айылында да коронавируска каршы эмдөө башталды.
Рамазан айынын башталышы менен Суусамыр айылынын Кожомкул көчөсүнүн тургундары үчүн жакшы жаңылык болду. Көчөгө жарык үчүн прожекторлор коюлду. Буга чейин жарык коюла элек көчөлөр дагы бар болгон.
10-11-апрелде Суусамыр өрөөнүндөгү 5 мектептин арасында «Парламент сүйлөйт» сынагы өттү. Сынак радиодо түз эфир аркылуу өткөрүлдү. 2 күн ичинде мектеп парламентинин 4 министрлери таймашты.
Бүгүн 11-апрель Суусамыр айылында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана Референдум өтүп жатат. Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде жайгашкан 7346 шайлоо участогундагы шайлоого шайлоочулар активдүү катышып жатышат.
Айылдык кеңештин 6-чакырылышынын 47-кезексиз отуруму болуп өттү. Отурумга 11 депутат катышты. Кезексиз отурум айыл өкмөтүнүн жана жер адисинин катышуусунда болуп өттү.
Бүгүн Суусамыр айылдык ден-соолук чыңдоо комитети тарабынан Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде жана Суусамыр айылдык ооруканасында «7-апрель-бүткүл дүйнөлүк ден-соолук кунунө» карата акция болуп өттү.
Суусамыр айыл аймагында өткөрүлүп келген, 6 жылдык тарыхы бар “Акыл Ордо” интеллектуалдык таймашы эми Сокулук районундагы Военно-Антоновка окуу- тарбия комплекс гимназиясында өткөрүлдү. Сынакка жалпы 6 окуучу катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин …
Бүгүн 29-мартта Суусамыр өрөөнүндө түнү менен жааган кардын калыңдыгы жарым метрден ашып, катуу бороон чапкындын кесепетинен жолдор жабылып калган.
21-март Нооруз майрамы салтка айланып, майрамдык салтанат дайыма айылда өткөрүлүп келген. Бирок пандемиядан улам өткөн жылы жана быйыл 2021-жылы да Ноорузга карата майрамдык салтанат болбойт. Себеби, коронавирус илдетин жайылтып албоо …
Суусамыр айылында Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин башталгыч калссынын ата-энелери мектепке түстүү телевизор белекке беришти. Телевизор балдарга сабак берүүдө ар кандай видео жана презентацияларды жасоо үчүн колдонулат.
Чүй облусунун губернатору жана район администрация башчысы, мекеме жетекчилери Суусамыр айылында 26-февралда эл менен жолугушуу өткөрүштү.
Таза суу маселеси жалпы Кыргызстанда эле чечилбей келе жаткан көйгөй экени белгилүү. Айрыкча, суусу мол Суусамырда да аталган маселе аягына чыкпай, кечеңдетилип келет. Алсак, өрөөндөгү бир айыл гана таза суу …
Кыргызстан боюнча ишке ашырылып келе жаткан «Бир адамдан бир китеп» долбоору Суусамыр өрөөнүнүн тургундары тарабынан да колдоо тапты. Айрыкча жаштар долбоорго жигердүү катышып, акыл казынасы саналган ар кыл китептер менен …
Суусамыр айыл аймагына караштуу Биринчи май айылынын калкы чачыранды жайгашып, бири-биринен алыс отурукташкан. Ал тургай, айрым тургундар айылдагы мектептен 5 км ыраактыкта орун алышкан. Ага ылайык, табияты катаал аймакта кышкысын …
Бүгүн 2-февралда Суусамыр айылдык маданият үйүндө жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчет берилди. Мекеме жетекчилер, жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөт башчысы аткарылган иштер боюнча отчеттор берилди. Айыл өкмөт башчысы Урмат …