Пандемия башталгандан тартып көпчүлүк кароо сынактар да аралыктан өтүп, окуучулар арасында нааразычылыктар көп. Себеби, окуучулар бетме-бет таймашып, өзүлөрүнүн жеке катышуусунда өткөн сынактар таза өтөт деп ишенишет.
Тогуз-Торо районундагы Атай айылына пандемия учурунда, «Ас-Сафа»коомдук фондусу тарабынан жергиликтүү тургундарга жардам берилди.
Дүйнө жүзү COVID-19 илдети менен күрөшүп жатканына эки жылдын жүзү болду. Бул аралыкта аны дарылоо алгоритмдери бир канча ирет өзгөртүлдү. Дарыгерлер мезгил-мезгили менен ар кандай окутуулардан өткөрүлүп, чукул кырдаалда чечим …
Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылы тоолордун так ортосунда жайгашкандыктан, туризмге эң ылайыктуу айыл болуп эсептелет. Ал айылда жашагандар да чет элдик туристтерге ар түрдүү каада-салтты көрсөтүп, ат менен тоолорго алып чыгып …
Ковидке каршы вакцина даяр болору менен биздин өлкөдө дагы эмдөө жүрүп баштаган. Коллективдүү иммунитет пайда кылыш үчүн калктын жок дегенде 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек эле. Ал эми Ача-Кайыңды айылынын …
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылындагы «Баатыр эне- Шорукова Какен апа» атындагы балдар бакчасынын жаш тарбиялануучулардын ден соолугу канааттандырарлык. Бул тууралуу бала бакчасынын директору Жаркын Кенжебаева билдирди.
Өлкөдө ковид-19 илдети катталганга чейин аралыктан билим алуу деген түшүнүк болгон эмес. Качан гана оору башталып, бардык билим берүү мекемелери жабылып аралыктан окуу режимине өтүштү. Мына ушул аралыктан окуу канчалык …
Пандемия күчөп жаткан 2020-жылы №6 Адиба Ильясова атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине ашкана курула баштаган. Жумуштун баары токтобой, заманбап ашкананын курулушу аяктап балдарга тамак ошол жерде жасалып жатат.
Коллективдүү иммунитети адамдардын басымдуу көпчүлүгү ооруга каршы иммунитети болгондо гана иштейт. 10-15% эмделбеген адамдар түрүндөгү кичинекей ажырым эпидемиялардын үзгүлтүксүз кайра жанданышына же коомдун чакан чөйрөлөрүндө патогендин айлануусуна алып келиши мүмкүн. …
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылы 2021-жылдан баштап туристтерге маданий мурастарды тааныштыруу максатында «Маданий айыл» (Cultural Village) статусун алган. Бул иш Корея мамлекетинин долбоору аркылуу ишке ашкан.
Учурдагы «Омикрон» штаммы бүткүл Кыргызстанда болуп жаткандыгы баарыбызга маалым. Бул тууралуу Чолпон айылынын тургундарынан кабар алдык.
«Пандемия башталганга чейин аралыктан билим алуу деген түшүнүк болгон эмес. Качан гана оору келип мамлекет бардык ишканаларды, билим берүү уюмдарын, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин карантинге жапканда аралыктан иштөө, аралыктан …
Кочкор районундагы Кочкор айылында жаңы өсүмдүктөрдүн түрлөрүн өстүрүү жана «Айыл Банк» менен дыйкандардын тыгыз байланышта болушу боюнча маалымат алдык.
Суусамыр өрөөнүнүн эли мал чарбачылыгы менен алектенип, мал багууда жайыттар колдонулуп келет. Ошондуктан Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды туура багытта колдонуу негизги маселе бойдон калууда.
Фейк- англис тилинен которгондо жасалма, жалган, калп деген маанини билдирет. Азыркы учурда социалдык тармактарда фейк маалыматтардын түрлөрү абдан көп. Алардын кайсынысы калп, кайсынысы чын экенин ажыратуу да өтө кыйын.
2020-жылы пандемия башталганда Кочкор районунун маданият бөлүмүнө да чоң таасири тийген. Маданий иш-чаралар өткорүлбөй, ал эми конкурстар онлайн түрүндө өтө баштаган. Убакыттын өтүшү менен азыр кайрадан маданият кызматкерлери көптөгөн иш-чараларды …
Пандемия учурунда кош бойлуу болуу канчалык кооптуу? Андан тышкары кош бойлуу айымдар ден-соолугуна кандай көңүл буруусу керектиги тууралуу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери айтып берди.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жайыт иштери пандемиялык кырдаалга карабастан иш мерчемдерге ылайык жүргүзүлүп жатат. Анткени жайыт иштери көпчүлүктүн катышуусу менен жасалбайт.
Эки жыл мурун пандемия башталгандан бери бардык өлкөлөрдө карантин киргизилип, анын ден-соолук үчүн гана эмес, экономикалык кесепетин азыркы күнгө чейин көрүп келе жатабыз. Анын таасири Ача-Кайыңды аймагынын жайыт комитетинин дагы …
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Восточный айылынындагы Жаңы-Жер №2 толук эмес орто мектебинин мугалимдери USAIDдин «Окуу керемет» долбоорунун алкагында пилоттук программаны бүткөндүгүнө карата сертификаттарды, ыраазычылык каттарды жана сыйлыктарды алышты.