Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде ата-энелер жана окуучулар менен бирге мектеп рекетчилиги туурасында талкуу болду.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде 7-апрелге карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. “Эр төрөгөн эр өлбөйт” деген аталышта Баатырлар залы уюштурулуп, анда курман болгон кыргыз уулдарынын сүрөттөрү коюлду.
Коңорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинде Элдик революциянын 7 жылдыгына карата мугалимдер жана окуучулар менен бирге “Түбөлүк таазим силерге, апрель баатырлары” деп аталган иш-чара өттү. Алгач курман болгондордун арбагына багышталып …
Бүгүн Ак-Талаа райондук маданият үйүндө “Ыйман, адеп жана маданият жылына” жана Элдик революциянын 7 жылдыгына карата “Туугандуу бийде ыйман жок” жана “От тамган онунчу жыл” аттуу поэзия кечеси болду.
Ак-Талаа районунун маданият үйүндө “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалимдер жана окуучулар жамааты даярдаган отчеттук концерти болду.
Ак-Талаа районундагы Конорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинде эң мыкты көрсөтмө куралдардын сынагы болуп өттү. Ага мугалимдердин фантазиясынан жаралган сабакка колдонуучу оригиналдуу жасалган ар кандай кыймылдуу көрсөтмө куралдар коюлду.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында кенже кызматкерлер арасында “Сармерден” өнөр оюнун өткөрүү салтка айланып баратат. Бул жолу Баетов айылындагы Д.Ажиев атындагы клубда аталган өнөр оюнунун экинчи айлампасы болду.
Клооптун 2016-жылы уюштурган «Кыш», «Жаз-1», «Жаз-2», «Жай-1» жана «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (сентябрь — февраль+кошумча убакыт) аралыгында сынак …
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата кыз-келиндер арасында волейбол оюну боюнча мелдеш өттү. Ага жалпы жети команда катышты.
Кыргызстандын бардык аймактарында малга бирка басуу иштери жүрүп жатат. Иштер Нарын районунун Куланак айылында да жүргүзүлүүдө.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында 19-март күнү “Айыл ажары” аттуу сулуулар сынагы өткөрүлдү. Ага 9-10-класстын окуучу кыздары катышышты.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Жаңыл Кыдырова бир эмес, эки кесипти аркалайт. Ал мектепте математика сабагынан берсе, бош убактысында айылдаштарынын табыштамасы менен кийим тигет.
Быйылкы жылы республикалык «Жоокер ыры» аскердик-атуулдук сынагы 4-жолу өткөрүлүп жатат. Нарын облусунан үч номинация боюнча үч окуучу катышып, учкундук окуучу «Көркөм окуу» номинациясынан 3-орунга ээ болду. Окуучуларды Нарын облусунун военкоматынын …
Быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу кар калын түштү. Күн жылыгандыгына байланыштуу кар тездик менен эрип, айылдын көчөлөрү шаркырап аккан сууга, айрым көчөлөр суулуу карга толду. Мындай учурда айрым көчөлөрдө унаалар тыгылып, …
«Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын билдирбейт» Даярдаган: Г.Мамытбекова
Нарын районуна караштуу Куланак айылы тоо түбүндө жайгашкандыктан кардын эриши айыл тургундарын кооптондурат. Учурда болгон күч аракеттер жумшалганы менен кырдаал курч бойдон калууда.
«Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын билдирбейт» Даярдаган: Г.Мамытбекова
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде Нооруз майрамына карата окуучулардан каада-салттар кечеси өткөрүлдү.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты тарабынан Нооруз майрамына карата «Кыз-жигит сармердени» өткөрүлдү.
Кезектеги каарманыбыз өрөөндүн “ Мыкты математик” мугалими Шамырканов Нурбек Абыласанович тууралуу болмокчу. Агайыбыз алдынкы мугалим болуунун сырлары менен бөлүшө кетти.