Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ош облусу

Ноокат району боюнча тарых сабагынан семинар болуп өттү

17-ноябрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде тарых сабагынан райондук деңгээлде семинар болуп өттү. Семинарга жалпысынан 80ден ашуун мугалимдер катышты.

17 Ноябрь 2023 жыл 21:00

Ноокат районунда балбандар арасында эл аралык күрөш өткөрүлдү

Ноокат районуна караштуу Кыргыз — Ата айыл өкмөтүндө Ош облусу боюнча эл аралык күрөш болуп өттү. Ага Кулатов — Келечек спорт клубунан да балбандар катышып алдыңкы орундарды ээлешти.

12 Ноябрь 2023 жыл 8:24

Заманбап мугалимдин кесиптик компетенциялары деген темада мугалимдерге сабак болуп өттү

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Айбашев атындагы орто мектебинде «Заманбап мугалимдин кесиптик компетенциялары» деген темада психолог Жыпаргүл Шербаева мугалимдерге сабак өттү. 

10 Ноябрь 2023 жыл 21:54

Кызыл-Булак жамааттык медиа борборунун кабарчыларына 2 күндүк тренинг уюштурулду

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы жамааттык мультимедиа борборунда тренинг болуп өттү. Тренингге жалпысынан он ыктыярчы кабарчы окуучу катышты. Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Чынара Нурманова тренингдин окуучуларга тийген …

9 Ноябрь 2023 жыл 12:30

Алдыңкы мугалимдердин тажрыйбасы жайылтылды

7-ноябрь күнү Ноокат районуна караштуу Т.Айбашев атындагы орто мектебинде тажрыйба алмашуу максатында семинар-сабак болуп өттү. Аны мектептин биология сабагынын мугалимидери Айлар Дарбишова жана Чолпонай Рахманкулова өтүп беришти.

7 Ноябрь 2023 жыл 16:44

Сарыктын А түрү менен Т. Кулатов айыл аймагында 32 адам катталды

Ош облусунун Ноокат районунун Т.Кулатов айыл аймагында быйыл 28 бала сарыктын А түрү менен стационардык даарыланып жатышса, калганы амбулатордук түрдө даарыланып жатат. Оору алгач бала бакчада башталган. Учурда даарыланып жаткандардын …

7 Ноябрь 2023 жыл 15:21

Ноокатта дыйкандар алманы 20-30 сомдон сатышууда

Быйыл Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө алма түшүмү аз болду. Дыйкандар 1 кило алмаларын 20-30 сомдон сатышты.

7 Ноябрь 2023 жыл 14:47

Ноокатта кыздар STEM боюнча билимдерди алышууда

“Балдарды Коргоо Борбору” коомдук бирикмеси БУУ Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууда. Долбоордун максаты — мектептеги өспүрүм кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын мектептен кийинки билимин …

7 Ноябрь 2023 жыл 12:41

Кызыл-Булак айылында кызамык оорусу боюнча абал туруктуу

Өлкө аймагында кызамык боюнча эпидемиологиялык абал курч болуп турат. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылында кызамык оорусу катталган жок. Дарыгерлердин берген маалыматында балдардын бары эмдөөдөн өткөн. 

7 Ноябрь 2023 жыл 12:33

«Таттуу колдор» аттуу кулинардык кружок Т. Айбашев мектебинде ишин баштады

Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы Т. Айбашев атындагы орто мектебинде «таттуу колдор» аттуу кулинардык кружок болуп жатат. Кружоко 6-класстан 10-класска чейинки окуучулар катышып, камырдын жасоо ыкмаларын үйрөнүүдө.

30 Октябрь 2023 жыл 9:52

Арык-Тейт айылында фитнес клубунун ачылышы болуп өттү

Т. Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Арык-Тейт айылында Швейцария мамлекетинин жана Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн жардамы менен фитнес клубу ачылды. Фитнес клуб «Сергек жашоо ден соолукту чыңдоо» долбоорунун алкагында уюшулган. Фитнес …

19 Октябрь 2023 жыл 22:50

Ноокаттагы тарых музейине экскурсия уюштурулду

Ноокаттан чыккан таанымал инсан Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата окуучулар үчүн тарых музейине экскурсия уюштурулду.  Ноокат райондук тарыхый музейинде Н. Исановдун бурчу уюшулган. Бул бурч Н. Исановдун 70 жылдыгында уюшулуп, жубайы …

19 Октябрь 2023 жыл 22:38

Алтын күз майрамы Т. Айбашев мектебинде өткөрүлдү

Т. Айбашев атындагы орто мектебинде алтын күз майрамы болуп өттү. Майрамга 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты. 

14 Октябрь 2023 жыл 22:54

Карыялар күнүнө карата ардагер мугалимдер сыйланды

Ноокат районунун Т.Айбашев атындагы орто мектебинде карыялар күнүнө карата ардагерлер сыйланды. Жалпысынан 25 ардагер келип аларга концерттик кече уюштурулду.

30 Сентябрь 2023 жыл 15:00

23-сентябрь Т. Айбашев атындагы орто мектебинде тил күнүнө карата иш чара болуп өттү

Ноокат районундагы Кызыл-Будлак айылынын Т. Айбашев атындагы орто мектебинде 23-сентябрь мамлекеттик тил майрамы болуп өттү. Ал иш чарага 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты.

22 Сентябрь 2023 жыл 20:20

Ноокат: Мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү

Кеңешмеде алдыга коюлган пландар айтылып, 2022-2023-окуу жылында алгылыктуу иштерди жараткан мектептер жана мугалимдер сыйланышты. Алардын катарында Т. Айбашев атындагы орто мектеби билим берүү мекемелеринин 2023-2024- окуу жылына карата сапаттуу даярдоо өнөктүгүндө …

18 Август 2023 жыл 9:41

Ноокат: Айыл өкмөттөр ортосундагы тажрыйба алмашуу

Ноокат районунун Т.Кулатов айылына Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынан иш тажрыйба алмашуу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары келди. Алар Т.Кулатов айылындагы жасалып жаткан иштерди, тажрыйбаларды көрүүдө.

14 Август 2023 жыл 12:38

Т. Кулатов айылында «Адамды сатууга каршы курөшүү күнүнө карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ноокат районунун Т. Кулатов айыл өкмөтүндө 30-июль «Адам сатууга каршы күрөшүү» күнүнө карата маалыматтык компания Тилебалды Айбашев атындагы орто мектебинин мугалими Матраимова Айиса тарабынан өткөрүлдү. 

31 Июль 2023 жыл 2:53

Адам сатуу: Бул тууралуу эмнелерди билиш керек?

«Бул материал «Демге дем» Медиа борбору» Коомдук фондунун «Адам сатуунун алдын алуу» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги …

30 Июль 2023 жыл 16:24

Т. Кулатов айылында коомдук угуу болуп өттү

Т.Кулатов айылында 2024-жылдагы бюджеттин долбоору боюнча, коомдук угуу болуп өттү. Бул иш- чарада ички көчөлөрдүн кеңейтүүсү, таза суунун жетишсиздиги, электр жарыгы менен камсыз кылуу маселелери каралды.

20 Июль 2023 жыл 9:22

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...