Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Үч-Коргон: «Медиа РАЙ» окуу борбору компьютердик курстарды аяктагандарга сертификаттарды тапшырды

Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджан Абдурахманов «Медиа РАЙ» окуу борборунун компьютердик курсу боюнча окууну аяктаган бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, сертификаттарды тапшырды.

29 Апрель 2016 жыл 0:52

Бакай-Ата: Табып Тагар Молдобеков

Бакай-Ата айылынын тургуну Тагар Молдобеков элдин колу, бутунун сынган жерлерин кармап, массаж жасоо менен алектенет. Бул кесиби кичинекей бала чагынан башталган.

28 Апрель 2016 жыл 21:12

Жаңы-Базар айылында миң түркүн дүкөнү ачылды

Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында «Эне-Сай» деген миң түркүн дүкөнү ачылды. Бул дүкөндөн айыл шартына керек болгон буюмдарды табууга болот.

28 Апрель 2016 жыл 18:44

Байыш айылы таза суу менен камсыз болду

Ноокат районунун Байыш айылы таза суу менен камсыз болду. Бул «Көк буудай» деген уюмдун аракетинин натыйжасында ишке ашкан.

28 Апрель 2016 жыл 17:28

Жаңы-Базар айылында цемент сатуучу жай ачылды

Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында цемент сатуучу жай ачылды. Бул жай ачылып, жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу болуп калганын айтышат.

28 Апрель 2016 жыл 15:37

Тасмада купка салынат

Түп районуна караштуу Тасма айылында мал жандыктарын купкага салуу боюнча долбоор жүрүүдө. Мурда айыл тургундары купка жоктугуна байланыштуу коңшу айылдарга барып кой жандыгын дарылатып келишчү.

28 Апрель 2016 жыл 7:03

Ооган-Талаада катуу жаандан үйлөрдү сел алып жолдор тосулду

Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында 25-апрелден 26-апрелге караган түндө катуу жаан жаап, үй, жолдорду сел алды. Айыл өкмөт башчысы 10 үйдү сел алганын айтты.

27 Апрель 2016 жыл 9:29

Күнгөй Кожеке айылынын багбаны Үсөн Төрөев

Ноокат районунун Күнгөй Кожеке айылындагы багбан Үсөн Төрөев. Ал көчөттөрүн 1984-1985-жылдары тиккен.

26 Апрель 2016 жыл 22:05

Баетовдо китеп дүкөнү ачылды

Баетов айылында жакында китеп дүкөнү ачылып, кызмат көрсөтө баштады. Бул китеп дүкөндө окуучуларга  керектүү китептер алынып келинген.

26 Апрель 2016 жыл 21:38

Баетов айылында «Ашар» кызматы ачылды

Ак-Талаа районуна биринчи жолу элге кызмат көрсөтүүчү «Ашар» кызматы ачылды. Алар айыл тургундарынан кызмат акы алып, ар кандай жумуштарын аткаратып, кызмат көрсөтөт.

26 Апрель 2016 жыл 21:30

Бруцеллёз үй жандыктарынан жугат

Бруцеллёз ылаңдаткычы эң майда микробдор болуп эсептелет. Бруцеллёз менен көбүнчө бодо мал, кой-эчки, чочко, топоз, жылкы, буйвол, төө, ит-мышык жана башка жаныбарлар ылаңдайт.

26 Апрель 2016 жыл 21:21

Күнгөй Кожеке айылындагы жалгыз ардагер Кадырбай Чоңмурунов

Кадырбай Чоңмурунов Ноокат районунун Күнгөй Кожеке айылында Улуу Ата мекендик согушка катышкан жалгыз ардагери. Кадырбай Чоңмурунов жаш кезинде эле каардуу согуш башталып, башка жигиттердей сыяктуу эле согушка жөнөп кеткенин айтат.

26 Апрель 2016 жыл 20:54

Учкун: «Алиппе» майрамы белгиленди

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жылда белгиленчү «Алиппе» майрамы болуп өттү. Бул майрам өзгөчө болуп, окуучулардын ойлонуусун арттыра турганы менен мурдагысынан айырмаланды. Майрамга үч класс катышып, КВН түрүндө болду.

26 Апрель 2016 жыл 18:47

Учкун айылында ачык эшиктер күнү болуп өттү

«Тарых жана маданият» жылына карата Нарын районунун Учкун айылында ата-энелер менен бирдикте мектепте өтүлүп жаткан тарбиялык иштерге анализ берүү жана сапаттуу билим берүү боюнча ачык эшиктер күнү болуп өттү. Аталган …

26 Апрель 2016 жыл 16:18

Баетовдо Чернобыль апаатынын 30 жылдыгы белгиленди

1986-жылдын 26-апрелинде Украина ССРинин Чернобыль шаарынын аймагында жайгашкан атомдук электр станциясындагы болгон жарылуу ири калктуу өлкөнүн зор аймагын радиоактивдүү булгануусуна, уулануусуна, химиялык жактан талкалануусуна  алып келген.

26 Апрель 2016 жыл 16:11

Кызыл-Туу айылынын орто мектебинде «Жер планетасын сактайлы!» акциясы уюштурулду.

Кызыл-Туу айылында С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде «Жер планетасын сактайлы» аттуу акциясы өттү. Акцияга  мектеп мугалимдери, «Жаш натуралистер» ийрими, ата-энелер, шериктеш уюмдар, окуучулар катышты.

25 Апрель 2016 жыл 15:45

Терек-Суунун тургуну «Мопед» техникасын жасап чыкты

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жаӊы техника пайда болду. Анын аты «Мопед». Бул техника отун аралагычтын моторунан алынып жасалган.

23 Апрель 2016 жыл 22:42

Чоң-Тогузбай айылынын сугат каналы оңдолууда

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылындагы сугат каналы оңдолуда. Айылдыктардын айтымында, канал 1984-жылы кыш мезгилинде салынгандыктан топурак тоңуп цементти тебип кеткен.

23 Апрель 2016 жыл 17:05

Чоң-Тогузбайда алиппе майрамы өттү

Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде алипе майрамы болуп өттү. Окучуларар кандай ырларды ырдап, бийлерди көргөздү.

23 Апрель 2016 жыл 17:05

Чоң-Тогузбайда таштандылар белгиленген жерге төгүлсө

Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын жашочулары айылдын четинде жайгашкан сууга таштанды төгүүдө. Айыл башынын айтуусунда, таштанды үчүн атайын жер бөлүнгөн. Айрым жашоочулар таштанды ыргыткан жердин бар экендигинен кабарсыз экендиктерин билдиришүүдө.

23 Апрель 2016 жыл 16:50

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...