Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Оттук

Казан-Куйган: Энелер арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде башталгыч классынын мугалимдери  Айнура Сыдыкова жана Аида Калыкова тарабынан «Энелер » күнүнө карата «Эне үйдүн куту» аттуу спорттук мелдеш өткөрүлдү.

22 Май 2023 жыл 9:43

Чет өлкөдөн келген Тиффани окуучуларга англис тилин үйрөтөт

Нарын районуна караштуу Оттук айылына Америкадан ыктыярчылар келип, окуучуларга англис тилин үйрөтүп келишет. Бул жолу Тиффани Гипп үй- бүлөсү менен айылга келип, Табылды Тыналиевдин үйүндө жашап кетти. Анын төрт баласы …

17 Май 2023 жыл 14:21

Жардамдашуудан баштап киреше тапканды үйрөндүм!

Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылынын тургуну Нуржамал Ибраимова ашпозчулук менен эки жылдан бери алектенип келет. Ал тойлорго, азык-түлүк дүкөндөргө буйрутма алып тамак-аш, салаттарды, токочтун түрлөрүн жасайт.

17 Май 2023 жыл 14:14

Сандан сапатка. Сүт багытындагы уйларды багуу кирешелүү

Сүт багытындагы асыл тукум уйларды багуу актуалдуу маселе бойдон калууда. Буга ылайык сүт сатуу менен айыл тургундары көп алектенип жаткан учуру. Азыркы тапта Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Токтосун …

16 Май 2023 жыл 12:46

Оттук: Айылда сүттүн баасы арзандады

Бүгүнкү күндө Нарын районуна караштуу  Оттук айылында тургундар сүттү литрин 24 сомдон сатып жатканы маалым болду. Бул күнүмдүк эле көрүнүшпү же болбосо сүттүн баасы арзандап жатабы?

14 Май 2023 жыл 21:01

Студент: Үй-бүлөм чет өлкөгө окуганга аракет кыл деп айтышчу

Нарын районуна караштуу  Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 2018-2019-жылынын бүтүрүүчүсү Мединай Талантбекова азыркы учурда Туркия мамлекетинин  Караман шаарындагы Караманоглу Мехмедбей университетинде окуп жаткан учуру. Анын чет өлкөдө билим алуусуна …

13 Май 2023 жыл 18:35

Оттук: Айылда гепатит оорусуна каршы эмдөө жүрүп жатат

Дүйнө жүзүндө гана эмес, Кыргызстанда да АИВ, кургак учук сыяктуу эле гепатит илдети да коркунучтуу деп саналат. Аймактарда бул ооруга каршы эмдөөдөн өткөрүү медайымдардын милдети болууда. Нарын районуна караштуу Оттук …

12 Май 2023 жыл 18:39

Казан-Куйган: Министр Түгөл уулу Усупбек мектебине келди

12-май күнү Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев өз сапары менен келип кетти. Иш-чарага Нарын мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин …

12 Май 2023 жыл 15:31

Оттук: Окуучулар «Оттук-Аян» футбол чемпионатында ат салышты

9-май Жеңиш күнүнө карата Бишкек шаарынын Vivat кичи-футбол залында OAFC чемпионаты өткөрүлүп, футбол боюнча оюн уюштурулду. Буга Нарын районуна караштуу Оттук айылынан «Аян ынтымагы» командасы катышып, 3-орунду ээледи.

12 Май 2023 жыл 11:25

Казан-Куйган: Дене тарбия мугалими гиря көтөрүү таймашында 1-орунду ээледи

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Марс Аскербек уулу гиря көтөрүү боюнча спорттук таймашта 1-орунду багындырды. Аталган спорттук таймаш Жалал-Абад облусунда өткөрүлүп, ага 2000 …

11 Май 2023 жыл 10:57

Нарын: «Урааным Манас» сынагына 1200 окуучу Манас айтты

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-2026-жылдарда «Инсандын руханий адеп-ахлактын өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндө концепциясынын жана «Улуттук нарк» Жарлыгына ылайык өлкө боюнча өткөрүлгөн кароо сынакка Нарын районунан 1200 окуучу «Манас» эпосун өзгөчө …

9 Май 2023 жыл 13:00

Бала төрөлгөндөн тартып депозит ачыңыз!

Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылынын тургуну Салима (аты өзгөртүлдү) жолдошу менен уулуна депозит ачып, ал мектепти аяктаган соң бир бөлмөлүү батир алып беришкен.

9 Май 2023 жыл 12:20

Оттук: Сейил бакка жашылдандыруу иштери жүргүзүлө баштады

Нарын районуна караштуу Оттук айылында » Жашыл Мурас» өнөктүгүнүн алкагында жаңыдан ачылып жаткан сейил бакка 100 көк карагайдын, 1000 түп теректин көчөттөрү отургузулду. Жашылдандыруу иштерине Нарын райондук  мамлекеттик администрациясы, РОВД, …

3 Май 2023 жыл 11:07

Онлайн сабак берүү аркылуу киреше табуу маанисин колдон

Оттук айылынын тургуну Адель Эсенгулова айылда онлайн тиркемелеринде балдарга чет тилин үйрөтүп келет. Анын онлайн курс ачуусуна ата-энелер себеп болгон.

30 Апрель 2023 жыл 13:52

«Келечекке бирге кадам! китеп окуу сынагы жыйынтыкталды

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде 23-апрель китеп күнүнө карата ата-энелердин китеп окуу сынагы өткөрүлдү. Сынакка Нарын райондук администрациясынын акимдин орун басары Анара Орозказиева, Нарын райондук билим …

30 Апрель 2023 жыл 10:55

Казан-Куйган: Мектепте «Келгиле бирге окуйбуз!» долбоору уланууда

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде балдардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында ата-энелер, окуучулар менен биргеликте «Келгиле бирге окуйбуз!» долбоору уюшулуп, ай сайын өткөрүлүүдө. Бул долбоорго башталгыч …

24 Апрель 2023 жыл 15:20

Оттук: Садык-Ата балдар бакчасы республикалык таймашында 2-орунду ээледи

Республика боюнча балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн уюштурулган «Манас таануу» интеллектуалдык таймашында Нарын районуна караштуу «Садык-Ата» балдар бакчасынын жаш тарбиялануучулары 2-орунду ээлешти. 

23 Апрель 2023 жыл 13:11

Нарын:Түгөл уулу Усупбек мектебинен үч окуучу Кыргызстандын мыкты окуучусу наамын алышты

Жыл сайын “Дордой” ассоциациясынын директору Аскар Салымбековдун колдоосу менен “Кыргызстандын 100 мыкты окуучусу” кароо сынагы жарыяланып, жыл мыктылары аныкталат. Бул сынакта Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин …

18 Апрель 2023 жыл 10:56

Баланын төрөлүшү жакындардын эмес, түгөйлөрдүн каалоосу болушу керек

Үй-бүлөнү пландаштыруу абдан жоопкерчилик менен карай турган маселе. Аны пландабай жашоо турмушун же өздүк билим алуусун чектеп койгондор да жок эмес. Ошондой эле бул чечимди көп учурда түгөйлөр эмес жакындарынын …

14 Апрель 2023 жыл 18:31

Мектептеги кыздар уюму өспүрүм кыздарга колдоо көрсөтөт

Жалпы билим берүү мекемелеринде өспүрүм кыздар менен иш алып баруу үчүн кыздар уюму уюшулат. Анда жалпы ишти көзөмөлдөө үчүн төрайым жана 5-11-класстын кыздары иш алып барышат. Нарын районуна караштуу Түгөл …

24 Март 2023 жыл 17:12

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...