Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Сүрөт

Терек-Суу айылынын жаш чемпиондору

Терек-Суу айылында эркин күрөш боюнча машыктыруучу жай бар.  Эркин күрөш менен машыккан жаш спортчулар көптөгөн ийгиликтерди багынтып, алды дүйнөлүк жана республикалык деңгээлде күрөшкө катышып жаткан кези.

11 Апрель 2016 жыл 21:06

Андарак: Мугалимдер менен дарыгерлердин волейбол беттеши болду

Лейлек районуна караштуу Манас атындагы орто мектебинде 10-апрель күнү мугалимдер жана дарыгерлер арасында “Спорт — ден-соолуктун булагы” аталышындагы волейбол мелдеши өткөрүлдү. Бул мелдеште мугалимдер дарыгерлерден алдыга озуп чыгып, ийгилике жетишти.

11 Апрель 2016 жыл 15:53

Үч-Коргон жаштарынын демилгеси менен тазалык акциясы өткөрүлдү

«Таза айыл, таза жаштар» акциясына Үч-Коргон айылындагы Пушкин орто мектебинен 68 окуучу катышып, өз салымдарын кошушту.

11 Апрель 2016 жыл 1:39

Куу-Майдан: Нышанов мектебинин короосу оңдолууда

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин короосунун пайдубалы куюлуп, аны 1996-жылдын бүтүрүүчүлөрү колго алды.

10 Апрель 2016 жыл 23:20

Куу-Майдан: Байыш айылында электр энергияга акча төлөө үчүн касса ачылды

Ноокат районунун Байыш айылына электр энергияга кеткен чыгымды тогүү үчүн касса ачылды. «Ош электронун» буйругу менен ачылган кассага эми тургундар алыс барбай эле өз айылынан электр жарыгына акча төлөй алышат. 

9 Апрель 2016 жыл 22:04

Куу-Майдан: Ооруканада көрктөндүрүү иштери жүрдү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ) ооруканада көрктөндүрүү ишин жүргүзүштү. Анда имараттын айланасындагы арчалар акталып, 150 түп алма, терек көчөттөрү отургузулду.

9 Апрель 2016 жыл 22:03

Терек-Суу: Курама уулу Турусбек мектебинде кѳрктѳндүрүү иштери жүрүүдө

Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинде жаз алды менен мектепти жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Бул иш-чара мектептин директору Турсумкан Абдыгулованын жана мектеп жамаатынын демилгеси менен ишке ашууда.

9 Апрель 2016 жыл 21:59

Кара-Суунун жаш фермери Эмил Ибраимов

Кара-Суу айылы дыйкан менен малчылардын айылы. Ошол себептүү биз сиздерге айылыбыздын жаш фермери, малчысы Ибраимов Эмил тууралуу айтып берели.

9 Апрель 2016 жыл 18:28

Чоң-Арык: Ырчы Бектур Шаршеналиев окуучулар менен маек курду

Чоң-Арык айылынан чыккан ырчы Бектур Шаршеналиев окуучулар менен маек куруп, өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди.

9 Апрель 2016 жыл 17:47

Чоң-Арык айылында эшектер жоголуп жатат

Токтогул районунун Чоң-Арык айылында эшектер жоголуп, союлуп кеткен учурлар көп катталууда. Эшектердин күчү жана жардамы менен айыл тургундары өз жумуштарын бүтүрүшчү.

9 Апрель 2016 жыл 11:16

Чоң-Арык: Коргоол Досуевге 133 жыл болду

Быйыл 2016-жылы улуу акын Коргоол Досуев 133 жашка толду. Токтогул Сатылгановдун шакирти Коргоол акынга азыркы убакта Чоң-Арык айылында музей тургузулган.

9 Апрель 2016 жыл 10:48

Чоң-Арыктын жалгыз согуш ардагери Жолоочу Шатманалиев 94 жашта

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жолоочу Шатманалиев 94 жашта. Ал 17 жашында Мекенди коргоо үчүн согушка аттанган.

9 Апрель 2016 жыл 10:02

Куу-Майдан: Жапар Нышанов мектебине көчөттөр отургузулду

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде көрктөндүрүү иштери болду. Мектептин айланасына ак кайындар жана роза гүлдөр отургузулду.

8 Апрель 2016 жыл 21:35

Чоң-Арык: Айылга бала бакча керек

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургундары бала бакча жоктугунан кыйынчылыктарга душар болууда. Айылда бала бакчага бара турган балдардын саны 150гө жакын. 

8 Апрель 2016 жыл 18:20

Куу-Майдандын жыгач жана темир устасы Азамат Маматемин уулу

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы жыгач, темир уста Азамат Маматемин уулу дарбаза, эмерек, шып, стол жасайт. Бул иш менен жети жылдан бери алектенет.

8 Апрель 2016 жыл 16:29

Баетов: Окуучулар аралык ХI спартакиаданын биринчи айлампасы аяктады

Райондогу орто мектептердин окуучулары аралык спартакиада бул жолу үч өрөөндө бир эле учурда Н. Жыргалбекова, Ж. Сатылганов жана Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектептеринде өткөрүлдү.

8 Апрель 2016 жыл 14:29

Кара-Сууда быйыл жолдор оңдолмокчу

Жакында «Ак кептер» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Кара-Суу айыл өкмөтүндө болуп, өкмөттүн төрайымы Насипа Жээнбаева менен айыл көйгөйлөрү тууралуу маек куруп келдик.

8 Апрель 2016 жыл 13:55

Кара-Суу: Айылдагы чоң көйгөй — спирт ичимдиги

Кара-Суу айылынын чоң көйгөйлөрүнүн бири спирт ичимдиги. Тойлордо көп колдонулуп, жаштардын арасында ичимдик ичкендер, айылдагы коопсуздукка кедерги тийгизип жаткандыгы тууралуу сөздөр болууда.

8 Апрель 2016 жыл 12:20

Үч-Коргон: Саламаттыкты сактоо күнүнө карата мини-футбол беттеши өттүдө

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо күнүнө карата Үч-Коргон айыл өкмөтү мини-футбол турнирин уюштуруп, андан сырткары кант диабети менен ооруган тургундарды акысыз текшерүүдөн өткөрдү.

7 Апрель 2016 жыл 16:36

Элдик революцияга арналган Баатырлар залы

7-апрелде Элдик революцияга   6 жыл болот. Мына ушул күнгө байланыштуу Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде Баатырлар залы уюштурулуп, ага дубал газеталар, окуучулар  тарткан сүрөттөр коюлду. 10-апрелге чейин  бул жерде класстык сааттар, …

6 Апрель 2016 жыл 22:52

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...