14-май күнү Төлөк айылынын тургундары жана жалпы жаштар биригип жаздын кечигишине карата түлө өткөрүштү.
Жаз келип курулуш иштери күч алган мезгилде, жергиликтүү курулушчуга буйрутма бергендердин саны күн санап өсүүдө. Бирок буйрутманы алганда баштан аяк алган курулушчулар өтө аз.
Бүгүнкү күндө Нарын районуна караштуу Оттук айылында тургундар сүттү литрин 24 сомдон сатып жатканы маалым болду. Бул күнүмдүк эле көрүнүшпү же болбосо сүттүн баасы арзандап жатабы?
Кочкор өрөөнүндө алма өстүрүүгө климаты, топурагы дагы ыңгайлуу, бирок көп өлчөмдө алма өстүрүп жана сатуу эң төмөн пайызды түзөт. Жемиш сатуучулар алманы Көлдөн,Чүй жана Түштүк тараптан алып келип сатышат.
1-июнь «Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата» Кочкор районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ата-энелер «Хан ордо» тойканасына майрамдык кече уюштурушту. Кечени уюштуруу демилгеси ата-энелерге таандык. Ата-энелердин демилгеси менен «Асыл балдар» фонду …
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 2018-2019-жылынын бүтүрүүчүсү Мединай Талантбекова азыркы учурда Туркия мамлекетинин Караман шаарындагы Караманоглу Мехмедбей университетинде окуп жаткан учуру. Анын чет өлкөдө билим алуусуна …
Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине №94 кесиптик лицейинин тарбия иштеринин уюштуруучусу окуучуларга туура кесип тандоо үчүн багыт берип, ошону менен биргеликте лицей тууралуу мектеп окуучуларына …
Дүйнө жүзүндө гана эмес, Кыргызстанда да АИВ, кургак учук сыяктуу эле гепатит илдети да коркунучтуу деп саналат. Аймактарда бул ооруга каршы эмдөөдөн өткөрүү медайымдардын милдети болууда. Нарын районуна караштуу Оттук …
12-май күнү Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев өз сапары менен келип кетти. Иш-чарага Нарын мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин …
Тимур Каипбек уулу асыл тукум Арашан койлорун жайылтуу, багуу боюнча мээнеткеч, селекционер фермер болуп саналат. «Эт жана май багытындагы асыл тукум кыргыз койлорунун» көргөзмөсүндө байгелүү орундарды камсыз кылып келет.
Кочкор районунда “Жайылма токойлорун коргоо жана сактоодо жергиликтүү жамааттын ролун күчөтүү” долбоорунун алкагында конференция уюштурулду. Иш-чара «Мирбек- Нур» коомдук фонду тарабынан аткарылды. ГЭФ БУУОПнын чакан гранттар программасынын ICCAGSI Глобалдык демилгесинин …
9-май Жеңиш күнүнө карата Бишкек шаарынын Vivat кичи-футбол залында OAFC чемпионаты өткөрүлүп, футбол боюнча оюн уюштурулду. Буга Нарын районуна караштуу Оттук айылынан «Аян ынтымагы» командасы катышып, 3-орунду ээледи.
Оро-Башы айылында 90-жылдан бери таза суу жок болчу. Ал эми бүгүнкү күндө айылдын тургундары 8500сомдон чогултуп жана акимчиликтен акча бөлүнүп жалпы 2млн. сомго таза суу киргизилип жатат.
Корчкор районундагы Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине «Кызыл ай» коому тарабынан өрт өчүрүүчү шаймандары алынып келди.
Чолпон айылы менен Ара-Көл айылдарынын ортосундагы Ак-Белде таштандынын саны уламдан улам көбөйүүдө. Элге өтө чоң залака келтирип, элдин нааразычылыгы күчөдү.
2023-жылдын 15-мартынан 15-апрелине чейин Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу Катунь биосфералык жаратылыш коругу жана Катон-Карагай улуттук паркы менен биргеликте өткөрүлүүчү «Менин экологиялык адаттарым» аттуу Эл аралык көркөм сүрөт сынагы жарыяланган.
“Артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалы” кесипке багыт берүү максатында Нарын шаарынын администрациясы тарабынан уюштурулган фестивалга Нарын облусундагы бардык билим берүү тармагындагы мекемелер, кесиптик лицейлер, университеттер, колледждер, мектептер, бала бакчалар жана …
Кочкор районунун Чолпон айылынын «Бүчүр-Таалай» бала бакчасынын оюн аянтчасына шаймандар орнотулду. Бала бакчаны жабдуу ишин 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан жасалды. Бул оюн аянтчага айылдагы кичинекей балдардын баары келип ойной алышат.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын маданият үйүнүн көркөм жетекчиси Гулзат Фрунзе кызы фортепиано ийримин ачып, окуучуларды ага ойногонго үйрөтүп жатат.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Марс Аскербек уулу гиря көтөрүү боюнча спорттук таймашта 1-орунду багындырды. Аталган спорттук таймаш Жалал-Абад облусунда өткөрүлүп, ага 2000 …