Ноокат районунун Көтөрмө айылында «Мераж нуру «деген жаңы бала бакча курулду. Бул бакчанын ачылганына айыл эли ыраазы.
Ноокат районунун Көтөрмө айылында «Кыргыз-Ата» футболдук клубу ачылды. Бул клубдун жетекчиси атайын Москва шаарынан келген.
Ноокат районунун Куу-Майдан айлындагы таштанды төгүүчү жай эл жашаган жерге жакын жайгашкандыктан ыңгайсыздык жаралууда. Таштандыдан өлгөн жаныбарлардын денесин көрүүгө да болот.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылында мөндүр аралаш жаан чачындан улам сел жүрдү. Жабыр тарткандар жок.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде 16-апрель күнү «Алиппе» майрамы болду. Бул күндү окуучулар чыдамсыздык менен күтүшкөн эле.
Ноокат районунун Телман айылында эки элди достоштуруп туруучу көпүрө курулду. Ал үчүн айыл тургундары долбоор жазышкан.
Ноокат районунун Көтөрмө айылына Эшболот Абдыраимов атындагы №54 кесиптик лицейи ачылды. Окуу корпусунун тиби жакшы ылайыкташтырылган, бир кабаттуу жана 80 орундуу.
Ноокат районун Көтөрмө айылында «Элболсун» деген аталышта жаңы ашкана ачылды. Жетекчиси Тынчтыкбек Рахимбердиевдин айтымында, азырынча кардарлардан эч кандай арыз доомат түшө элек.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин короосунун пайдубалы куюлуп, аны 1996-жылдын бүтүрүүчүлөрү колго алды.
Ноокат районунун Байыш айылына электр энергияга кеткен чыгымды тогүү үчүн касса ачылды. «Ош электронун» буйругу менен ачылган кассага эми тургундар алыс барбай эле өз айылынан электр жарыгына акча төлөй алышат.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ) ооруканада көрктөндүрүү ишин жүргүзүштү. Анда имараттын айланасындагы арчалар акталып, 150 түп алма, терек көчөттөрү отургузулду.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде көрктөндүрүү иштери болду. Мектептин айланасына ак кайындар жана роза гүлдөр отургузулду.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы жыгач, темир уста Азамат Маматемин уулу дарбаза, эмерек, шып, стол жасайт. Бул иш менен жети жылдан бери алектенет.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде 1-апрелде «Эки элдин достугу» аттуу иш-чара болду. Ага Ноокат шаарындагы Самиев орто мектебинин окуучулары келип, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Ноокат районунун, Кенеш айыл өкмөтүндөгү Куу-Майдан айылында жайгашкантКуу-Майдан тигүү цехи 2011-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө цехте 4 айым эмгектенип, жашоочулардан келген буюртмаларды өз убагында аткарып келишүүдө.
Куу Майдан айылында 10 жылдан ашуун убакыттан бери таза суу маселеси курч болуп келет. Айылда таза суу болгону 2 кундө бир жолу гана 2 саатка чыгат. Ал эми суу чыгуучу …
Куу Майдан айылы Ноокат районуна караштуу Кеңеш айылдык округунда жайгашкан. Айылдын калкынын саны 4000 ден ашуун. Райондун аймагында массалык маалымат каражаттары жокко эсе, бир гана “Ноокат таңы” гезити жумасына бир …