Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жаштар

Баетовдо китеп дүкөнү ачылды

Баетов айылында жакында китеп дүкөнү ачылып, кызмат көрсөтө баштады. Бул китеп дүкөндө окуучуларга  керектүү китептер алынып келинген.

26 Апрель 2016 жыл 21:38

Баетов айылында «Ашар» кызматы ачылды

Ак-Талаа районуна биринчи жолу элге кызмат көрсөтүүчү «Ашар» кызматы ачылды. Алар айыл тургундарынан кызмат акы алып, ар кандай жумуштарын аткаратып, кызмат көрсөтөт.

26 Апрель 2016 жыл 21:30

Учкун айылында ачык эшиктер күнү болуп өттү

«Тарых жана маданият» жылына карата Нарын районунун Учкун айылында ата-энелер менен бирдикте мектепте өтүлүп жаткан тарбиялык иштерге анализ берүү жана сапаттуу билим берүү боюнча ачык эшиктер күнү болуп өттү. Аталган …

26 Апрель 2016 жыл 16:18

Терек-Суунун тургуну «Мопед» техникасын жасап чыкты

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жаӊы техника пайда болду. Анын аты «Мопед». Бул техника отун аралагычтын моторунан алынып жасалган.

23 Апрель 2016 жыл 22:42

Терек-Суу: Мектепте «Китеп жумалыгы» болуп өттү

Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 20-21-апрель күндөрү «Китеп жумалыгы» болуп өттү. Эки күнгө созулган иш чарада окуучулардын китепке болгон кызыгуусу артып жатканын айтышат.

21 Апрель 2016 жыл 22:01

Көтөрмө айылында «Кыргыз-Ата» футболдук клубу ачылды

Ноокат районунун Көтөрмө айылында «Кыргыз-Ата» футболдук клубу ачылды. Бул клубдун жетекчиси атайын Москва шаарынан келген.

21 Апрель 2016 жыл 18:36

Андарак: Жаштар борборунун иш-аракеттери

Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 2013-жылы ЮНИСЕФтин каржылоосу менен түзүлгөн “Жаштар борбору” өз ишин улантууда. Борбордо окуучулар өздөрүнүн билимин өркүндөтүп, ар кандай иш-чараларга катышып тажырыйба топтошот.

21 Апрель 2016 жыл 16:00

Андарактын жаш ойлоп табуучулары: Бактерияларга каршы дары, суу тазалоочу фильтр

Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын жаш тургундарынын бири чымынды колдонуу менен бактерияларга каршы күрөшүү дарысын ойлоп тапса, дагы бири суу тазалоочу фильтрди жасап чыккан.

21 Апрель 2016 жыл 15:02

Бакай-Атада музыкалык мектеп өспүрүмдөргө билим берүүдө

Жуматай Мамбетов атындагы музыкалык мектебинин түптөлгөнүнө 50 жылдан ашты. Мектепте окуучулар негизинен музыкалык аспапта ойногонду үйрөнүшөт.

20 Апрель 2016 жыл 15:04

Кара-Суу мектебинде аскерге чейинки даярдык

Кара-Суу орто мектебинде аскерге чейинки даярдык (АЧД) сабагынын кандай өтүлүп жаткандыгы тууралуу кеп курмакчыбыз. АЧД сабагынын мугалими Азаркулов Нурадил менен маектештик.

18 Апрель 2016 жыл 8:35

Учкун: Быйыл аткарылуучу иштер тууралуу жалпы жыйналыш болду

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жалпы элдик жыйналыш болуп өттү. Аталган жыйналышта багылуучу малдын баалары, жайлоо маселеси жана жер айдоо, суу маселелери каралды. Жыйналыш Чоро Кожомжаров атындагы маданий үйүндө өткөрүлдү.

15 Апрель 2016 жыл 22:39

Ооган-Талаада мектептин спорт аянтчасынын айланасы тосулууда

Айыл өкмөтүнүн айтымында мектептин спорт аянчасынын айланасы проектинин негизинде тосулууда. Дене-тарбия мугалими аянтчанын тосулуп жатканына кубанып жатканын айтты.

15 Апрель 2016 жыл 12:18

Ооган-Талаа: Окуучулар менен космоско саякат

12-апрель космонавтика күнүнө карата реферат, плакат жана кол өнөрчүлүк сынагы болду. Анда Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары кече өткөрүштү.

13 Апрель 2016 жыл 9:07

Тасма: Мектептин айланасына көчөттөр отургузулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Сопиев атындагы орто мектебинин бакчасына жазга карата көчөттөр отургузулду. Бакчага көк теректин, кара жыгачтын жана Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү тигилди. 

13 Апрель 2016 жыл 6:18

Учкундук окуучу “Жоокер ыры” республикалык сынагына жолдомо алды

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин окуучусу Найзабек Мукамбет уулу “Жоокер ыры” сынагынын “Көркөм окуу” номинациясы боюнча биринчи орун ээледи. Аталган сынакта “Патриоттук ырлар”, “Жоокер ыры”, …

12 Апрель 2016 жыл 21:37

Учкун: Окуучулар облустук “Манас таануу” таймашында 3-орунду ээледи

Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин “Нур баян” тобу Нарын облустук “Манас таануу” сынагынан 3-орунга татыктуу болду. Аталган топ мектептин 8-9-класстардын окуучуларынан түзүлгөн.

12 Апрель 2016 жыл 21:27

Куу-Майдан: Көтөрмө айылында кесиптик лицей ачылды

Ноокат районунун Көтөрмө айылына Эшболот Абдыраимов атындагы №54 кесиптик лицейи ачылды. Окуу корпусунун тиби жакшы ылайыкташтырылган, бир кабаттуу жана 80 орундуу.

11 Апрель 2016 жыл 23:50

Терек-Суу айылынын жаш чемпиондору

Терек-Суу айылында эркин күрөш боюнча машыктыруучу жай бар.  Эркин күрөш менен машыккан жаш спортчулар көптөгөн ийгиликтерди багынтып, алды дүйнөлүк жана республикалык деңгээлде күрөшкө катышып жаткан кези.

11 Апрель 2016 жыл 21:06

Үч-Коргон жаштарынын демилгеси менен тазалык акциясы өткөрүлдү

«Таза айыл, таза жаштар» акциясына Үч-Коргон айылындагы Пушкин орто мектебинен 68 окуучу катышып, өз салымдарын кошушту.

11 Апрель 2016 жыл 1:39

Куу-Майдан: Нышанов мектебинин короосу оңдолууда

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин короосунун пайдубалы куюлуп, аны 1996-жылдын бүтүрүүчүлөрү колго алды.

10 Апрель 2016 жыл 23:20

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...