Талас областындагы Манас көчөсүндө жайгашкан «Манас» универмагында 6-январь күнү таңкы саат 6:13тө өрт чыгып, саат 09:57 чамасында толук өчүрүлгөн.
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө орто мектебинде быйыл 10-классы жок. Анткени окуучулардын көпчүлүгү 9-классты аяктагандан кийин мектептен чыгып, окуу жайларга тапшырып кетишкен.
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында алма сактоочу жай иштеп жатат. Аны айыл тургуну Нургазы Исманов негиздеген.
«Клооп Медиа» коомдук фонду Кыргызстандагы жамааттык мультимедиа борборлорунун ыктыярчы-кабарчыларынын арасында «мыкты макала» жана «мыкты сүрөт» сынагын жарыялайт. Сынакта ар апта сайын «Мыкты макала» жана «Мыкты сүрөт» аныкталып турат. …
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы №13 Коргол орто мектебинин 11-классынын окуучуларынын Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярданып жаткан мезгили. Мектептеги көпчүлүк мугалимдердин айтымында, быйлкы бүтүрүүчүлөр тестте жакшы көрсөткүчтөргө жетет.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын Коргол орто мектебинде «Тамашоу» таймашы болуп өттү. Анда эки команда ат салышып, 1-орунду мектептин 8-классынан түзүлгөн «Универсал» командасы багындырды.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын №13-Коргол атындыгы орто мектебинде окуучулар арасында «Манас таануу» таймашы болуп өттү. Ага эки команда катышып, 8-б классынын окуучулары жеңүүчү болду.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында жалпы 200дөн ашуун пенсионер бар. Пенсияларынын кандай таратылып жатканы боюнча алардан сурап билип көрдүк.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылынын депутаттары 11-декабрь күнү шайланып, жаңы шайланган депутаттардын алдыдагы пландары менен таанышкан элек. Бул материалда айыл тургундары ошол депутаттарды эмнени үмүт кылып шайлаганын сурап көрдүк.
Кыш мезгили келип, элдин баары көмүр жагып жатат. Токтогул районунун Чоң-Арык айылында көмүрдүн баасы сатуучулар менен алуучуларды канааттандырып жатабы, жашоочулардан сурап көрдүк.
Чоң-Арык айылынан Токтогулга жаңы №425-маршрутка каттай баштады. Эми айыл тургундары районго 50 сом менен барып калышты. Буга чейин айыл тургундары Токтогул шаарчасына 100 сом жол кире төлөп каттап келишкен.
30-декабрдан 11-январга чейин кышкы каникул деп белгиленген. Бул арада Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын окуучулары кышкы каникулду кантип өткөрүүдө? Эмне менен алек болууда? деген суроолорго жооп издеп көрдүк.
Команда «Радиомост» провела предновогоднее шоу «Аяз Ата келиниз, бизге белек бериңиз».
Түп районуна караштуу Токтоян айылыда жаңы фельдшердик-акушердик пункту (ФАП) октябрь айынан тарта салына баштаган. Учурда анын курулушу бүтөйүн деп калды.
Түп районуна караштуу Токтоян айылында көптөгөн кооз жерлер бар. Алардын катарына айылдагы токой дагы кирет.
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында муз аянты ачылды. Кышкы каникулда кайда барып эс алууну билбей турган окуучулар үчүн жакшы шарт түзүлгөндөй болду.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын 80 жашка таяп калган тургуну жылдыздардын жардамы менен кундун кандай болоорун билип келет. Күндүн кандай болоорун Ай жана жылдыздардын жайланышы боюнча аныктайт.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Бүүзия Умурзакова он жылдан бери табыпчылык менен алектенип келет. Анын айтымында, бул касиет ага тай энесинен калган.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын Андарак айылында жаңы жылдык карнавал майрамдалды. Майрамдык кечени Сумбула айыл аймагынын башчысы Анаркул Атамкулов элге өзүнүн каалоо сөздөрүн айтып, кечени ачып берди.
Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтында балдарга Жаңы Жылдык белектер берилди. Таң эрте музыка жаңырып, аянтты шанга бөлөдү. Аянтка орнотулган балатынын жанында чогулган балдар сукка карабай ырдап-бийлешип, табышмактарды табышып, белек алууга аракет …