Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

Кызыл-Жылдыз айылында мечитти оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы мечитти оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Аны “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” каржылаган.

31 Октябрь 2017 жыл 23:01

Баетовдо окуучулар арасында аскердик мелдеш өттү

Баетовдо окуучулардын арасында “Мен Мекендин коргоочусу болом” аттуу аскердик мелдеш болуп өттү. Ага К.Молдобасанов, Э.Карасартов жана Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары катышты.

24 Октябрь 2017 жыл 15:24

Москвадагы акталаалыктар айылдашына жардам беришти

Орусияда иштеп жүрүшкөн акталаалык жигиттер жакында Баетов айылынын тургуну Замир Казиевге материалдык жардам беришти. Замирдин келинчеги да иштебейт. Өзү менен бирге апасы чогуу жашайт.

24 Октябрь 2017 жыл 14:12

Баетовдо күз майрамы өттү

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде “Күз майрамы” өткөрүлдү. Ага мектептеги 5-11-класстын окуучулары катышты.

23 Октябрь 2017 жыл 16:40

Баетовдо окуучулар Кыргыз эл акыны менен жолугушту

Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде окуучулар менен жолугушту. Жолугушуу алдында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондусу тарабынан даярдалган фильмдер көрсөтүлдү. Андан соң Алымбеков окуучуларга жетишкен …

23 Октябрь 2017 жыл 15:38

Куланак айылында памирдик кыргыздарды тосуу даярдыгы жүрүп жатат

Памирлик кыргыздардын биринчи тобу Нарынга келип жайгашуу үчүн Кыргызстанга келди. Учурда Нарын районунун Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейдин жатаканасында аларды тосуп алуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө.

12 Октябрь 2017 жыл 22:26

Ак-Талаада алдыңкы мугалимдер сыйланышты

Ак-Талаа районунда мугалимдерге арналган салтанаттуу иш-чарада билим берүүнүн алдыңкылары сыйланышты. Кесиптик майрамга карата райондогу 81 мугалим ар кандай сыйлык, майрамдык белектердин ээси болушту.

7 Октябрь 2017 жыл 17:58

Баетовдо аба ырайынан улам электр жарыктары өчүүдө

Ак-Талаа районунда үч күндөн бери мезгил-мезгили менен суу аралаш жааган кар айрым айылдарда электр жарыктарынын өчүп калышына алып келүүдө.

7 Октябрь 2017 жыл 15:40

Жерге-Талда кой-эчкилерди купкага салуу иштери жүрүп жатат

Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагында кой-эчкилердин котур оорусун алдын алуу үчүн купкага салуу иштери жүрүп жатат.

5 Октябрь 2017 жыл 23:04

Баетовдо кыз-келиндер арасында спорттук мелдештер болуп өттү

Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолук кабинети “Аз кыймылдуулук — ашыкча салмак” аттуу мекемелердеги кыз-келиндер арасында волейбол жана теннис боюнча мелдеш уюштурду.

4 Октябрь 2017 жыл 15:59

Кызыл-Жылдыз: Мектепте класстар аралык таймаш болду

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын М.Иманалиев атындагы орто мектебинде «Эне тилим — эне сүтүм» аттуу таймаш болуп өттү. Бул таймашта 8-9-класстар ат салышты.

29 Сентябрь 2017 жыл 20:37

Куланакта «Тынчтык күнү» белгиленди

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 21-сентябрь «Дүйнөлүк тынчтык күнүнө» карата иш чара болуп өттү.

28 Сентябрь 2017 жыл 20:20

Баетовдо кыргыз тил күнүнө арналган декада жыйынтыкталды

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган декада бүгүн жыйынтыкталды.

28 Сентябрь 2017 жыл 17:32

Кызыл-Жылдыз айылында мугалимдердин өрөөндүк спартакиадасы болду

Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан М. Иманалиев орто мектебинде ушул жылдын 23-сентябрнда  мугалимдер арасында өрөөндүк спартакиада  өткөрүлдү.

25 Сентябрь 2017 жыл 23:38

Кызыл-Жылдыз айылында шайлоочуларынын тизмеси такталууда

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы шайлоочулардын тизмеси тактала баштады. Бул тууралуу айылда жайгашкан №4042 шайлоо участкасынын комиссиясынын төрагасы Бакыт Мамырканов билдирди.

21 Сентябрь 2017 жыл 13:26

Учкун айылында согуш ардагерлерине эстелик тургузулууда

Нарын районуна караштуу Учкун айылында Ата Мекендик согушка катышкандарга арналып эстелик тургузулуп жатат. Учкун айылынын тургуну Данияр Коомбаев бул демилгени көтөрүп, керектүү жабдуулар менен камсыз кылууда. Буга чейин ал 100 …

21 Сентябрь 2017 жыл 11:18

Кытайда билим алган Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну

Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында мектепти быйыл бүтүргөн Самат Нуркасымов Кытайдын Шандун провинциясындагы Политехникалык окуу жайында билим ала баштады.

20 Сентябрь 2017 жыл 23:07

Баетовдо “Электрондук капчык” кызматы ачылды

“Айыл банктын” Ак-Талаа райондук филиалында “Электрондук капчык” кызматынын ачылыш аземи болуп өттү. Ага банктын кардарлары, айыл жашоочулары катышты.

19 Сентябрь 2017 жыл 10:23

Баетовдо айылдык акындын 70 жылдык мааракеси белгиленди

Баетов айылында акын жана журналист, өлкөгө өзгөчө эмгек сиңирген ардагер, Тоголок Молдо атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Өмүрбек Дөлөевдин 70 жылдык  мааракеси өткөрүлдү.

18 Сентябрь 2017 жыл 21:09

Кызыл-Жылдызда жемиш бактарды кыйыштыруу иштери жүргүзүлдү

Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы мөмө питомнигинде биринчи жолу жемиш бактарды кыйыштыруу иштери жүрдү.

17 Сентябрь 2017 жыл 15:03

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...