Сокулук районуна караштуу Жогорку Орок айылынын жашоочусу Чынара Биримкулова узчулук менен алектенгенине 16 жыл болду.
Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев мектебинде тхэквондо ийрими 2016-жылдын ноябрь айынан бери өтүлүп келе жатат. Ийримде алты жаштан жогору курактагы кыздар жана балдар катыша алышат, баасы айына 1000 сом.
Жарандык коргоо күнүндө окуучуларга өздөрүн кырсыктарда кантип алып жүрүшү керек экени туралуу айтылды. Ошондой эл ар бир класста класстык сааттар өтүлдү.
Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинде “Себат” лицейине кабыл алуу боюнча сабактардан тест алышты. Ага Сокулук районунун жогорку зонасынын окуучулары келип катышты.
Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев гимназия орто мектебинде физика сабагынан тажрыйба алмашуу боюнча семинар болду. Семинарда 8-а класс ачык сабак өтүп, 9-10-класстын окуучулары класстан тышкааркы иш-чара көрсөтүштү.
Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы медресенин ачылганына бир жыл болду.
Сокулук районуна караштуу Жал айылынын тургуну Майрам Абышова табыштама менен таш кордо даамын өз үйүнөн кардарларына даярдап берет.
Алтынай Ниязалиева Сокулук районуна караштуу Сарбан айылынын тургуну. Ал малина өстүрүү менен алектенгенине 20 жылдай убакыт болуп калды.
Сокулук районунун Жал айылында жашаган Кадыр Саматов тоок багуу менен бизнес кылып, үй-бүлөсүн багып келет. Бул иш менен алектенип келатканына болжолу менен төрт жыл болуп калды.
Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев гимназия мектебинде китеп жумалыгына карата окуучулардын китепке кызыгуусун өстүрүү үчүн иш-чаралар өтүлдү. Иш-чараны мектеп китепканасынын жетекчиси Назгүл Жолдошбекова уюштурду.
Абаскан Медетбеков Сокулук районуна караштуу Жал айылында бал бизнеси менен алектенгенине тогуз жыл болду.
Сокулук районуна караштуу Жал айылынын тургуну Айнидин Сыргашов 20 жылдан бери жыгач устачылык менен алектенип келет. Ал ар кандай жыгач буюмдарды табыштама менен жасайт.
Сокулук районуна караштуу Сарбан айылынын тургуну Динара Жунушалиева жети жылдан бери арча дарактарын өстүрүп сатат.
Оорулар көбүнчө кайсы мезгилде кезигет? Ал оорулардан коргонуу жана айыгуу үчүн ар кандай жолдору бар?
Сокулук районуна караштуу Орок айылынын тургуну Борис Коновалов атасынан үйрөнгөн кесибин 50 жылдан бери улантып келет. Анын көчөт тигүү боюнча “Карликовые сады” атуу китеби да жарык көргөн.
Сокулук районуна караштуу Жал айылында “Аванти” бий тобу ачылганына эки жылдай убакыт болуп калды. Бий тобу негизделгенден бери ийгиликтерди багынтып келүүдө.
Клооптун 2016-жылы уюштурган «Кыш», «Жаз-1», «Жаз-2», «Жай-1» жана «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (сентябрь — февраль+кошумча убакыт) аралыгында сынак …
Шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин IV кубогу 18-23-мартта болуп өттү. Ага Сокулук районунун Жал айылынан жаш шахматчы Азирет Абдылдаев катышып, президенттин диплому менен сыйланды.
Орок айыл аймагынын 5 айылына балдар ойноо аянтчасы курулду. Аянтчалардын салынышына эл ыраазы болууда. Аянтчалар Жал, Кашка-Баш, төмөнкү жана жогорку Орок, Сарбан айылдарына салынды. Селкинчек, карусел, тең-салмактуу селкинчек, кум аянтачасы …
Сокулук районуна караштуу Сарбан айылынын тургуну Абай Алтынбек уулу республикалык ат оюндарынын мелдешинде “Кунан чабыш” боюнча 1-орунду алды.