Ысык-Көл облусунун Тасма айылында айыл тургундары күнөсканада өсүмдүк ,дары чөптөрдү өстүрүү менен алек болууда.
Нарын районунун Учкун айылында ЮСАИДдин «Бирге окуйбуз» лагери уюшулду. Окутуучулар Нарындан барып окуп келишкен. Бул окуу лагерине 1-4-класска чейинки окуучулар катыша алышат.
2016-жыл тарых жана маданият жылына карата Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинде Сагынбай Орозбаковтун варианты боюнча «Манас тануу»таймашы өттү.
Базар-Коргон районунда жайгашкан Жылдызбек бала бакчасы 2012-жылдан тартып иштеп келет. Бирок бала бакчанын толук шарттары жок.
Базар-Коргон районуна караштуу Көктонду айылындагы чебер айым Айчүрөк Исмайилова өзүнүн кол өнөрчүлүгүн көрсөттү. Бул өнөр менен ал 10 жашынан бери алектенип келе жатканын айтат.
Базар-Коргон районундагы Узун көчө айылы менен Ортоңку айылын бириктирүүчү көпүрө жараксыз абалда. Жамгыр жааган сайын жер көчүп, жар болуп жатканын айыл тургундары билдиришти.
Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы №17-гимназия мектебинде 11-класстар арасында диний экстремизм жөнүндө тегерек стол болду. Сабакта диндин оң жана терс тараптары талкууланды.
«Клооп медиа» коомдук фондунун журналистика мектебинен окуп келген Жанара Асанкул кызы алган билимин айылдагы журналистикага кызыккандар менен бөлүштү. Анын тренинги 26-27-февралда болуп өттү.
Т. Айбашев орто мектебинде Манас тануу сынагына Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу 9 мектеп катышты. Сынак 26-февраль күнү болуп өттү.
“Тарых жана маданият жылына” карата Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде ар аптанын жума жана ишемби күндөрү ата-энелер арасында ар түрдүү спорттук мелдеш өтүп туруу белгиленди.
Ак-Талаа районунда окуучулар арасында «American Song Contest 2016» аттуу англис тилиндеги ырларды аткаруу боюнча сынактын жарым финалы өттү. Бул сынактын максаты — англис тилин өздөштүрү жана АКШнын ырдоо маданиятынын таануу …
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жаз мезгили келип, күндүн жылуу болгонугуна байланыштуу айлана чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү иштери башталды.
Маалымат жыйынында жергиликтүү бийлик ээлери 2015-жылда аткарган иштерин айтып, 2016-жылга карата пландарын бекитишти.
Кышында А. Аралбаев орто мектебинде чакан линейкалар, сынактар көп уюштурулду. Себеби 25-январдан 25-февралга чейин математикалык бир айлыкка байланыштуу 6- класстар арасында чакан линейка болуп өтсө, кыргыз тил сабагы боюнча 17-февралда 7-класстар …
Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында “Жаш таланттар-2016” фестивалы 25-февралда болду. Фестивалга беш айыл катышып, ар бир айылдан отузга жакын окуучулар келишти. Окуучулар келген айылдарды тосуп алышып, ар бир мектепке …
23-Февралда Атамекенди коргоо күнүнө карата Суусамыр айылында балдар арасындагы күрөш оюну болуп өттү.
Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 11-класстын окуучулары арасында аскердик-спорттук “Зарница” сынагы өттү. Сынак жободо белгиленген тапшырмалардын негизинде өтүп, окуучулар жигердүү катышты.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылында мыкты жигит конкурсу болуп өттү. Мыкты жигит конкурсу 23-февралга карата болду.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылында жаңы мончо ачылды. Мончону айыл тургуну Занаш Молдожанов 2015-жылда кура баштаган эле.
Байыш орто мектебинин чоң көйгөйү зал болчу. Ал жердин курулганына окуучулар эле эмес мугалимдер да кубанышты. Анткени буга чейин алар сырттагы мектеп аянтында ойноп келишкен болчу.