Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы Койлук базарында багбандар күзгү мөмө жемиштерди алып чыгып сатышууда. Дыйкандар өткөн жылдарга караганда бул жылы түшүм күтүлгөн жыйынтыкты бербегендигин айтышат.
Салттагыдай эле кыш мезгили жакындаган сайын өткөрүлүүчү жолбун иттерди аттыруу иштери жүрүп жатат.
Бүгүн 14.10.2016-жылы Сүлүктү шаардык мэриясы тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөн координациялык Кеңешме бүткөндөн кийин, Кеңешменин бардык мүчөлөрүнүн катышуусу менен шаардын активи: Аксакалдар Соту, Аялдар Кеңеши, Жаштар Ынтымак Коому, мекеме ишканалардын жетекчилери, мечиттердин имамдары …
Сүлүктү шаары боюнча «Улгайган жарандарга камкордук» акциясы уланууда. Учурда депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Каныбек Исмаилов аз камсыз болгон 22 үй-бүлөгө ар бирине 500 кгдан бекер көмүр жеткирип берди.
Баткен облусу Сүлүктү шаарындагы Кызыл Булак жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, шаардык кеңештин депутаты Карабаев Исманали тарбынан аз камсыз болгон 2-топтогу майып, Мамбетова көчөсүнүн 36-үйүнүн тургуну К. Авазовага көмүр, ун, пахта …
Бугун 05.10.2016-жылы Кыргыз Республикасынын башка аймактарында, анын ичинен Баткен облусунун Сүлүктү шаарында да «Мугалимдердин кесиптик майрамы» белгиленди. Шаарынын Маданият сарайында өткөрүлгөн аземдин катышуучуларынан маек алдык.
Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Каныбек Арзибекович Исмаилов өзүнүн кичи мекени болгон Сүлүктү шаарынын Бакыбек айылына көпүрө куруп берди.
Баткен облусу боюнча 15-сентябрдан баштап 15-октябрга чейин «Улгайган жарандарга камкордук» акциясы жүрүп жатат.
Кошбулактагы Сүлүктү Педагогикалык окуу жайында 01.10.2016- жылы улгайган жарандардын күнүнө карата «Карысы бардын-ырысы бар» аттуу акция өтүп жатат.
Быйыл Лейлек районунун Андарак айылында алманын түшүмү аз болду. Ага быйылкы жыл жаан-чачындуу болгону себеп болгон.
Кыргыз тилинин 27 жылдык майрамынын жүрүшүндө кесиптик лицейдин директору Буусара Жалалова мекеменин эмгек жамаатын жана окуучуларын куттуктап өттү.
23-сентябрь тил майрамына карата “Манас” орто мектебинде окуучулар арасында “Улуттун улуулугун сактаган Эне-тил” аттуу конкурс болуп өттү. Анда биринчи орунду 5-а класс утуп алды.
Кыргыз тил күнүнө 27 жыл толду. Эне тил майрамы Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас орто мектебинде да өзгөчө белгиленди.
Лейлек районунун Манас атындагы орто мектебинде быйыл тартип өзгөчө болууда. Ага ылайык, мектеп формасынан тартып, мектепте жүрүү эрежелери да катуу каралууда.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн Андарак айылындагы ички жолдорунун 600 метрине асфальт төшөлүүдө. Буга чейин тургундар жолдун начар экенине нааразычылыгын билдиришип, бул боюнча айыл өкмөт кызматкерлери менен бул боюнча маек курган элек.
Үч-Коргондо каржы сабаттуулугун жогорулатуу үчүн атайын окутуулар уюштурулуусу зарыл. Бул боюнча коомдук ишмер Тажик ассоциациясынын өкүлү Мавлон Абдуразаков бизге курган маегинде айтты.
Cары-Дөбө орто мектебинде 19-сентябрь күнү 5-6-7-8-9-11-класстар арасында спорттун беш түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдеште окуучулар спорттун аркан тартыш, кол күрөш, таяк тартыш, кап менен секирүү түрлөрү менен күч сынашты.
“Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты: Концепция жана мыйзам негиздери” боюнча Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты, жергиликтүү дин кызматкерлери, айыл тургундары менен биргеликте жыйын өткөрүлдү.
Клооптун 2015-жылы уюштурган «Күз-2» жана 2016-жылы уюштурган «Кыш-1» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (март — август) аралыгында сынак …
Кызыл-Кыя шаарына караштуу Козубай Ташбулатов көчөсүндөгү чоң жол сел жүрүп, бүгүнкү күнү начар абалга келген. Шаар мэриясынын тапшырмасы менен жол четиндеги дарактар кесилип тазаланган.