Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Сүрөт: Куланакта жадыраган жаз айы

Нарын районуна караштуу Куланак айылында май айынын башталышы менен бак – дарактар гүлгө оронду. Көз жоосун алган кооздук менен сүрөт баян аркылуу тааныштырабыз.

27 Май 2023 жыл 11:25

Түп: Тасма айылдын кире беришиндеги көпүрө орнотулду

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылынын кире беришиндеги көпүрө 2005-жылдан бери авариялык абалда турган. Быйылкы жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланып жасалды.

27 Май 2023 жыл 10:32

Сары-Булуң: 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташына белек катары үй салып беришти

Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу орто мектебинин 2003-жылкы бүтүрүүчүлөрү 20жылдык юбилейинин ээлери, 6 баланын атасы, аз камсыз үй-бүлөдө жашаган классташы Нуралы Асамадиновго 3 бөлмөлүү үй салып беришти. Үйдүн айланасын эскилерин тазалап, …

26 Май 2023 жыл 22:20

Абдылда менен Нарынбектин «Абысындар» аттуу концерти Чолпондо

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын маданият үйүндө Абдылда Иманкуловдун жана Нарынбек Молдобаевдин «Абысындар» аттуу концертти болуп өттү. Концерт кечки саат 21:00дө башталып, 23:00дө аяктады.

26 Май 2023 жыл 21:44

Май айында жааган кар аралаш жаан көп түйшүктү алып келди

24-майда жааган кар аралаш жаан бир топ түйшүктү алып келип, тоодогу малчылар койлорун тоодон айдап түшүүгө аргасыз болушту. Быйыл жылдагыдан оор аба ырайы катталууда.

26 Май 2023 жыл 20:47

Кулатов: Айылдагы кирпич заводу ишке кирүү алдында турат

Т. Кулатов айылындагы кирпич заводу ишке кирүү алдында турат.   Жумагүл Көчкөнбаева

26 Май 2023 жыл 16:02

Стресс учурунда пайдаланылуучу айрым сунуштар

Такай болуп туруучу стресс, чарчоо жана кыжырдануулар кан тамырлардын спазмасы менен катар артериалдык кан басымдын туруктуу мүнөздө жогорулоосуна алып келет.Айрым адамдар алкоголдук ичимдик ичүү же жогорку калориялуу тамак талап кылуунучу …

26 Май 2023 жыл 15:27

Аймактык журналистер жана аялдар кеңеши менен биргеликте футбол оюну өткөрүлдү

Спорттук мелдешке Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынан түзүлгөн айымдар командасы менен Тогуз -Торо ФМ радиосунун журналистеринен куралган командалар катышты.

26 Май 2023 жыл 15:22

Тогуз-Торо: АПВга каршы эмдөө жүргүзүлдү

Бул АПВга каршы эмдөө келечекте өспүрүм кыздарды адамдын «папиллома» вирусунан келип чыккан онкологиялык оорулардан коргойт деген айдан ачык далилдер бар болгондуктан жасалууда деген билдирүүнү адистер белгилешүүдө. Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында …

26 Май 2023 жыл 15:20

Казан-Куйган: «Үй-бүлөдөгү китеп окуу маданияты» аттуу семинар өтүлдү

Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылынын маданият үйүндө окуучуларга, ата-энелерге, мугалимдерге жана айыл тургундарына «Үй-бүлөдөгү китеп окуу маданияты» аттуу семинар өтүлдү. Бул семинарды жеке ишкер меценат Оттук айылынын тургуну Дуулат Узакбаев …

26 Май 2023 жыл 8:29

Кочкордо аба-ырайы кескин төмөндөдү

Кыргызстан аймагында аба-ырайы өзгөрүүлүүдө. Кочкор районунун Чолпон айылында дагы кар аралаш жаан жаап жатат.

26 Май 2023 жыл 8:00

Оттук айылында Беш-Сары каналы курулууда

Нарын районуна караштуу Оттук айылында Беш — Сары орто жайлоосунда айыл эли үчүн канал курулууда. Бул Беш -Сары каналы иштелип бүтсө айыл эли канча гектарлык суу менен камсыз болот эле. …

25 Май 2023 жыл 22:32

Текстти тескерисинче окуган Аделия

Азыркы учурда республика боюнча «Сен мыктысың» долбоору эң актуалдуу программалардын бири болууда. Бул долбоорго кичинекей жаш таланттар катышып, өзүнүн таланты жана өзгөчөлүгү менен бөлүшөт. Нарын районунун Казан-Куйган айылынын тургуну Аделия …

25 Май 2023 жыл 22:27

Адам сатууну алдын алуу боюнча журналисттер билим алышты

«Медиа борбор «Демге-Дем» коомдук фонду Кыргыз Республикасында адам сатуунун алдын алуу боюнча долбоордун алкагында журналисттер жана активисттер үчүн окутуу уюштурду.

25 Май 2023 жыл 15:51

Бүтүрүүчүлөр мектеп менен коштошушту

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Акыркы коңгуроо» аземи белгиленди. Эшикте аба ырайы суук болуп, жаан жаагандыгына байланыштуу бул кече мектептин спорт залында …

25 Май 2023 жыл 14:59

Эл аралык STEAM олимпиадасы боюнча жеңүүчүлөр сыйланды

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин Республикалык экология жана инновация эссе, видео жана АРТ олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар ыйгарылды.

25 Май 2023 жыл 10:51

Кочкор: Туруксуз аба-ырайынын кесепети тийүүдө

Кочкор районунун тургундарынын дээрлиги мал багуу жана дыйканчылык менен алектенишет. 24-майда Кочкор районунун тоолорунда кар жаап, дыйкандарды жана мал багуу менен алектенген чабандарды түйшөлтүүдө.

25 Май 2023 жыл 8:38

Сүрөтбаян. Кочкордо заманбап эс алуу жайы пайдаланууга берилди

24-майда Кочкор районунун Кара-Суу айылында заманбап эс алуу жайынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Анын ачылышына Кочкор райондук администрациясынын башчысы- аким Э.Омошев, айыл өкмөт башчысы жана айыл тургундары катышты. Эс алуучу …

25 Май 2023 жыл 0:16

«Каражатты чогултуп жана үнөмдүү жумшаганды үйрөндүм»

Нарын облусунун Акталаа районундагы Баетов айылынын кичинекей тургундары Мырзайым Жумагожоева он жылдан бери эжеси Эркеайым менен бирге каражат чогултууну адатка айландырышкан. Алар чоң атасы, чон апасы берген акчаларды эч качан …

24 Май 2023 жыл 18:04

Айылды таттуу токоч менен камсыз кылган ишкер айым

Чолпон айылынын тургуну Таалайкүл Садыбакасова көп жылдардан бери булочка жасоо менен алектенип келет. Ишкердин наабайканасында 1 камыр жууругуч, 2 меш, 1 көптүргүч бар.

24 Май 2023 жыл 17:41

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...