Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Куу-Майдан

Куу-Майдандын тургуну 40 жылга жакын убакыттан бери чөптөрдөн дары жасайт

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Шарабидин Кадырбердиев 36 жылдан бери чөптөрдөн дары-дармек жасап келет.

Куу-Майданда волейбол залы ачылды

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында волейбол залы ачылды. Буга чейин спорт залдын ордунда гараж болуп турган.

Куу-Майдандын тургуну Адылжан Полотов тегирмен жасады

Ноокат районунуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Адылжан Полотов өз колу менен тегирмен жасады. Учурда өз тегирмени менен элге кызмат көрсөтүүдө.

Кеңеш айыл өкмөтүндө улак болуп өттү

Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө улак болуп өттү. Ага жалпы тогуз команда катышып, Арбын 1 курамасы баш байгени багынтты.

Арбында жалгыз бой эне кооптуу абалдагы үйдө төрт баласы менен жашоодо

Ноокат районуна караштуу Арбын айылында жашаган жалгыз бой эне Буажар Адыгенееванын үйү эскилиги жетип, жер титирөөдөн кийин кооптуу абалга кептелген. Ал эч кандай жардам көрсөтүлө электигин айтат.

Арбында жаңы жылга карата «Балаты 2017» сынагы болуп өттү

Ноокат районунун Арбын айылынын Арбын орто мектебинде «Балаты 2017» сынагы болуп, ага 6-11-класстардын окуучулары катышты. Баш байгени 8-класстар алып кетишти.

Куу-Майданда Үркүнгө карата иш-чара болуп өттү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү.

Куу-Майдандык ишкер өгүз багат

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Сейдали Өмүрзаков мал-чарбачылыгы менен алектенет. Бул иш менен алектенгенине бир жылдын жүзү болду.

Арбында суу маселеси курч

Ноокат районунун Арбын айылында суу маселеси курч. Айыл тургундары таза суу илгертен эле чыкпасын, сууларды арыктардан алышаарын айтышат.

Куу-Майданда музейди өнүктүрүү үчүн марафон болду

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде  марафон болуп өттү. Марафон «Тарых жана Маданият» жылына карата музейлерди өнүктүрүү үчүн уюштурулду.

Кыргыз-Атада жаңы мечит курулууда

Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында үч кабаттуу, заманбап, жаңы мечит курулууда. Мурдагы эски мечитти бузушуп, анын ордуна жаңы мечит салынып, курулуш иштери аяктайын деп калды.

Арбында жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланды

Ноокат районунун Арбын айылында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо 11-декабрда болуп өттү. Айылдык кеңешке депутаттыкка 13 киши ат салышып, алардын ичинен алтоо депутат болуп шайланды. 

Куу-Майданда айылдык депутаттар шайланды

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында айылдык депутаттар шайланды. Добуш берүү Жапар Нышанов орто мектебинде өттү.

Кеңеш айыл аймагынын окуучулары арасында «Тамашоу» болду

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын мектептер аралык «Тамашоу» болуп өттү. Сынакка айыл аймак боюнча беш мектептин окуучулары катышты.

Куу-Майданда ата-энелер чогулушу болуп өттү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде ата-энелер чогулушу болуп өттү. Ал чогулушта окуучулардын көйгөйлөрү жөнүндө сөз болду.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн депутаттарын шайлоо кандай жүрөт?

Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө 2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жүрөт. Бул туурасында Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Калмамат Кудайбердиев менен маек курдук.

Арбында көчөлөргө жарык коюлат

Ноокат районуна караштуу Арбын айылынын көчөлөрүндө жарыктын жоктугу көйгөйлүү маселе экенин, айрыкча кыш мезгилинде көчөгө чыгуу кооптуу экенин айтышат айыл тургундары. Биз бул тууралуу айыл башчысы Асан Кадыров менен маек курдук.

Куу-Майдан жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого даяр

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы №5376 шайлоо участогу айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого даяр. Бүгүнкү күндө урналар алынып келип коюлган.

Арбында кайрымдуулук марафону болду

Ноокат районунун Арбын айылында кайрымдуулук марафону болуп өттү. Марафонго окуучулар, мугалимдер катышты.

Арбында СПИДге каршы иш-чара болуп өттү

Ноокат районунун Арбын айылындагы Арбын орто мектебинде бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Ага 10-11-класстын окуучулары катышышты.

Шаршемби
5 Баш оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...