Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: ачык өкмөт

Суу жетишсиздиги түшүмгө таасирин тийгизди

Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагында күзгү жыйноо иштери 95% га жыйынтыкталды. Жергиликтүү эл башка жылдарга салыштырмалуу жаан-чачындын аз жана суу жетишсиздигинен улам эгиндердин түшүмдүүлүгү төмөн болду дейт.

Айылдын өнүгүшү үчүн жаштар менен бирге иштешүү колго алынат

Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагында жаштар менен бирге иш алып баруу үчүн аракеттер көрүлүп жатат. Айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтканына караганда жакынкы аралыкта бир долбоордун алкагында жаштар менен иштешүү …

Суусамыр: Мектепке көзөмөл жүргүзүү камералары орнотулду

Жаңы окуу жылы мектептеги жакшы өзгөрүүлөр менен башталды. Суусамыр айыл аймагындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебине айыл өкмөт тарабынан көзөмөл жүргүзүү камералары орнотулду. Бул мугалимдер жана окуучулар үчүн күтүүсүз жаңылык …

Ооган-Талаа: Жаңгак — кошумча киреше булагы

Жалал-Абад облусунда жаңгак терүү башталды. Могол айыл аймагындагы жаңгактар эки жылдан бери аз түшүм берип келет. Жаңгактын түшүмү жакшы болгондо кошумча киреше булагы болот дейт жергиликтүү тургундар. Материалдын аудио версиясын …

Талды-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы чыгымдары

Базар-Коргон районундагы Талды-Булак айыл өкмөтүнүн жалпы чыгымдары дээрлик 5 миллион сомду түздү. Бул каражаттын негизги багытары тууралуу башкы эсепчиси Эркинбек Абдраимов маалымат берди.

Кеңеш: Түшүмдү оруп-жыюу 90% аяктады

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында күзгү талаа иштери сентябрь айынын ортосунда башталган. Учурда эгиндерди оруп-жыюу иштери 90%га жыйынтыкталды. Жалпысынан 2296 гектар жер айдалган.

Барскоон: Эгин талаалары жылдан-жылга азаюуда

Жылдан-жылга айдоо жерлерге эгин сепкендердин саны азаюуда. Буга күн санап күйүчү майдын кымбатташы, жазгы эгин айдоодон баштап күзгү оруп-жыйноого чейинки кеткен каражат, алынган түшүмдүн баасын актабай калгандыгы себеп болууда.  Материалдын …

Үй-бүлөлүк каржы күздөгү түшүмдөн көз каранды

Быйыл Ак-Талаа району боюнча 4257 гектар дан эгиндери эгилген болсо, мунун ичинен 1 803 гектар аянтына буудай, 2454 гектар аянтына арпа айдалган. Учурда дан эгиндерин оруп-жыйноо 81 % пайызга аткарылды.

Могол: Тазалык акциясына 800 адам катышты

Могол айыл өкмөтүндө «Дүйнөлүк тазалык күнүнө» карата акция уюштурулду. Тазалык иш-чарасына айыл өкмөттүн ар бир көчөсүндөгү жашоочулар активдүү катышып, жалпы 800гө чукул адам болду. Жыйынтыгында 4 унаа таштанды чыгарылган.

Куланак: Окуу онлайн форматта башталды

Нарын районунда жайгашкан 33 мектеп 15-сентябрь күнү эшигин ачып, салттуу окутууну баштады. Бирок, Куланак айылында жайгашкан Абдылда Аралбаев атындагы орто мектеби гана балдарга онлайн форматта билим берүүдө.

Барскоон: Жаңы трансформаторлор орнотулду

Барскоон айыл өкмөтүнүн бюджетинен кышка даярдык катары 1 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, ага 1 трансформатор жана электр мамычалары орнотулуп, электр чубалгылары дагы оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлүүдө.

Ак-Чал айылында жаңы бала бакча ишке берилди

Ноокат районунуна караштуу Ак-Чал айылында «Ак Ниет Нуру» балдар бакчасынын курулушу бүткөрүлүп, ачылуу аземи болду. 75 балага ылайыкташтырылган бала бакчанын курулушу 2017-жылы башталган.

Кеңеш: Алдыңкы окуучулар стипендия алышат

Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө жалпы беш орто мектептер бар. Жаңы 2021-2022-окуу жылынан баштап мыкты окуган окуучуларга ай сайын стипендия берилет. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Шапиев Билим күнүнө карата …

Эл көтөргөн жер маселеси

Тогуз-Торо районунун Кара-Суу жана Табылгыты айылдарында коомдук угуулар өткөрүлдү. Жергиликтүү тургундар тарабынан жер маселеси көтөрүлүп, ал элдик жыйынга бекитилген. Коомдук угууда калктын ой — пикирин эске алуу менен ижарага берилген …

Суусамыр: Мектеп даярдыгы жана мугалимдердин эмдөөдөн өтүүсү отурумда каралды

Суусамыр айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештин 5-кезектүү отуруму болуп, орчундуу маселелер катары мектептердин даярдыктары жана мугалимдердин эмдөөдөн өтүүсү талкууга алынды. Отурумга 14 депутат, айыл өкмөт жана айыл ичиндеги мектептердин жетекчилери катышты. …

Ак-Талаада кышка карата көмүр тартуу иштери баштала элек

Ак-Талаа районунда бюджеттик мекеме-ишканаларга жана элге 16 миң тоннага жакын көмүр керектелет. Мунун ичинен 3 миң тоннага чукул көмүр мекеме-ишканаларга, ал эми эл үчүн 13 миң тоннадан ашык тартылышы керек. …

Куланак: ГЭС менен бирге сугат суу үчүн канал курулабы?

Нарын районуна караштуу Куланак айылына жакынкы арада ГЭС курулганы турат. ГЭС куруучулар айыл тургундары үчүн сугат суу үчүн канал куруп берүүнү убада кылып келишет. Эгер канал курулуп, ишке кирип калса …

Аудио: Кулатов айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгү

Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү кеңештин депутаттары бала бакча, мектеп, оорукана жана ФАПтардын кышка карата даярдыгы боюнча жакындан таанышып, көйгөйлөрүн билүү үчүн жүрүш уюштурду. Кыдыруунун натыйжасында мекеме, ишканалардын …

Кеңеш айыл өкмөтүндө кышка даярдык жакшы

Кеңеш айыл өкмөтүндөгү бардык мектептер жана бала бакчалар жаңы 2021-2022 окуу жылына даяр. Ремонт иштери бүтүп, ал эми азыркы учурда кышка даярдык жүрүп жатат.

Барскоон: Жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгү

Устүбүздөгү жылдын апрель айында жер-жерлерде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоосу болуп өткөн. Барскоон айыл аймагында дагы болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен 21 депутат шайланып келген. Бул аралыкта жергиликтүү кеңеш кандай иштерди …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...