Сокулук районундагы Кара-Сакал айылынын тургуну Маршалбек Ташматов дары чөптөр менен оорулууларды айыктырат. Ал табыптык менен 25 жылдан ашык убакыттан бери алектенип келет.
Сокулук районунундагы Токбай айылынын Исмаил көчөсүндө 120 адам бата турган жаӊы мечит салынып жатат. Тургундардын айтымында, мечитке кеткен каражатты арабдар каржылаган.
Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Бүбүкан Айбашова үч жылдан ымыркайларды эмдейт. Айылдын жаш энелери Бүбүкан апанын үйүн жакшы билишет, ага коңшу айылдардан келип кайрылгандар да бар.
(Сүрөт фейсбуктан алынды) Сүлүктүлүк даанышман агай, «Кыргыздын Макаренкосу», көп жылдан бери Лейлектеги №3-Гимназиясын түптөп, жетектеп келген, 15 ашуун китептин автору Гапыр Маматкулович Мадеминов, атайын чакыруу менен Финляндияда иш сапары менен жүрөт. …
№12 Курама уулу Турусбек мектебинде бүгүн 21- апрель « Алиппе» майрамы болуп өттү. Биринчи класстар ата- энелерине таланттарын көргөзүп, ырдап, бийлеп, жыл бою жаттаган ырларын айтып ата- энелерин кубантып жатышты.
Ноокат районунун Айбек айылында жаңы мончо курулду. Мончонун кызматынан пайдалануу 80 сомдон 100 сомго чейин турат.
Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 20-21-апрель күндөрү «Китеп жумалыгы» болуп өттү. Эки күнгө созулган иш чарада окуучулардын китепке болгон кызыгуусу артып жатканын айтышат.
Германия Эл аралык кызматташтык Коомунун (GIZ) Кыргызстандагы өкүлдөрү бүгүн 21.04.2016-жылы атайын иш сапары менен Сүлүктү шаарына келди. Буга себеп GIZ долбоорунун Айыл чарбасын өнүктүрүү программасына мурда сунушталган долбоорду өз ордунда …
Ноокат районунун Көтөрмө айылында «Мераж нуру «деген жаңы бала бакча курулду. Бул бакчанын ачылганына айыл эли ыраазы.
Ноокат районунун Көтөрмө айылында «Кыргыз-Ата» футболдук клубу ачылды. Бул клубдун жетекчиси атайын Москва шаарынан келген.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинде 1968-жылдан 2003-жылга чейин Эркин Алтынбекова физика мугалими болуп эмгектенген. Алтынбекова өз эмгеги менен Кыргыз СССРдин эмгек сиңирген мугалими жана көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.
Бакай-Ата айылынын маданият үйүндө 19-апрель күнү Калипа Чалованын отуз жылдык мааракелик концертин берди. Концерт билети 100 сомдон сатылды.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 2013-жылы ЮНИСЕФтин каржылоосу менен түзүлгөн “Жаштар борбору” өз ишин улантууда. Борбордо окуучулар өздөрүнүн билимин өркүндөтүп, ар кандай иш-чараларга катышып тажырыйба топтошот.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын жаш тургундарынын бири чымынды колдонуу менен бактерияларга каршы күрөшүү дарысын ойлоп тапса, дагы бири суу тазалоочу фильтрди жасап чыккан.
Ноокат районунун Куу-Майдан айлындагы таштанды төгүүчү жай эл жашаган жерге жакын жайгашкандыктан ыңгайсыздык жаралууда. Таштандыдан өлгөн жаныбарлардын денесин көрүүгө да болот.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылында мөндүр аралаш жаан чачындан улам сел жүрдү. Жабыр тарткандар жок.
Жуматай Мамбетов атындагы музыкалык мектебинин түптөлгөнүнө 50 жылдан ашты. Мектепте окуучулар негизинен музыкалык аспапта ойногонду үйрөнүшөт.
Өткөн макалаларыбызда пайдасыз бош пластик идиштерди пайдалуу гүл отургузуучу буюмга айландырган А. Юнусовдун чыгармачылыгын окурмандарга сунуштаган элек. Жакшы демилге дароо эле коомчулукка жайылып башталыптыр. Буйруса айлана-чөйрөнү булгап жаткан «коланын» бош …
Мамлекеттик экотехинспекциянын регионалдык бөлүмүнүн кызматкерлери Сүлүктү шаарындагы жергиликтүү бийлик менен жана коомчулук менен тыгыз иш жүргүзүп келүүдө. «Биздин кызматкерлер келсе коомчулуктун кээ бир өкүлдөрү текшерип айып пул салуучу же жазалоочу …
Нарын областы боюнча мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлүп жаткан биометрикалык каттоо жүргүзүлүүдө. Буга Ак-Талаа районунун баардык 18 айылынын информатика сабагынын мугалимдери барып бир сааттык сабак алып келишти. Анда ар бирине бирден …