Быйыл октябрь айынан тарта аба ырайынын кескин муздашы өлкөдө көмүргө суроо-талапты жаратты. Бир канча себептер менен кара алтындын баасы кымбаттап, карапайым элди кыйын абалга кептеп турган маалы. Куу-Майдан айылынын тургундары …
Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында 26-октябрда «Алтын күз — 2021» сынагы болуп өттү. Ага айыл өкмөттөгү бардык айылдардын айымдары катышты.
Кеңеш айыл аймагында күз-кыш мезгилдерине даярдыктарды көрүү максатында 16-октябрь күнү ишембилик болуп өттү. Ага жалпы айыл аймактын жашоочулары жана мамлекеттик кызматкерлер катышты. Ишембиликте тазалоо иштеринен тышкары борбордук жолдордогу чункурчалар жамалды.
Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө арналган мектептер аралык сынак болуп өттү. Ага айыл өкмөттөгү Арбын, Жапар Нышанов, Дары-Суу, Ак-Чабуу жана Шаңкол мектептеринин 9-10-11-класстарынын окуучулары катышышты.
Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында күзгү талаа иштери сентябрь айынын ортосунда башталган. Учурда эгиндерди оруп-жыюу иштери 90%га жыйынтыкталды. Жалпысынан 2296 гектар жер айдалган.
Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө жалпы беш орто мектептер бар. Жаңы 2021-2022-окуу жылынан баштап мыкты окуган окуучуларга ай сайын стипендия берилет. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Шапиев Билим күнүнө карата …
Кеңеш айыл өкмөтүндөгү бардык мектептер жана бала бакчалар жаңы 2021-2022 окуу жылына даяр. Ремонт иштери бүтүп, ал эми азыркы учурда кышка даярдык жүрүп жатат.
Быйылкы жылдын 11-апрелинде Кыргызстан боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өткөн. Жергиликтүү кеңештин депутаттары мандатын алып ишке киргенине 4 айдын жүзү болду. Алар ишке киргенден кийин кандай иштерди аткарды?
Технологиянын өнүккөн заманында медиа-маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу абдан маанилүү. Күн сайын мессенджерлер жана СМИлер такталбаган же болбосо толук эмес маалыматты таратышат. Анын чын төгүнүн аныктап билүү үчүн медиа сабаттуулук керек болот.
Кеңеш айылдык жергиликтүү кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги сессиясы болуп өттү. Ага 18 депутат, өкмөт башчы, башкы бухгалтер жана айыл башчылары катышышты.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Альбина Рахманбердиева айылда спорт менен машыккан айымдардын бири. Ал 2011-жылдан бери көл күрөш боюнча мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды багынтып келет.
Ош облусунун Кеңеш айыл аймагынын Ак-Терек айылында ичүүчү сууну сактоочу жай курулууда. Бул суу сактоочу жайга кеткен материалдар үчүн айыл өкмөт тарабынан 35 миң сом акча каражаты бөлүндү. Ал эми …
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы “Максат” курулуш материалдар дүкөнүнүн иши пандемиянын таасиринен улам бир топ солгундай түшкөн. Дүкөн былтыркы жылдын март айында ачылып, бир аз убакыттан кийин өлкөгө карантин киргизилген.
Былтыркы жылдын март айында башталган пандемиянын кесепети элди кыйын абалга алып келди. Ал эми элеттеги аялдарга кандай таасирин тийгизгенин айыл тургундары айтып беришти.
Ковид -19 вирусу дүйнө жүзүнө тарап, анын ичинде Кыргызстанда да оруну жугузуп алгандардын саны күн санап өсүүдө. Азыркы учурда коронавирустун алдын алуу максатында өлкө боюнча вакцинация жүрүп жатат.
Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын кеңешинин 7-чакырылышындагы депутаттардын кезектеги биринчи сессиясы болуп өттү. Анда айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланды.
Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында 2021-жылга карата коронавирус оорусу менен катталгандар жок. №9 үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунда абал туруктуу, айылдык ФАПтар керектүү дары-дармек, аппараттар менен камсыз кылынган.
Жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн кызматкерлерине кызмат акыларын белгилеп же алардын акысына кандайдыр бир таасирин тийгизе алышабы? Кызматкерлердин кызмат акысын белгилөө укугу кимде бар? Алдыда, «Ачык өкмөт» уктуруусун угуп, бул …
Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Куу-Майдан айылында 7-май күнү кечки саат 6лар чамасында мөндүр аралаш жааган нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрдү. Кесепеттен улам айылдагы кээ бир үйлөрдүн короолорун, жер төлөлөрдү …
Коронавирус илдетине байланыштуу өткөн жылы өлкөнүн бардык аймактарына өзгөчө абал киргизилгени баарыбызга маалым. Мындай оор күндөрдү айылыбыздын кары адамдары үйдөн чыкпай, карантиндин эрежелерин так аткаруу менен өткөрүштү.