Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: ачык өкмөт

Аудио: Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кандай маселелер киргизилген?

Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кандай маселелер киргизилген? Бул суроого Сары-Булуң айыл аймагынын депутаттары жана эксперттер «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында жооп берди. Толугураак бул аудио сюжеттен угуңуз:

Сары-Булуң: Сел алган көпүрө бүткөрүлүп колдонууга берилди

Сары-Булуң айыл өкмөтүндө 2020-жылдын июнь айларында кѳпүрѳнү толугу менен сел алып кеткен. Кара-Суу айылынын Карамырза, Булуң аймактарынын эли кѳпүрѳ жоктугунан каттамсыз калган. Учурда жаңы курулган көпүрө бүткөрүлүп, ачылыш аземи болду. …

Куланак: Китепканага жаңы энциклопедиялар алынат

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн 2 китепкана бар. Бири Учкун айылында жайгашса, бири Куланак айылындагы Учкун айыл өкмөтүнүн кеңсесинде жайгашкан. Быйыл китепкана фондун жаңылоого жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом …

Айылдын тазалыгына аң-сезимдүү мамиле кылуу керек

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында учурда жумасына эки жолу таштанды чыгарылат. Кээде таштанды ташуучу унаалар бузулуп калган учурда дүйшөмбү, шейшемби күндөргө жылдырылат. Таштанды көбөйгөн учурда чыгаруучу унаа бир күндө 7 жолу …

Жергиликтүү кеңештин депутаттарына мандат тапшырылды

Сары-Булуң айыл аймагында 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы менен 11 депутатка мандат тапшырылды. Мандат алган жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен алдыда таанышыңыз.

Куланак: Учкун айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңеш ишин баштады

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө 11 — апрелде жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп, 21 депутат жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган. Мандаттарын алган депутаттардын  алгачкы сессиясы болуп өттү.

Барскоон: Таза суу кѳйгѳйү чечилүүдѳ

Жаз башталгандан бери айыл тургундарына ичүүчү таза суу маселеси кѳйгѳй жаратып келүүдѳ. Күндүн суук болушуна байланыштуу тоодон түшкѳн суу дагы кеч келүүдѳ. Ошол себептерден айыл тургундары ичүүчү таза сууну сугат …

Суусамыр: Жаңы шайланган жергиликтүү кеңеш кезексиз отурумга чогулду

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Суусамыр өрөөнү боюнча  жергиликтүү кеңешке 21 депутат шайланды. Алардын ичинен 7 айым депутат болуп  келишти. Суусамыр айыл өкмөтүндө жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин кезексиз биринчи отуруму …

Аудио: Айылдык кеңештин биринчи сессиясын ким чакырат?

2021 — жылдын 11 — апрелинде 448 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 28 шаарда жана 420 айыл аймакта шайлоо өткөрүлгөн. Алдыда «Ачык өкмөт» уктуруусунун алкагында шайлоонун жыйынтыгы менен биринчи чакырылыштагы сессияны …

Кеңеш айылдык кеңешине төрага шайланды

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын кеңешинин 7-чакырылышындагы депутаттардын кезектеги биринчи сессиясы болуп өттү. Анда айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланды.

Аудио: Жергиликтүү кеңеш акимдин ишин көзөмөлдөй алабы?

Жергиликтүү кеңеш райондук мамлекеттик администрациянын жана райондун акиминин ишин көзөмөлдөй алабы? Бул суроого Кулатов айыл өкмөтүнүн айыл тургундары жана юрист, эксперттердин пикирин «Ачык өкмөт» уктуруусунан уга аласыз.

Дыйкандар сугат суусу менен камсыз болот

Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтүндө «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору аркылуу 27 млн сомго сугат суу каналы курулуп жатат. Тактап айтканда, 3 чакырым Туура-Канал, 1 чакырым 600 метр …

Моголдо канча депутат мандат алды?

Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарына мандаттары тапшырылды. Жергиликтүү кеңештин депутаттары кимдер? Мандат алган жаңы депутаттар менен алдыда таанышыңыз. Азимжан Мырзаев: «Мен Базар-Коргон районунун шайлоо комиссиясынын ыкчам топ …

Жергиликтүү кеңештин депутаттары кайсыл документтерди чыгара алат?

Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер шайланып, мандат алган учурдан тарта жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна ээ болот. Депутаттын кандай укуктары бар жана ал айыл өкмөт башчысынын чечимдерин жараксыз деп таба алабы? Бул …

Аудио: Айыл өкмөттүн чыгашаларын жергиликтүү кеңештин депутаттары текшере алабы?

Жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн чыгашаларын текшере алышабы? Бул суроо менен Могол айыл аймагынын депутаттарына кайрылдык. Алардын пикирин «Ачык өкмөт» уктуруусунан угуңуз. «Биз жергиликтүү кеңештин депутаттары экономикалык өнүгүү планына киргизген …

Жумуш берүүчү депутатты кеңештин сессиясына жиберүүгө милдеттүү

Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарына жашыруун добуш берүү аркылуу шайлануусунун натыйжасында ээ болот. Депутат кеңеште кандай укуктарга ээ? «Ачык өкмөт» уктуруусунда бул суроого жооп ала аласыз. БШКнын …

Аудио: Жергиликтүү кеңештин депутаттары кызмат акыларды белгилей алышабы?

Жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн кызматкерлерине кызмат акыларын белгилеп же алардын акысына кандайдыр бир таасирин тийгизе алышабы? Кызматкерлердин кызмат акысын белгилөө укугу кимде бар? Алдыда, «Ачык өкмөт» уктуруусун угуп, бул …

Айыл өкмөт ооруканага рентген аппаратын алып берди

Ноокат районуна караштуу Жал айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 4 млн 300 миң сомго рентген аппарат алынды. Рентген коюлган бөлмө 30 жылдан бери бош жаткан. Бөлмөнү ремонттон өткөрүп, рентген аппараты иштөө …

Кулатов айыл өкмөтүн көрктөндүрүүгө 200 миң сом бөлүндү

Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө өлкөдө жарыяланган үч айлык көрктөндүрүү боюнча айыл өкмөттөгү жалпы мектептерге арча, көчөт, гүлдүн түрлөрүн эгүү үчүн атайын акча каражты бөлүнгөн. Учурда көрктөндүрүү иштери аяктап калды.

Учкун айыл өкмөтүндө салык аз чогулду

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө жалпысынан 30% гана салык чогулду. Салыктан чогулган акча жергиликтүү бюджеттин өзөгүн түзөт.

Шейшемби
16 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...