Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы «Ак-Талаа-Баетов» муниципалдык спорт клубу керектүү спорттук инвентарлар менен толукталды. Тактап айтканда, Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан 577 400 сом, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 50 миң сом бөлүнүп, …
Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында райондогу тургундардын суроолоруна жооп берди. Айрымдарын сунуштайбыз. Долбоор Кыргызстандагы Фридрих Эберт фондусунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Динара Исаманбетованын маалыматына караганда КРнын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы 273-токтомунун жобосунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жалпысынан 5 жана андан көп …
Ак-Талаа районунда кызамыкка эмдөөдөн баш тарткандар болууда. Тактап айтканда, 27 адам диний ишенимден, ал эми 11 адам (жалпы 38) шектенүү көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткан. Мындай маалымат бүгүн социалдык …
Ак-Талаа районунда 2024-жылдын 6 айында бруцеллездун 16 учуру катталган. Ал эми былтыркы жылдын алты айына салыштырмалуу 10 учурга өскөн. Бул тууралуу бүгүн социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар …
Ак-Талаа районунда бүтүрүүчүлөрдүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына арналган салтанат өтүп, анда Баетов айыл аймагына караштуу 4 мектепке Баетов айыл өкмөтү тарабынан акчалай сыйлыктар жана сертификаттар тапшырылды.
Ак-Талаа районунда Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебине Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыковдун демөөрчүлүгү астында “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды.
«Ачык өкмөт” долбоорунун алкагында түз эфирде Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров суроолорго жооп берди. Айрымдарын сунуштайбыз.
Ак-Талаа районунун акими Ж.Жапаров «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында тургундардын суроолоруна түз эфирде жооп берди. Суроолордун мазмуну таза суу, жол, ирилештирүүнүн күңгөй-тескейи тууралуу болду. Төмөндө айрымдарын сунуштайбыз.
25-май дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жоголгон балдардын эл аралык күнү катары белгиленет. Бул күндүн келип чыгуу тарыхы Америкадан башталат.
2024-жылы Чернобыль АЭСдеги жарылууга туура 38 жыл толду. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга Кыргызстандан үч миңден ашуун адам катышкан. Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Турсунбек Осмонов дагы дал ошол алааматтын каскагын жоюуда …
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына кичи ГЭСтин курулушу башталды. Кечээ айыл аксакалдарынын батасы менен тендерди утуп алган » Бай Строй» жоопкерчилиги чектелген коому курулуш ишин баштады.
Ак -Талаа райондук Н.Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары «Жаш музыкант 2024» облустук кароо-сынагына катышып, байгелүү кайтышты. Тактап айтканда аталган сынак музыкалык мектептер арасында 15-май күнү Жумгал районунун Миң Куш …
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде 1-4-класстын окуучулары үчүн атайын жаңы кичи спорт зал пайдаланууга берилди.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин жыйындар залына Нарын облусунун жана Ак-Талаа районунун Ардактуу атуулу Маметшерип Жаңылышовдун ысымы берилип, ачылыш салтанаты болду. Иш-чарага агайдын туугандары, үй-бүлөсү, замандаштары, кесиптештери, ардагерлер, …
Жыл сайын Ак-Талаа райондук билим берүү бөлумү тарабынан салтка айланган-агартуу айдыңындагы мыктыларды, алдынкы окуучу жана мугалимдерди, командаларды сыйлоо салтанаты уюуштурулат.
Ак-Талаа району боюнча билим берүүдөгү ийгиликтерге арналган салтанатта республикалык жана облустук олимпиадада райондун, облустун намысын коргогон окуучулар жана алардын мугалимдерине коомдук ишмер «Мирбек Раимов» атындагы стипендия-сертификат жана коомдук ишмер Жылдыз …
2-май күнү Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Ак-Талаа районунда билим берүү тармагынын жыйынтыктоочу салтанатына катышып, окуучуларды билимдүү болууга чакырды.
2-май күнү Ак-Талаа районунда мугалимдер жана тарбиячылар арасында «Мыкты мугалим-2024» жана «Мыкты тарбиячы-2024» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.
Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Терек айылына «Жашыл Мурас» улуттук жашылдандыруу долбоорунун алкагында бактын көчөттөрү тигилди.