Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

Аудио: Жайлоолорго малдар үчүн туз таратылды

Жайлоодогу малдар күз жакындаган сайын айыл этектеп кача баштайт. Андыктан, ошол малдар үчүн атайын Жайыт комитетинин уюштуруусу менен жыл сайын туз таратылып келет. Быйыл да бул иш аткарылды.

29 Август 2022 жыл 20:11

Ачык өкмөт: Айылдын тазалыгын сактоо ар бирибиздин абийирибизде

Баетов айылы Ак-Талаа районунун борбору болуп эсептелет жана мекеме-ишканалардын көпчүлүгү дээрлик борбордук көчөлөрдө жайгашкан. Райондун аймагындагы айылдардан дагы ар кандай иштери менен жарандар, чет өлкөлүк туристтер байма-бай катташат. Ошол себептүү …

28 Август 2022 жыл 15:38

Токулган оюнчуктар балдарга эстетикалык тарбия берүүгө салым кошот

Бегайым Тилек кызы декреттик өргүүдө бош отурбастан балдар үчүн оюнчуктардын түрүн түйүп сатат. Ал кол өнөрчүлүк менен бала кезинен алектенип келет. Учурда Бегайымдын оюнчуктарына буйрутма бергендердин саны күн санап көбөйүүдө.

27 Август 2022 жыл 6:49

Соң-Көлдө турист тоскон үй — бүлө

Соң — Көлдө турист тоскон Анара айым жана анын үй — бүлөсү туризм тармагында 5 жылдан бери эмгектенип келишет. Жыл сайын чет мамлекеттен келген меймандардын саны арбып жатат.

26 Август 2022 жыл 0:01

Кочкор: «Жаңы чакырыктар-жаңы бийиктиктер» аттуу август конференциясы өттү

Бүгүн Кочкор районунда 2022-2023- окуу жылынын башталышына карата август конференциясы болуп өттү. Конференцияга Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Омошев, орун басары Ч.Табылдиева, айыл башчысы М.Исраилов, мектеп директорлору, бала-бакча жетекчилери, мугалимдер …

25 Август 2022 жыл 20:25

Оттук: Бала бакча балдарды кабыл алууга даяр

Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Садык-Ата балдар бакчасы жаңы окуу жылына балдарды кабыл алууга толугу менен даяр болду. Жаңы окуу жылына карата Ага Хан фонду тарабынан бала бакчага кошумча  балдарды …

25 Август 2022 жыл 18:15

Акталаада билим берүү кызматкерлеринин усулдук иши өтүүдө

Бүгүн Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде жаңы окуу жылына карата усулдук секциялык иш башталды. Секциялык иш райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинети тарабынан уюштурулуп, ага райондогу бала бакча, мектептердин …

25 Август 2022 жыл 10:55

Булгарыдан буйрутма менен бут кийим тиккен Бакытбек

Бактыбек Жумаманбетов Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну. 25 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, буйрутма алып, ар кандай буюмдарды жасап келет. Алгач ишмердүүлүгүн ат жабдыктарын жасоо менен баштаган Бактыбек кийинчерек …

24 Август 2022 жыл 20:08

Акталаадагы бала бакча жаңы эмеректүү болду

Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылында “Бөбөктай” бала бакчасы жаңы эмеректүү болду.

24 Август 2022 жыл 10:46

Эргүүнү кээде өзүм издейм…

Гулсия Абдрасулова Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылынын тургуну. Акыркы жылдары чыгармачылыкка аралашып, ырларын, чакан аңгемелерин социалдык медиада жарыялап жүрөт. Былтыртан бери “Поэзия ордосу” көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү.

24 Август 2022 жыл 10:18

Чолпон: Атадан атага уланган өнөр

Кочкордун Чолпон айылынын тургуну Чолпонкадыр устачылык кесибин атасынан калгандыгын айтат. Бул ишти эми баласы улантат дейт.

22 Август 2022 жыл 14:49

Сүрөт баян: Медиа ыктыярчылары жаңы билимдерге ээ болушту

Нарын районуна караштуу Оттук, Казан-Куйган айыл аймагындагы Усупбекстан жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары атайын окуудан өтүштү. Бул окууда алар видео жана фото материалдарды даярдоо боюнча тажрыйба топтой алышты. Алар Кыргыз Республикасынын …

21 Август 2022 жыл 20:01

Шырдакбектин чеби жоголуп кетүү коркунучунда турган эстеликтердин бири

Шырдакбек чеби — Борбордук Теңир-Тоодогу Алабуга суусунун оң өйүзүндө, тактап айтканда Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында жайгашкан. Тарыхый маалыматтарга караганда чеп 10 – 13-кылымга таандык.

19 Август 2022 жыл 21:49

Маданият үйүнүн жылуулук системасы жаңыланды

Ак-Талаа райондук К.Султангазиев атындагы маданият үйүнүн жылуулук системасы толугу менен жаңыртылууда. 1967-жылы имарат курулуп, пайдаланууга берилгенден бери бир да жолу оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Ошол себептүү жылуулук тутуму эскилиги жетип, кышкысын …

19 Август 2022 жыл 17:10

Майыптыгы бар жарандардын катышуусундагы фестиваль өтүп жатат

Бүгүн Нарында шаарында майыптыгы бар жарандардын катышуусундагы “Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот” аталышындагы фестиваль өтүүдө. Фестиваль ДМЧА-ЛОВЗ коомдук фонду, “Даткайымдар жамааты,  КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты тарабынан …

19 Август 2022 жыл 16:52

Айымдар сергек жашоону калыптандыруу үчүн бийлешет

Адина Майрамбекова 21 жашта. Учурда Ак-Талаа районундагы Баетов айылында DI аталышындагы бий студиясын ачып, бий үйрөтүп келет. Өзүнүн айтымында 5 жаштагы бала бакчанын тарбиялануучуларынан тартып, 50 жашка чейинки айымдар катышат. …

19 Август 2022 жыл 14:21

Акталаадагы музыкалык мектептин жамааты Эл аралык фестивалга катышат

Ак-Талаа районундагы Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин жамааты жакын арада Туркияда өтүүчү Эл аралык фестивалга катышуу үчүн жөнөп кетишет. Фестиваль Стамбул шаарынын Картал районунда 27-августтан 1-сентябрга чейин өтөт. Учурда …

19 Август 2022 жыл 13:10

Волонтёрлорго видео даярдоо боюнча сабак өтүлдү

Нарын облусуна караштуу, Кочкор районунун, Чолпон айылындагы «Чолпон» жамааттык мультимедиа борборунун коoрдинатору Гулира Сатарова жана волонтёр Кусейин Марат уулу 15-16-августта медиа мүчөлөрүнө видео тартуу жана үн жаздыруу боюнча сабак өтүштү.

18 Август 2022 жыл 17:33

№15 кесиптик лицейде өсүмдүк өстүрүү боюнча тренинг өткөрүлдү

2022-жылдын 10-12-августунда, Кочкор районундагы Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде, 3 күндүк күнөсканада өсүмдүк өстүрүү боюнча тренинг болуп өттү. Тренингге Кыргызстандын 7 облусундагы лицейлердин мугалим, мугалим устаттары келип катышышты.

18 Август 2022 жыл 14:40

Акталаада дарбыз өсөрүн билчү белеңиз?

Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылынын тургуну Дастан Алыбаев үйүндөгү чакан бакчага быйыл органикалык жер семирткичтин жардамы менен дарбыз өстүрүп жатат. Бир даана дарбыздын орточо салмагы 4-5 кг болот. Мындан сырткары бакчасында …

17 Август 2022 жыл 17:46

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...