Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Талды-Булак айыл өкмөтүнүн депуттары жана алардын ишмердүүлүгү менен тааныштырабыз. Ошондой эле бул айыл аймактын көйгөлөрү жана анын чечүү жолдору туурасында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин угабыз. Материалдын …
2018-жылы Барскоон айыл аймагынын Көкой жаңы конушунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кыян жүрүп, бир топ айыл тургундарынын үйлөрүн каптап кеткен. Учурунда жаңы конуштун четинен казылган канал кичине болгондуктан жергиликтүү тургундар …
Учкун айыл өкмөтүндө турак жайларды камсыздандыруу 2018-жылы башталган. Анын бирден — бир максаты өрттөн жана табигый кырсыктан жапа чеккен тургундардын турак жайлары мамлекет тарабынан камсыздандырылышы болуп саналат. Куланак айылынын тургундары …
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндө «Үлгүлүү үй» аттуу сынак болуп өттү. Сынак ушул жылдын 15-октябрында APNIP долбоору тарабынан жарыяланган. Ага жети үй-бүлө катышып, анын бешөө байгелүү орундарды ээлешти.
Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңешинин 6-кезектүү отуруму болуп өттү. Анда бюджеттин жана өнүгүү программаларынын аткарылышы, таза суу маселеси, элден түшкөн арыздар каралды.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин социалдык маселелери боюнча комиссиянын мүчөлөрү аймакка караштуу мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункттардын кышка даярдыгы менен таанышып чыгышты. Текшерүүдөн кийинки маселелер жергиликтүү кеңештин кезектеги сессиясына коюлуп, алардын ичинен …
Барскоон айыл аймагында жергиликтүү кеңештин 3-кезектүү сессиясы болуп өттү. Анда айыл ичин жарыктандыруу жана көпүрөлөрдү оңдоо, суу тартып келүү маселелери каралып, бюджеттен акча каражаты бөлүндү.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн Баглан айылындагы «Баглан» орто мектебинин филиалы болгон жаңы мектептин курулушу аяктоодо. Мектеп башталгыч класстар үчүн 100 балага ылайыкташтырылган.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы “Куланак” насосу 3 айылды сугат суу менен камсыз кылып келет. Бирок каналдын ичин камыш, талдар басып, суу берүүдө тосколдуктар жаралган. Учурда жүргүзүлүп жаткан тазалоо иштери …
Ак-Талаа районунда кышка камылга мурдагы жылдарга салыштырмалуу кеч башталды. Бюджеттик мекемелерге көмүр отуну тартылганы менен элге тартылып бүтө элек. Бирок, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жалгыз бой кары-картаңдарга бир тоннадан көмүр …
Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында 26-октябрда «Алтын күз — 2021» сынагы болуп өттү. Ага айыл өкмөттөгү бардык айылдардын айымдары катышты.
Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылындагы суу түтүктөрү колдонууга берилгенден тартып бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. 55 жыл ичинде эскирген түтүктөр тургундарга айрыкча кышкысын көйгөй жаратат. Бул тууралуу …
Тоолорго кар түшүп, күн сууктап калган убак. Элетте кышка даярдык жүрүп жаткан кези. Бирок, айыл тургундары сатыкка көмүрдүн чыкпай жатканын айтып, тынчсыздануусун билдирди. Суусамыр айылындагы тургундар менен мекемелердин кышка даярдыгы …
Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө малдар жайлоодон түшкөндөн бери дарылоо иштери башталды. Кой, эчкилерди купкалоо иштери колго алынып, жумуштар жыйынтыкталды.
Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагында техниканын начар абалынан улам таштанды чыгарууда көйгөйлөр жаралып келген. Бул маселени чечүү үчүн Каргалык жана Тогуз-Торо айыл аймактарына техникалар грант катары берилди. Бүгүнкү күндө Беларусь-82.1 …
Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары алты айылдын мектептерин жана бала бакчаларын кыдырып чыгышты. Анда мектептердин жана бала бакчалардын кышка даярдыгы, ремонтторунун абалы, ысык тамак берүү тартиби ж.б …
Суусамыр айылындагы Көкөмерен дарыясына курулган көпүрө ушул жылдын август айында кулап калган. 2017-жылы курулуп, колдонууга берилген көпүрөнүн кулап калышы тургундар үчүн табышмак болду. Көпүрөнүн кулап калышы мал-жандыктарды айдап өтүүдө жана …
Кеңеш айыл аймагында күз-кыш мезгилдерине даярдыктарды көрүү максатында 16-октябрь күнү ишембилик болуп өттү. Ага жалпы айыл аймактын жашоочулары жана мамлекеттик кызматкерлер катышты. Ишембиликте тазалоо иштеринен тышкары борбордук жолдордогу чункурчалар жамалды.
1-октябрь карылар күнүнө карата Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү 80 жаштан жогору болгон 125 жергиликтүү тургундарга сый тамак уюуштуруп, чакан белектерин беришти. Ардагерлердин көңүлдөрүн көтөрү үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун …
Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айыл өкмөтүндө мал-жандыктар үчүн купка куруу иши башталды. Купканын курулушу айыл өкмөт тарабынан колдоого алынып, айылдык кеңештин депутаты Жылдызбек Доктурбек уулунун демөөрчүлүгү менен курулуш иштери жүргүзүлдү. …