Токтогул районунда 2013-жылдан бери жергиликтүү “Каскад” радиосу иштеп келе жатат. Бул радио толкуну жалпы Кетмен-Төбө өрөөнүнө жана Кара Көл шаарына чейин жетет. Радиодо төрт киши эмгектенип, күнү-түнү иш алып барышат.
Кызыл-Кыя шаарында Газпромдун каржылоосунда чоң спорт комплекси курулуп, пайдаланууга тапшыруу алдында турат.
Үч-Коргондо жайгашкан Достук клубунда «Кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыштуулакка каршы» деген аталышта форум театр өткөрүлүп, анда Үч-Коргондогу беш мектептин окуучулары катышты.
Илгертен эле кыздарга сеп берилип, ушул күнгө чейин бул каада салт сакталып келе жатат. Бүгүнкү маек Ак-Моюн айылынын тургуну Сажира эженин чоң энесинен белекке келген чачбагы тууралуу болмокчу.
Бүгүн Лейлек районуна караштуу Андарак айылында биринчи кар жаады. Андарака бул биринчи кар болуп эсептелет, күз айында кар жаагандыктанбы айылга көп деле суук болгон жок.
Кетмен-Дөбө айыл аймагына кирген Терек-Суу — Чоң-Арык айылдарынын жолдору оңдолду. Өткөн кабарларыбызда билдиргендей “Ак-Бакай” ЖМБнын кабарчысы “Айылда чечилбей келген көйгөй” тууралуу сурамжылоо жүргүзгөндө, айыл тургундары жол маселесин айтышкан. Бул оңдоо …
Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы суу түтүктөрү оңдолду. Өткөн кабарларыбызда билдиргендей, Терек-Суу айылында суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткендигине байланыштуу таза суу көйгөйү курч болчу. Бул тууралуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы …
Күз мезгили мол түшүмдүн белгиси. Жыл сайын элдер жазында сепкен түшүмүн күзүндө жыйнап өзүнүн керегине жумшашат. Биз Түп районундагы Тасма айылынын тургундарынан быйылкы түшүмү кандай болгондугу тууралуу сурапжылоо жүргүздүк.
«Ак кептер» мультимедиа борборунун волонтёрлору 2-ноябрь күнү Коомдук телерадио корпорациясына жана Жогорку Кеңешке экскурсияга барып кайтты. Экскурсияны Диана Рахманова уюштурду.
Күз келип, айлана сары түскө боёло баштады. Бул мезгилде тоодогу малдар айылга келишип, жер-жемиштер, эгиндер жыйнала баштайт. Күз мезгили учкундуктар үчүн кандай мааниде экендигин билуү үчүн суроолорду узаттык.
Мугалим бул ата-энеден кийинки тарбячы. Аларга баш ийип таазим кылсак да аздык кылат. «А» деп тамга тааныткан , турмуш деген чоӊ ааламдын алгачкы тепкичтеринде жетелеген бул асылдардын эмгеги кѳп …
Шаар көркүн бузуп, таштанды салган урналар кой терилерине батпай турат. Ошол себептен Нарын шаарындагы базардан “Тери” деген жазуусу бар жерге барып маек курдук.
Лейлек районунун Андарак айылында жайгашкан Манас орто мектебинде 31-октябрь күнү Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерүү кечеси болуп өттү. Ага мектеп окуучулары жана мугалимдери катышты.
Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу «Андарак 2» орто мектебине 2004- жылы КСДП нын депутаттары келип, мектепке спорт зал куруу келишимине кол койгон. 2015- жылдын март айында тийиштүү органдардын өкүлдөрү келип, курулуш …
Түп районуна караштуу Токтоян айылында АРИС уюмунун каржылыгында жаңы ФАП курулууда. Курулуш иштери 16-октятябрдан башталды.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Бейшеналиев атындагы орто мектебинде “Күз берекеси” атту сынагы болуп өттү. Сынакка 8-класстан 10-класска чейинкилер катышты.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №5 Кызгалдак балдар бакчасында оңдоо иштери жүрүүдө. Мурунку кабарларыбызда билдиргендей, бала бакча жылуулук системасы жок болгондугуна байланыштуу, кышкысын иш алып барчу эмес.
Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургундарынан “Айылда чечилбей келген көйгөй” тууралуу сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, кечкисин көчөлөргө жарык керек экендигин билдиришкен. Бул маселе тууралуу Ак- Бакай ЖМБнын кабарчысы Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт …
Муса Баетов атындагы орто мектебинде “Күз берекеси” жумалыгы жыйынынтыкталды. Анда окуучулар менен ата-энелер да жигердүү катышты.
Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде 2-класстын уюштуруусундагы “Адептүүлүк — адам көркү” деген темада ачык сабак өтүлдү. Бул ачык сабакта балдарды адептүү болууга үйрөтүү жөнүндө сөз болду.