Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Шаңкол айылындагы Даары-Суу орто мектебинде спорт зал жок

Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылындагы Даары-Суу орто мектебинде спорт зал жок. Мектеп 1993-жылы ашар жолу менен курулуп, ага зал салынбай калган.

20 Декабрь 2015 жыл 15:29

Куу-Майдан: Жапар Нышанов мектебинде физикалык куралдар жетишпейт

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов мектебинде физика сабагынан лабораториялык иш аткарууда куралдар жетишпейт.

20 Декабрь 2015 жыл 15:21

Куу-Майдан: Темир уста Толубаев

Ноокат районундагы Куу-Майдан айылынын тургуну Абдимитал Толубаев дарбазаларды жасайт. Ал бул кесип менен 30 жылдан бери алектенет.

16 Декабрь 2015 жыл 17:12

Терек-Суунун ветеринары Бакыт Чороев

«Терек-Суу айылында жалгыз ветеринардык дарыкана бар. Айыл тургундарынын айтымында бул дарыкана пайдалуу жана ыӊгайлуу.

15 Декабрь 2015 жыл 16:58

Терек-Сууда кыздар аралык райондук волейбол беттеши болуп ѳттү

Терек-Суу айылында айылдар аралык кыздардын мелдеши болуп ѳттү. Бул мелдешке Токтогул районуна караштуу айылдар катышты. Ушундай эле мелдеш Чоӊ-Арык айылында да болду.

15 Декабрь 2015 жыл 16:43

Куланакта мугалимдер көчө кыдырып, рейд жүргүзүүдө

Азыркы күндө окуучулар түн ичинде көчөгө чыгышып, мушташып, өздөрүнөн кичүү балдардан акча талап кылышат. Ошону менен эле бирге спирт ичимдиктерин ичишип, туура эмес жолдорго баргандарын көп эле жерден угуп калабыз.

15 Декабрь 2015 жыл 16:27

Куланак: Журнал менен иш алып баруу боюнча тренинг өтүлдү

Куланакта 28-ноябрда Аралбаев орто мектебиндеги жаш ыктыярчыларга журналистика боюнча кыскача тренинг өтүлдү. Семинар келечектеги журналисттерге сдудиядагы жабдууларды колдонуу боюнча болду.

15 Декабрь 2015 жыл 16:09

Тасмада 36 жылдан бери жаңыланбаган көпүрө коркунуч туудуруда

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы кире бериш көпүрө авариялык абалда. Тургундар көпүрө урай баштаганын билдирүүдө.

15 Декабрь 2015 жыл 15:51

Тасмалыктардын санжыра китеби жарык көрдү

Белек уулу Тогузбай атанын санжырасы жарык көргөнүнө эки жылдан ашты. Китепте жалпысынан Белек уулу Тогузбай атанын санжырасы жана Тасма айылынан чыккан белгилүү адамдардын өмүр баяны жазылган.

15 Декабрь 2015 жыл 15:31

Тасмада Омор Султановдун 80 жылдыгына карата көркөм окуу болуп өттү

Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинде 2-4-класстар арасында акын Омор Султановдун 80 жылдыгына карата көркөм окуу сынагы болуп өттү. Бул сынакка жөндөмдүү окуучулар аталган акындын ырларын көркөм айтып, өз чыгармачылыктарын …

13 Декабрь 2015 жыл 20:25

Тасма: Той өткөрүү түшүмдөн көз карандыбы?

Түп районунун Тасма айылында үйлөнүү тойлору жылдагыга салыштырмалуу быйыл аз болгон. Мунун себебин түшүмдүн аз же көп болгонуна байланыштырат Карасаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.

13 Декабрь 2015 жыл 20:14

Тасма: Кичи конушка суу жана электр жарыгы берилди

Түп районунун Тасма айылындагы кичи конушка Акмат Мукамбетов аты ыйгарылды. «Nur fm» борборунун кабарчылары ал жактагы көйгөйдү мурдакы сандарда чагылдырышкан эле. Андан соң бул көйгөйдү чечкенге демөөрчүлөр табылып, учурда конуш …

13 Декабрь 2015 жыл 20:06

Тасма: Окуучулардын билим сапаты кандай?

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинин окуучуларынын билим сапаты кандай? Ал кимден көз каранды? Бул материалда ушул суроолорго жооп издеп көрдүк.

13 Декабрь 2015 жыл 19:58

Жалда кышкыга даярдык

Жал айылына көмүр сатыла баштады. Буга чейин көмүр коңшу айылда сатылчу.

12 Декабрь 2015 жыл 19:14

Сүрөт: Жал бала бакчасын көрктөндүргөн Надырбек

Надырбек Абдразаков Жал бала бакчасында иштейт. Ал бакчанын тегерегин кооздогону үчүн акча албайт.

12 Декабрь 2015 жыл 19:05

Сүрөт: Жал айылындагы жалгыз унаа тейлөөчү борбор

Сокулук районуна караштуу Жал айылында унаа тейлөөчү жай он жылдан бери иштеп келүүдө. Бул жерде төрт киши эмгектенет.

12 Декабрь 2015 жыл 18:48

Жал: Балдар сарык оорусуна кабылды

Жал айылында 2015-жылдын октябрь айларынан баштап сарык оорусуна чалдыккандардын бир нечеси катталган. Алынган маалыматтарга караганда, ондон ашык бала ооруга кабылган.

12 Декабрь 2015 жыл 18:33

Ак-Талаада тоок фермасы ачылды

Учурда Баетов айылынын жашоочусу Индира Оморова тоок ферма ачып, анын пайдасын көрүүдө. Бул тоок ферманын ачылганына 2-3 айдын жүзү болду.

11 Декабрь 2015 жыл 19:54

Куланакта жаш баатыр энелер арбын

Куланакта «Баатыр эне» жана “Эне даңкы” наамын алган апаларыбыз арбын. Биз бул жолу ошол апаларыбыз жөнүндө баяндайбыз.

11 Декабрь 2015 жыл 19:45

Куланак: ВИЧ СПИДке каршы ачык сабак болуп өттү

Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде 1-декабрда ВИЧ СПИД күнүнө карата 8-класстарга ачык сабак өтүлдү. Сабакта пайдалуу маалыматтарды алдым дегендер көп болду.

11 Декабрь 2015 жыл 19:23

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...