Мындай маалыматты дин өкүлдөрүнүн ата-энелер жана окуучулар менен болгон жолугушуусунда Ак-Талаа районунун акими Семетей Черикбаев билдирди.
Ак-Талаа райондук маданият үйүндө “Адеп башаты” коомдук фондунун жетекчиси Максат Таласбаев жана башка дин өкүлдөрү окуучулар жана ата-энелер менен жыйын өткөрүп, ыйман, адеп, маданият тууралуу ой-толгоолорун бөлүшүп, пикир алмашты.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде жеткинчектердин “Алиппе” майрамы белгиленди. Анда окуучулар жыл бою үйрөнгөндөрүн ата-энелерине, окуучуларга көрсөтүп беришти.
Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев гимназия орто мектебинде башталгыч класстардын «Алиппе» майрамы өттү.
Сокулук районуна караштуу Жал айылында окуучулардын спорттук эстафеталык жарыштары өтүп, 9-класстар жеңүүчү аталышты.
Советтер союзунун баатыры Степаненконун жаркын элесине арналган гандбол оюну боюнча спорттук таймаш Беловодск айылында болуп өттү. Ал спорттук таймашка Бишкек шаарынын, Беловодск жана Сокулук районунун окуучулары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө шахмат оюнуна кызыккан окуучулар өз күчтөрүн сынап көрүштү. Сокулук районунун Фрунзе атындагы №1 лицейинин шахматчы окуучуларын Мамыралиев гимназия мектебинин окуучулары кубануу менен тосуп алышты.
«Барскоон» мектепке чейинки билим берүү уюуму түзүлгөндөн бери канчалаган жылыштар болду. Каралбай калган имараттын ордуна түзүлдү эле, азыр өзгөрүүлөр болуп Жети-Өгүз районундагы алдынкы бала бакчалардан болуп эсептелет.
Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинин быйылкы окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрү жаңы мектепке жемиш бактарын алма, өрүк, кара өрүк жана сирендин көчөттөрүн отургузушту.
Жаңы-Талап айылындагы Бөбөк-Тай бала бакчасында “Кош бол, бакчам” майрамы болуп, жеткинчектер үйрөнгөндөрүн ата-энелерине көрсөтүштү. Майрамда бөбөктөр ырларды ырдашып, бийлерди бийлешип, жомок жана тамак көрүнүштөрдү коюп беришти.
“Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата “Адеп башаты” коомдук фондунун өкүлдөрү Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинин окуучулары менен жолугушуу өткөрдү.
Сокулук районунун Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев гимназия орто мектебинен 8-классынын окуучусу Акбермет Өмүрбек кызы “Акыл Ордо” таймашынын финалына жетти. .
Кайсы гана айылдарда болбосун таза суу эӊ манилүү жана чоӊ кѳйгѳй болуп келген. Биздин айылыбызда ошолордун санына кирип калган, бирок ошентсе да беш жыл мурун таза суу келүүчү жолдун …
Кыргызстандын ажайып кооз жерлерин санап бүтүүгѳ болбойт. Экологиялык жактан кооз жана туристердин кѳӊүлүн шаркыратмалар менен бурган Барскоон капчыгайынын бул кѳйгѳйгѳ туш болгонуна кайдыгер кароого болбойт.
21-апрель күнү Сокулук районун Кызыл-Туу айылындагы С. Абдылдаева орто мектебинде Жер Эне конвивиумунун тɵрайымы Бурул Сариева конокто болду.
Кызыл-Туу айыл ɵкмɵтүндɵ айыл-айылдардан командалар түптɵлүп, Бекбоев Канат Талантбековичтин жаркын элесине арналган турнир болуп ɵттү.
Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин окуучулары 26-апрель күнү Нарынга экскурсияга барып, Нарын шаарындагы музей менен таанышып чыгышты.
Сокулук районуна караштуу Жал айылынын жаш тургуну Элмир Элдияр уулу кубикти эки мүнөткө жеткирбей чогултат. Ал бул өнөрү менен айылдаштарын таң калтырып келүүдө. Элмир Элдияр улуу кубик менен алектенгенине болжол менен …
Дары чɵптɵрдү тамак-ашка кошуп колдонсо болот. Алардан самса жана чучвара жасаса эң сонун пайдалуу тамак.
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин жалпы жамааты быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата 3 бөлүмдөн турган концерт коюшту. Анда алгач Саякбайдын бала чагы, колхоздоштуруу, эгемендик жылдар сахналаштырылып, Корчубек Акназаров, Аскар …