Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Баткенге кайрымдуулук үчүн которулган жардам дарегине жетти

Жакында Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын жашоочулары Баткен-Тажик кагылышуусунда жабыркаган үй-бүлөлөргө 60 миң сом акчалай жардам беришкен.

5 Июнь 2021 жыл 8:26

Токтоян эли жалпы айылды таштандыдан тазалады

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Токтоян айылынын жашоочулары  айылдагы таштандыларды теришти. Аларды чогултуп каптарга өз өзүнчө бөлүп кайра иштетүүчү фабрикаларга өткөрүштү.

4 Июнь 2021 жыл 10:07

Төлөк: «Балдарды коргоо күнү» белгиленди

Төлөк айылында «Балдарды коргоо күнүнө» карата бөбөктөргө акчалай жардам көрсөтүлүп, бекер бал муздактар таратылды.

3 Июнь 2021 жыл 12:17

Акталаада классташтар көчөнү жарыктандырды

Ак-Талаа раонундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайын айылынын 20жылдык бүтүрүүчүлөрү демөөрчүлүк кылышып,  Турдалы Жамакеев (Ак койчу) көчөсүнө 20 көчө чырак коюп беришти.

3 Июнь 2021 жыл 10:30

Акталаада «Кален бак» маданий эс алуу жайы ачылат

Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылында тургундар үчүн “Кален бак” маданий эс алуу жай ачуу аракеттери башталды. Аталган аймактын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенованын айтканына караганда айылда атайын эс алуу жай жок. …

2 Июнь 2021 жыл 12:05

Оттук: Балдарды коргоо күнүнө карата балдарга белектер тапшырылды

1-июнь «Балдарды коргоо” күнүнө карата Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Садык-Ата балдар бакчасынын тарбиялануучуларына “Жакшылык” коомдук фонду тарабынан атайын белектер тапшырылды. Белектер бөбөктөрдүн жаш өзгөчөлүгүнө жараша даярдалган.

2 Июнь 2021 жыл 10:05

Жаштардын активдүүлүгүн көтөрүүдө жергиликтүү бийликтин ролу

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык Кыргызстанда 1,6 млн жаштар  (жаш курагы 14-28) жашайт. Алардын 30% шаарларда, ал эми 70% айыл жергесинде отурукташкан. Могол айыл өкмөтүндөгү жаштардын активдүүлүгү кандай? Мамлекттик деңгээлде …

2 Июнь 2021 жыл 7:37

Сүлүктүдө балдарды коргоо күнү кандай белгиленди?

Кыргызстанда 1-июнь кичинекей жарандарыбызды, балдарды коргоо күнү — дүйнө коомчулугу менен биргеликте өткөн кылымдын 50-жылдарынан бери белгиленип келе жатат. Бул күн — балдар дайыма ата-эненин жана мамлекеттин камкордугу менен коргоосуна …

1 Июнь 2021 жыл 22:09

Ак-Терек айылына суу сактоочу жай курулууда

Ош облусунун Кеңеш айыл аймагынын Ак-Терек айылында ичүүчү сууну сактоочу жай курулууда. Бул суу сактоочу жайга кеткен материалдар үчүн айыл өкмөт тарабынан 35 миң сом акча каражаты бөлүндү. Ал эми …

1 Июнь 2021 жыл 14:45

«Жыл мыктылары» сыйлыгына «Соң-Көл» орто мектебинин мугалими жана окуучулар да татыктуу болду

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Чатыр-Көл кинотеатрында «Көйкашка» уюму тарабынан уюштурулган «Жылдын мыктылары» аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

1 Июнь 2021 жыл 11:21

Аудио: Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кандай маселелер киргизилген?

Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кандай маселелер киргизилген? Бул суроого Сары-Булуң айыл аймагынын депутаттары жана эксперттер «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында жооп берди. Толугураак бул аудио сюжеттен угуңуз:

30 Май 2021 жыл 21:43

Сары-Булуң: Сел алган көпүрө бүткөрүлүп колдонууга берилди

Сары-Булуң айыл өкмөтүндө 2020-жылдын июнь айларында кѳпүрѳнү толугу менен сел алып кеткен. Кара-Суу айылынын Карамырза, Булуң аймактарынын эли кѳпүрѳ жоктугунан каттамсыз калган. Учурда жаңы курулган көпүрө бүткөрүлүп, ачылыш аземи болду. …

30 Май 2021 жыл 21:21

Ой-Терскен мектебинде «Жабыркаган жаратылыш үнү» аттуу театр болуп өттү

29-майда Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен мектебинде «Көөнөрбөс Мурас» коомдук уюму тарабынан уюштурулган жаратылышты коргоо багытында иш-чара өткөрүлдү.

30 Май 2021 жыл 16:58

Элеттик окуучу жогорку окуу жайда бекер окууга мүмкүнчүлүк алды

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин 2 окуучусу Нарын облусунда уюшулган Билим кербенинде алдыңкы орундарды алып, бир катар сыйлыктарга ээ болушту.

30 Май 2021 жыл 10:55

Пандемия окуучулардын өнүгүүсүнө таасир бере албайт

Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде дебаттык турнир болуп өттү. Турнирге жалпысынан 70 катышуучу катышып, орус жана кыргыз тилдүү командалар оюн көрсөттү.

30 Май 2021 жыл 10:24

Сүлүктүдө калкты вакцинациялоо кандай жүрүүдө?

Кыргызстанда 24-марттан бери коронавируска каршы эмдөө жүрүүдө. Биринчилерден болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген. Алды менен медицина кызматкерлери, мугалимдер, милиция кызматкерлери, чек арада, аба майданда, санитардык-көзөмөл бекеттеринде иштеген кызматкерлер …

29 Май 2021 жыл 22:15

Эмдөө COVID- 19 жеңүүдөгү зарыл болгон чара

Вакцина сизди жана айланадагылардын ден- соолугун коргойт. COVID- 19 каршы эмдөө инфекциянын алдын- алуудагы эффективдүү чара.

29 Май 2021 жыл 20:36

Карылар санитардык эрежелерди сактаганга аракет кылышат

Сокулук районуна караштуу Жал айылынын «Достук» мультимедиа борборунун волонтерлору айылдын карыларынын ден- соолугу боюнча кабар алышты.

29 Май 2021 жыл 20:31

Пандемияда аялдар айылдын социалдык жашоосуна активдүү катышты

Коронавирус учурунда Нарын районуна караштуу Учкун айылынын айымдары аймактын социалдык жана коомдук жашоосуна активдүү катышты. Бул тууралуу «Аялдар кеңешинин» төрайымы Майрамкүл Мүдүнова жана Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов билдирди.

29 Май 2021 жыл 18:55

Куланак: Китепканага жаңы энциклопедиялар алынат

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн 2 китепкана бар. Бири Учкун айылында жайгашса, бири Куланак айылындагы Учкун айыл өкмөтүнүн кеңсесинде жайгашкан. Быйыл китепкана фондун жаңылоого жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом …

29 Май 2021 жыл 15:31

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...