Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Сүрөт

Тогузбайда зап, жем тартуучу машина 23 жылдан бери элге кызмат кылууда

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылында зап жана жем тартуучу машина элдин дандарын тазалап, жем кылып берүүдө. Аны Урмат Исманалиев 23 жылдан бери иштетип келет.

6 Апрель 2016 жыл 6:28

Үч-Корон: Пушкин мектебинде Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленди

Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата Үч-Коргон айылындагы Пушкин орто мектебинде майрамдык кече болуп өттү. Анда окуучулар Жусуп Баласагындын өмүрүн, чыгармачылыгын сахналаштырылып, концерттик программала бийлер менен коштолду.

6 Апрель 2016 жыл 0:40

Баетовдо элдик революция окуучулар тарабынан сахналаштырылды

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими Г. Какаева элдик революция тууралуу көркөм баяндама жазып, аны бүгүн мугалимдерге, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тартуулады.

5 Апрель 2016 жыл 21:41

Андаракта жаңы сүрөткана ачылды

Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүндө жаңы сүрөткана ачылды. Мурда бир гана сүрөткана бар болсо азыр экөө болду. Сүрөтканада эки адам эмгектенет.

5 Апрель 2016 жыл 19:14

Андарак: Мектептер аралык мугалимдердин спорттук оюнунда Манас орто мектеби жеңишке жетти

Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы Манас орто мектебинде 4-апрель күнү мугалимдер арасында спорттук оюндар болуп өттү. Ал оюнга алты мектептин мугалимдер курамасы катышышып, Манас орто мектебинин командасы райондук турга жолдомо алды.

5 Апрель 2016 жыл 19:03

Андарак: Мектепте окуучулар жана ата-энелер менен биргеликте спорттук мелдеш болуп өттү

Андарак айылындагы Манас орто мектебинде 5-апрель күнү окуучулардын ата-энелери менен биргелешкен спорттук мелдеш өткөрүлдү. Ага 7-классы аталары менен биргеликте катышты.

5 Апрель 2016 жыл 18:51

Суусамыр айылы таштандыдан арылып жатат

Суусамыр айылынын жалпы көчөлөрүнө ишембилик жасалды. Ишембиликке Суусамыр айыл өкмөтүнүн, милиция бөлүмүнүн жана башка мекемелердин жалпы кызматкерлери катышышты. Кыш айлары бүтүп, кар эригенден кийин таштандылардын жүзү ачыкка чыкты. Таштандылардын көпчүлүгү …

4 Апрель 2016 жыл 21:07

Баетовдо элдик революцияга арналган сүрөт көргөзмө ачылды

Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 7-апрелге арналган таланттуу окуучулардын кыл калеминен жаралган сүрөт көргөзмө ачылды. Анда окуучулардын аталган күнгө байланыштуу сүрөттөрү коюлду.

4 Апрель 2016 жыл 20:45

Баетов: Мектептердин уюштуруучулары тарбия маселелерин талкуулашты

Аталган иш-чара “Тарбия жакшысы — ата-эненин бактысы” деп аталып Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинде өттү. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, ата-энелер катышты.

4 Апрель 2016 жыл 20:32

Мугалимдердин республикалык кароо-сынагында Баетовдун мугалими баш байгени багынтты

Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлбарчын Мамытбекова “Тарых жана маданият жылына” жана “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын эки жылдыгына арналган мугалимдердин республикалык кароо-сынагында “Даанышман мугалим” номинациясында 1-орунду жеңип алды.

4 Апрель 2016 жыл 13:37

Андарак: Балдар бакчасында орун жетишсиз

Лейлек районуна караштуу Искра айылында 2011-жылы Уулман Каразакованын демилгеси менен 50 орундуу “Байчежекей” балдар бакчасы ачылган. Учурда орун жетишпегендиктен балдар жатууга кыйналып жатканын билдирди тарбиячы.

4 Апрель 2016 жыл 13:22

Андаракта форум театр кайрадан өз ишин баштады

Учурда Искра айылында жаштар арасында эл көйгөйүн сахналаштырып көрсөтүү жана ошол аркылуу чечүү өзгөчө популярдуу болууда. Айылдагы ошондой театрлардын бири “Тынчтыкка карай жол” форум театры. 

4 Апрель 2016 жыл 12:52

Андаракта ички жолдор оңдолду

Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын ички жолдору ондолуп жатат. Айыл өкмөт башчысы билдиргендей, жол оңдоо 30-марттан башталып эки күндө аяктаганын билдирди. 

4 Апрель 2016 жыл 12:19

Тасма: Элдик даарыгер Аскарбек Көчөрбаев

Тасма айылынын тургуну Аскарбек Көчөрбаев элдик даарыгер. Жүрөк түшкөндө, бөйрөк ооруганда, ач киргенде, баш ооруган учурда айыл тургундары Аскарбек Көчөрбаевге кайрылышат.

3 Апрель 2016 жыл 21:28

Кара-Суу айылында Нооруз майрамы болуп өттү

Жайыл районунун Кара-Суу айылында Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдын өтүшү тууралуу маалыматты айыл тургундарынан алсак.       Кара-Сууда Нооруз майрамы белгиленди

3 Апрель 2016 жыл 14:36

Бакай-Ата: Китепканада 1916-жылдагы үркүнгө байланыштуу көргөзмө ачылды

Бакай-Ата райондук китепканада 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшү тууралуу көргөзмө уюштурулду. Көргөзмө көтөрүлүштө курман болгондорду эскерүү үчүн уюштурулган.

3 Апрель 2016 жыл 13:18

Бакай-Ата: Зоналык футбол оюну болуп өттү

Бакай-Ата районунун борбордук спорт аянтында зоналык футбол оюну болуп өттү. Кызууу талкуу жараткан оюнда Ленин мектеби 1-орунга ээ болду.

3 Апрель 2016 жыл 12:38

Ставрополь айылынын ФАПы тууралуу маалымат

Бүгүнкү чыгарылышта Жайыл районундагы Ставрополь айылынын фельдшердик акушердик пункту (ФАП) тууралуу маек куруп беребиз.

3 Апрель 2016 жыл 11:08

Куланакта жылда өтүүчү эркин күрөш боюнча республикалык турнир башталды

Куланак айылында 7-апрель Элдик революциянын баатыры Рахатбек Кожобековдун жаркын элесине арналган Республикалык турнир 2-апрелде башталды. Буга Кыргызстандын 7 облусунан спортчулар катышып, жалпысынан 260 балбандар келишти.

2 Апрель 2016 жыл 16:27

Кара-Суу: Айыл өкмөттүн 2016-жылга карата аткарчу жумуштары

«Ак кептердин» ыктыярчылары жана координатору Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы жана кызматкерлери менен 31-мартта жолугуп, интервью алышып, маалымат баракчаларын айыл өкмөттүн маалымат тактасына илип келишти.       Кара-Суу: Айыл өкмөттүн 2016-жылга карата аткарчу …

2 Апрель 2016 жыл 10:03

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...