Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

Учкунда коён жана көгүчкөндөрдүн түрүн баккан айыл тургуну

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Тургунаалы Борбиев коён, көгүчкөн жана тооктун жаңы түрүн багат. Азыр коёндорунун саны 15 болсо, көгүчкөндөрүнүкү 20га жакын.  

15 Декабрь 2016 жыл 17:40

Куланактагы “Чебер уздар” ийрими

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде “Чебер уздар” ийрими он жыл мурда ачылып, ага кыздар катышып келишет.

14 Декабрь 2016 жыл 13:27

Кыргыз тилинде вебинар: «Лонгрид жасоо үчүн tilda.cc сервиси менен иштөөдөгү техникалык өзгөчөлүктөр”

23-декабрда Бишкек жана Астана убактысы боюнча саат 17:00дө «Лонгрид жасоо үчүн tilda.cc сервиси менен иштөөдөгү техникалык өзгөчөлүктөр” деген темада кыргыз тилинде вебинар өтөт. Жаңы технология, интернет сайттардын өнүгүүсү менен маалыматтардын …

14 Декабрь 2016 жыл 10:13

Кара-Чий де мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга жардам көрсөтүлдү

Кара-Чий айылынын М.Иманалиев атындагы орто мектебинде, 3-декабрь «Майыптар күнүнө» карата мүмүнчүлүгү чектелген окуучуларга жардам көрсөтүлдү жана «Жаныңдагыларга жардам бер!!!» аттуу сүрөт көгөзмөсү болду.

13 Декабрь 2016 жыл 22:10

Куланакта айылдык кеңештин депутаттары шайланды

Нарын районунун Куланак айылында жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланды. «Куланак» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары бул күнү эртең мененки 8ден кечки 8ге чейин шайлоо кандай өтүп жаткандыгына көз салып отурушту.

13 Декабрь 2016 жыл 17:11

Ак-Талаада архив имаратынын курулушу каражаттын жетишсиздигинен токтоп калды

Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан райондук мамлекеттик архиви 1954-жылда салынган. Архивдин жаңы имаратын салуу үчүн тиешелүү жерлерге кайрылуу жазылып, 2015-жылда куруу иштери башталган болчу. Учурда каражат жетишсиз болгондуктан курулуш иштери токтоп …

13 Декабрь 2016 жыл 16:05

Окуучулар сахнада Айтматовдун каармандарын ойношту

Баетов айылындагы Бейшеналиев орто мектебинде 5-11-класстын окуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырышты. Бул “Улуттук адабият күнүнүн” алкагында сынак катары өткөрулдү.

13 Декабрь 2016 жыл 6:34

Ч.Айтматовдун чыгармалары окуучулардын кыл калеминде

Ак Талаа районундагы  Ш.Бейшеналиев атындагы отро мектебинде “Улуттук адабият күнү” жогорку денгээлде белгиленип жатат. Мектептин кыргыз тили жана адабият  мугалимдеринин демилгеси менен класстар арасында улуу жазуучу  Ч.Айтматовдун  чыгармалары боюнча дубалгезиттердин  …

12 Декабрь 2016 жыл 19:45

Сасык тумоодо гигиенанын эрежелерин сактоо зарыл

Учурда республика боюнча сасык тумоо менен ооруп жаткан жарандардын саны көбөйүүдө. Райондун аймагындагы абал боюнча Ак-Талаа райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Эрлан Бекишов менен бул масаеле боюнча …

12 Декабрь 2016 жыл 17:58

Улуттук адабият күнүнө карата ата энелер менен бирге окуу сааттары өткөрүлдү

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде  Улуттук адабият күнунө карата декада жарыяланып,  анын негизинде өтүлүүчү иш чаралардын атайын мерчеми иштелип чыккан. Иш  мерчемдин алкагында класстарда ачык сабактар,кыскача сценкалар коюлуп, чыгармалар  сүрөт көргөзмөлөр  …

12 Декабрь 2016 жыл 16:22

Учкундун тургундарына он жылдан бери гуманитардык жардам келе элек

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы өтө жакыр, майып жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жыл сайын гуманитардык жардам берилчү. Соңку он жылдан бери мындай жардамдар эмне үчүн көрсөтүлбөгөндүгү туурасында айыл башчысы Касымакун …

11 Декабрь 2016 жыл 18:23

Ак-Талаада дайынсыз болуп жаткан экинчи тургундун сөөгү табылды

Ак-Талаа районундагы Орто-Сырт жайлоосунан мал издеп кеткен эки тургундун биринин сөөгү табылып, жайына коюлган болчу.

11 Декабрь 2016 жыл 17:53

Кара-Чийде «Кыз-жигиттин сармерден» оюну болду

“Тарых жана маданият жылына” карата «Кыз-жигиттин сармерден» оюну 2016-жылдын 8-октябрында болуп өттү. Бул иш чара 9-класстын окуучу кыздары жана 10-класстын окуучу балдарынын катышуусунда болду.

10 Декабрь 2016 жыл 23:40

Ак-Талаада мал издеп кеткендердин бири сууктан каза болсо, экинчиси дайынсыз

Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында саат 12.00дө Ак-Талаа РИИБнө Терек айылынын тургуну 1961-жылы Жусубакунов Исамамбет «МЭЛС ашуусунун Уу-Өтөк кыясында адамдын жансыз денеси жатат, тоңуп калыптыр» деп билдирүү берген. Мындан соң Ак-Талаа РИИБнүн …

10 Декабрь 2016 жыл 20:49

Сурамжылоо: Конституцияга киргизип аткан түзөтүүлөргө оюңуз кандай?

«11-декабрда Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан референдумга барасызбы? Конституцияга киргизилип аткан түзөтүүлөргө оюнуз кандай?» деген суроолор менен Баетов айылынын тургундарына кайрылып, оюн уктук.

10 Декабрь 2016 жыл 14:42

Ак-Талаада сасык тумоодон улам беш бала бакча жабылды

Ак-Талаа районунун аймагында өлкөнүн башка аймагы сыяктуу эле сасык тумоого чалдыккандар ондоп саналат. Буга байланыштуу райондогу Жерге-Тал, Конорчок, Жаңы-Тилек, Кайыңды-Булак жана Баетов айылдарындагы “Тынчтык-3” бала бакчалары жабылды.

9 Декабрь 2016 жыл 22:01

Баетовдо жаш мугалимдердин интеллектуалдык таймашы өттү

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде жаш мугалимдер арасында “Билерман ордо” интеллектуалдык таймаш болуп, ага беш мугалимден турган “Билим” командасы катышты.

9 Декабрь 2016 жыл 20:31

Сүрөт баян: Мектеп окуучусу короздун айкелин муз менен жасады

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жашаган Азиз Таалайбеков быйылкы тоок жылына карата короздун айкелин муз менен жасоодо. Азиз бул айкелди быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн жаңы жылдык кечесине карата жасап жатканын айтты.

9 Декабрь 2016 жыл 15:26

Мультимедиадагы алгачкы жетишкендик

Нарын районуна караштуу Куланак мультимедиа борборунда көптөн бери мугалим жана ыктыярчы болуп иштеп келе жаткан Айзат Түмөнбаева сынакка катышып смартфон утуп алган.

9 Декабрь 2016 жыл 11:55

Учкундагы 1000ге чукул сүрөттүн автору Анарбек Токтомбаев

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Анарбек Токтомбаев 20 жылга жакын убакыттан бери сүрөт жана чийүү сабактарынан берип келет. Анын тарткан сүрөттөрү бир жыл мурун 500 болсо, азыр саны 1000ге чукулдады. Токтомбаев тарткан …

7 Декабрь 2016 жыл 18:28

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...