Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Куу-Майдан

Куу-Майданда кылмыштуулукка каршы сынак өттү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде кылмыштуулукка каршы «Биз мекенчил жаштарбыз» аттуу сынак болуп өттү. Ага 9-а жана 9-б класстарынын окуучулары катышты.

Куу-Майданда «Дүйнөлүк СПИД күнүнө» карата ачык саат өтүлдү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде «1-декабрь Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө» карата ачык сабак өтүлдү.

Шанколдо «Тарых залы» ачылды

Ноокат районуна караштуу Шанкол айылындагы Шанкол орто мектебинде «Тарыхый музей» залы ачылды. Анда ата-бабалардын колдонуп келген буюмдары жана тарыхый маалыматтарды көрүүгө болот.

Куу-Майданда балдар арасында зоналык волейбол оюну болду

Ноокат районундагы Куу-Майдан айылында балдардын мектептер аралык волейбол оюну болуп өттү. Ага Кеңеш айыл өкмөтүнөн беш мектеп катышты.

Куу-Майданда кыздар арасында зоналык волейбол оюну болду

Ноокат районундагы Куу-Майдан айылында кыздардын мектептер аралык волейбол оюну болуп өттү. Ага Кеңеш айыл өкмөтүнөн 5 мектеп катышты.

Куу-Майданда жаш окуучулар арасында футбол болуп өттү

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында окуучулар арасында мелдеш болуп өттү. Мелдешке үч мектептин футболчулары катышып, Куу-Майдан айылынын футболчулары баш байгени багынтты.

Куу-Майданда айыл өкмөттөр арасындагы волейбол боюнча мелдеш өттү

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкаар Эргешовдун элесине арналган Ноокат районунундагы жаштар арасында волейбол боюнча мелдеш Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде болуп өттү. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Куу-Майданда мугалимдер күнүнө карата концерт болуп өттү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде Мугалимдер күнүнө карата 4-октябрда концерт болуп өттү. Концертти «Ыр, бий» ийриминин катышуучулары коюп беришти.

Куу-Майданда тил майрамына карата класстар аралык сынак болду

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде тил майрамына карата класстар аралык сынак болду. Ага 8-9-10-11-класстары катышышты.

Куу-Майдан айылына төрт бөлмөлүү мектеп курулууда

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинин жанына төрт бөлмөлүү мектеп курулууда.

Куу-Майдан айылындагы комузчунун сыры

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Убайдилла Рустамов айылдагы комуз жасаган жыгач уста. Комуз жасоо ал үчүн кесип эмес, ата-бабасынан калган өнөр.

Ноокат шаарында жаш балдар үчүн оюн аянтчасы ачылды

Ноокат шаарында жаш балдар үчүн оюн аянтчасы ачылды. Оюн аянтча 2 айдан бери иштеп жатат.

Куу-Майданда буудай оруп жыюу башталды

Куу-Майдан айылында буудай оруу жыюу иштери башталды. Быйыл мөндүр жаап буудайдын данын төгүп койгонуна байланыштуу буудайдын түшүмү жылдагыдай болгон жок.

Куу-Майдан айылына мечит курулуп жатат

Куу-Майдан айылына жаңы мечит курулуп жатат. Мечит арабдардын Табарак фондунун жардамы менен курулууда.

Куу-Майданда жайкы эс алуу кандай өтүүдө?

Куу-Майдан айылынын окуучулары жайкы каникулду ар жактарда өткөрүп жатышат. Айылда калган окуучулар болсо көбүнчөсү бассейнде убакыт өткөрүүдө.

Куу-Майдан: Нышанов мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты болду

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде 27-май күнү акыркы коңгуроо салтанаты болду. Бүтүрүүчү класстардын алтын уядан учуп кетээр кези да келип жетти.

Куу-Майданда таштанды маселеси качан чечилет?

Куу-Майдан айылынын тургундары «таштандылар көбөйүп, балдарыбыз ойноп оору жугузуп жатат» дешет. Бул маселе тууралу биз айыл башчы Абдүрөшүт Кадырбайев менен маек курдук.

Куу-Майдан: Окуучулар өкмөткө барып көчө театр коюп беришти

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары өкмөткө барып көчө театр коюп беришти. Көчө театры «Зордук зомбулукка жол жок» деп аталды.

Куу-Майдан: Талыкпай эмгектенген Турду Эргешова

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын жашоочусу Турду Эргешова жалгыз жашоодо. Жолдошу ооруга чалдыгып калгандыктан улам Ошто кызынын колунда даарыланып жатат.

Чеч-Дөбөнүн аялдамасы 2017-жылы оңдолуп калышы мүмкүн

Ноокат районунун Насирдин Исанов айыл аймагына караган Чеч-Дөбө айылынын тургундары аялдама маселеси боюнча көйгөйлөр бар экенин айтышкан. Биз бул тууралуу Исанов айыл өкмөтүнүн орун басары Үсөн Маткалыков менен маек курдук.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...