Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде жаштар арасында «Ата-энеме» аттуу концерттин бет ачаары болду. Концертти ушул мектепте окуп кеткен, учурда Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан Элнур Абибилла уулу …
Нарын районуна караштуу Куланак айылында аз кандуулук менен ооругандар көп катталууда. Бул боюнча үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Сайрабүбү Асановага кайрылып, аз кандуулуктун кантип алдын алса болоору тууралуу сурадык.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын жаш тургундары Тилек Чыңгызов жана Байэл Кадыралиевдер кардан автомашина жасашты. Машинанын айкелин алар 20 күндө жасап бүтүшкөн.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын Ондош көчөсүнө мындан бир жыл мурун жаңы электр трансфаматору орнотулган болчу. Бирок ошондон бери ал ишке бериле элек.
Ар бир жылдын өзүнчө өзгөчөлүгү болгондой эле 2016-жыл Токтогул районунуна караштуу Чоң-Арык айылындагы Коргол орто мектеби үчүн да ийгиликтүү жылдардан болду.
Жаңы 2017-жылдын башынан бери орто мектептерде беш күндүк окуутуу системасы киргизилип, мурда алты күн бою окуган окуучулар эми беш күндөн окуп калышты. Бул боюнча Токтогул районунуа караштуу Чоң-Арык айылынын тургундарынын оюн сурап көрдүк.
Токтогул районунуа караштуу Чоң-Арык айылында кол өнөрчү, усталардын бири Турусбек Жусупбеков. Ал ээр чаап, күрөк, комуз жасайт.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айлынын 40тан ашуун жаштары айылдагы мечитке жардам көрсөтүштү. Жаштардан чогулган жалпы 90 миң сом акча каражатынын бир бөлүгү мечиттин ички шарттарын жакшыртууга кеткен.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургуну Сыргабек Тиленбаев белгисиз бирөөнүн малын чөөлөр талап жеп жаткан жеринен таап, чөөлөрдүн бирин тирүү кармап алган.
Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынында жамааттык мультимедиа борбору (ЖМБ) ачылды. Борбор Тасма айылындагы «Нур FM» ЖМБнын филиалы катары иштемекчи.
Баетов айылында акуучулар арасында кылмыштуулуктун жана диний экстремизмдин алдын алуу максатында Ак-Талаа РИИБнин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мектептерде жогорку класстын окуучулары менен жолугушууларды өтүүдө.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында «Дени сак улут, дени сак үй-бүлөө» деген ураандын астында мектеп окуучулары жана алардын ата-энелеринин катышуусу менен спорттук мелдеши болуп өттү.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылына 22-январда жеңил машина менен үч келин келип, кыргыз элинин каада-салттарын өнүктүрүп, өстүрүп жатабыз деп, бир топ колунда бар үй-бүлөөлөрдөн алдамчылык жол менен акча топтоп кетишкен.
Көчкөнбек Раманов Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинде 37 жылдан бери дене тарбия сабагынан берип эмгектенип келет.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Сулайман Эминов ат жабдыктарын жасайт. Бул иш менен алектене баштаганына үч жылдай убакыт болду.
Карасартов атындагы орто мектебинин окуучулары Баетов айылындагы №40-кесиптик лицейдин жалпы жамааты, окуу бөлмөлөрү менен кесип тандоо багытында таанышышты.
Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылындагы билим берүүчү жаңы орто мектептин курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берилерине аз калды.
Встреча с учителем русского языка и литературы Ставрополовской средней школы Джумакеевой Камилой Мудуновной. Она поделилась своим опытом работы и перспективами развития школы в будущем.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылындагы мектеп окуучулары эки топ болуп улак тартышты. Оюнда «ылдый жак» тобу жеңишке жетти.
Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында таза суунун жоктугунан айыл тургундары Он-Арча, Оттук агын сууларын ичүүгө аргасыз.