Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Темалар

Бакай-Ата: Долбоор менен салынган күнөскананын расмий ачылышы болду

Бакай-Ата айылындагы уюштурулган «Күнөскана» долбоору жаңы окуу жылынын башталышы менен ишке берилди. Аянты 240 чарчы метр болгон күнөсканага жалпы 1 миллион 137 миң сомдон ашык акча каражаты сарпталган.

6 Октябрь 2016 жыл 19:17

Учкунда жаңы мектеп президенти шайланды

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин 11-класстын окуучусу Алмаз Эшбаев президенттигин өз каалоосу менен 10-классынын окуучусу Төрөгелди кызы Майрамга өткөрүп берди. Алмаз Эшбаев 2015-жылдын ноябрь айынан бери мектеп президенти …

6 Октябрь 2016 жыл 16:28

Баетов: Карасартов мектебинде өзүн-өзү башкаруу уюму шайланды

Жаңы окуу жылынын башталышы менен Баетов айылынын Карсартов орто мектебинде өзүн-өзү башкаруу мектеп парламентинин мүчөлөрү шайланды. Бул салтанатка мугалимдер, окуучулар катышты.

6 Октябрь 2016 жыл 11:04

Каржылык сабаттуулук жаш-карыга бирдей керек

Каржылык сабаттуулук – бул финансылык институттар жана алар тарабынан  сунушталган продуктылар жөнүндө, ошондой эле өз иш аракеттеринин натыйжасына туура баа берүү менен муктаждык келип чыккан учурда аларды пайдалана билүү болуп саналат.

6 Октябрь 2016 жыл 6:59

Окуучулар карыяларды куттукташты

Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу М. Кудайбердиев атындагы лицейинин 11-классынын окуучулары карыяларды куттукташты. Окуучулар ар бир үйгө киришип, чоң энелерге жоолук, чоң аталарга калпак кийгизишип, гүл сунуп ырдап тартуулашты.

6 Октябрь 2016 жыл 0:56

Ак-Чал айылындагы спорт аянтчасы колдонууга берилди

Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылында спорт аянтчасынын курулушу аяктап колдонууга берилди. Буга чейин каражаттын жетишсиздигинен спорт аянтчасынын курулушу токтоп турган.

5 Октябрь 2016 жыл 23:03

Сүлүктүдө Мугалимдер күнү белгиленди

Бугун 05.10.2016-жылы Кыргыз Республикасынын башка аймактарында, анын ичинен Баткен облусунун Сүлүктү шаарында да «Мугалимдердин кесиптик майрамы» белгиленди. Шаарынын Маданият сарайында өткөрүлгөн аземдин катышуучуларынан маек алдык.

5 Октябрь 2016 жыл 18:37

Куланак айылында футбол аянтчасын куруу үчүн марафон болду

“Келечекке бирге барабыз” аттуу марафон 2-октябрь күнү болуп өттү. Марафондун максаты эмне болгондугун билүү үчүн биз катышуучулар менен маек курдук.

5 Октябрь 2016 жыл 17:55

Ич өткөк — коркунучтуу оору

Учурда ич өткөк оорусу — жаш балдар арасында көп кездешкен оорулардын бири. Бул оору боюнча Баетов айылынын райондук ооруканасынын терапия бөлүмүнүн балдар дарыгери Жыргал Алашова менен маек курдук.

5 Октябрь 2016 жыл 17:27

Теректеги спорт залдын курулушу токтоду

Ак-Талаа районунун Терек айылында жаңы спорт залдын курулушу каражат бөлүнбөгөндүктөн токтоп калды. Спорт зал 2015-жылы мамлекеттик бюджетке киргизилген болчу.

5 Октябрь 2016 жыл 16:44

Коргоол мектебинин ашканасында оңдоп түзөө иштери жүргүзүлдү

Токтогул районунун Чоң Арык айылындагы  Коргол мектебинин ашканасына жаңы кол жуугучтар коюлуп, суу жылыткыч орнотулду.

5 Октябрь 2016 жыл 15:36

Ташчайнар учурда Бакай-Ата айылында

Дүйнөнү дүнгөрөткөн Ташчайнар учурда Бакай-Ата районундагы мектепти кыдырып, өнөрүн тарттуулап жүрөт. Муну менен ал окуучуларды жашоодогу терс көрүнүштөрдөн алыстаткысы келет.

4 Октябрь 2016 жыл 19:22

Куу-Майданда мугалимдер күнүнө карата концерт болуп өттү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде Мугалимдер күнүнө карата 4-октябрда концерт болуп өттү. Концертти «Ыр, бий» ийриминин катышуучулары коюп беришти.

4 Октябрь 2016 жыл 13:19

Терек-Суу айылында чач тарач иш алып барууда

Токтогул районунун Терек-Суу айылында май айынан бери чач тарач ачылып, иш алып барууда. Чач тарачты 25 жаштагы айыл тургуну Каныкей Ызакул кызы ачкан.

3 Октябрь 2016 жыл 21:22

Терек-Сууда мугалимдер күнүнө карата кече болуп өттү

Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде мугалимдердин күнүнө карата 5-Б классы тарабынан уюштурулган кече болуп өттү. Окуучулар өз колдору менен жасаган белектерин мугалимдерге тартуулашты.

3 Октябрь 2016 жыл 21:04

Терек-Сууда эгин жыйноо ишембилиги болуп өттү

Токтогул районунун Терек- Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинин окуучулары мектептин түшүмүн жыйнашты. Эгин жыйноо ишембилигине 8-9-10-11-класстардын окуучулары катышты.

3 Октябрь 2016 жыл 20:37

Мугалим мѳмѳлүү дарак

Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто билим берүүчү мектебинин мугалимдердин майрамына карата “Мугалим мѳмѳлүү дарак” аталышындагы темада сурамжылоо жүргүздүк.

3 Октябрь 2016 жыл 17:38

Каржы сабаттуулугун жогорулатуу мектептен башталса

Социалдык туруктуулукка жана экономикалык өсүшкө коркунуч жараткан  каржылык сабатсыздык көйгөйүнө мамлекеттин жана коомчулуктун көңүлүн буруу учурдун талабы.

2 Октябрь 2016 жыл 23:11

Нарын: 100 жана 105 жаштагы апаларды облус жетекчиси куттуктады

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов 1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата 100 жаштан ашкан кары адамдар Анипа Баймурзаеваны жана Зулайка Шайылдаеваны куттуктады.

2 Октябрь 2016 жыл 21:58

Барскоон: Өспүрүмдөр үчүн каржылык сабаттуулук керекпи

Убакыт өтүп, мезгил алмашып учурда каржылык сабаттуулукка болгон муктаждар көбөйө баштады. Себеби, жашоодо акча ар дайым маанилүү рольду ойноп келген.

2 Октябрь 2016 жыл 10:29

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...