Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

«Бир адамдан бир көчөт» акциясы

Төлөк айылына Карата-Жапырык мамлекеттик  жаратылыш коругу тарабынан көчөттөр алынып келинди. Мектепке, айыл өкмөткө, бала бакчага жана мечитке бөлүнүп берилди. Бул акция жер жерлерди жашылдандыруу максатында уюштурулган.

16 Апрель 2022 жыл 8:10

Нарын облусунун башчысы Акталаада эл менен жолугушту

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев тиешелүү облустук мекеме-ишкана жетекчилери менен бирге Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушту.

15 Апрель 2022 жыл 18:07

«Информатика мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасы» долбоору ишке ашат

Бишкек шаарында 4-9- апрель күндөрү  «Насаатчылык колдоо аркылуу информатика мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасы» долбоору боюнча насаатчылардын жолугушуусу өткөрүлдү. Бул жолугушууну БААУнун астындагы Билим берүү институту жана Билим берүү демилгелерин колдоо …

14 Апрель 2022 жыл 18:22

Кочкордо эң алгачкы экологиялык конференция өттү

14- апрель күнү Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева мектеп гимназиясында экологиялык конференция өттү. Конференция мектептин табигий илимдер бирикмесинин 10 күндүк иш- чарасынын алкагында өтүлдү.

14 Апрель 2022 жыл 16:57

Жаз алдында малдарды купкага салуу башталды

Кочкор районундагы Чолпон айылынын тургундары жыл сайын койлорду купкага салышат. Бул жылы жаз жыйырма күнгө эрте келгендигине байланыштуу жайлоого эрте кетип жатышат. Бүгүн эртең менен айылдын малдарын купкага салышты.

14 Апрель 2022 жыл 16:55

6-класстын окуучулары Түрк лицейине сынак тапшырууда

Бүгүн 13-апрель Кочкор районундагы Кара-Суу айылында Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде Турк лицейине 6-класстар арасында сынак тапшырууда.

13 Апрель 2022 жыл 15:38

Айыл эли таза суунун чыгышын күтүүдө

Кочкор районунун Чолпон айылында таза суу чыгаруу иштери башталганына 2 жыл болду. Айыл ичиндеги көчөлөрдө суу түтүктөрү үчүн чуңкурлар казылып, түтүктөр орнотулган. Бирок кээ бир чуңкурлар ачык бойдон турат. Айыл …

13 Апрель 2022 жыл 15:29

Кесиптик лицейде жашылдандыруу иштери башталды

12-апрелде Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде “Мирбек-Нур” коомдук фондунун жетекчиси Алмаз Раевдин демилгеси менен окуу корпусунун алдына карагай отургузулду.

13 Апрель 2022 жыл 15:26

Жумушсуз кыз- келиндер тикмечилик кесибин үйрөнүштү

Кочкор районундагы №15 кесиптик лицейдин тигүүчү кесибинин устаттары жумушсуз кыз-келиндерди тигүүчү кесибине жеринен барып окутуп келишти. Бул иш-чара Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду.

13 Апрель 2022 жыл 15:18

«Жооптуу бол» акциясы Кара-Тоо айылында

Кочкор районунун Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинин студент балдары Кара-Тоо айылдык ФАПта ден соолугун текшерте алышты. Бул иш-чара “Жооптуу бол” акциясынын негизинде өткөрүлүп жатат.

13 Апрель 2022 жыл 15:11

Кочкор районунда жер айдоо башталды

Кочкор районунун Кара-Суу айылында жазгы жер айдоолор башталып, күйүүчү майдын кымбатташынан улам айыл тургундарында көйгөйлөр жаралууда.

13 Апрель 2022 жыл 14:59

Акталаада «Бир окуучу бир көчөт» акциясы уланууда

Ак-Талаа районундагы  Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинде «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында «Бир окуучу бир көчөт» акциясы уюштурулду. Акцияга  мектеп администрациясы, мугалимдер жамааты, кенже кызматкерлер жана окуучулар жигердүү  катышты.

13 Апрель 2022 жыл 9:42

Акталаада карагаттын көчөттөрү отургузулду

Ак-Талаа районунда айыл чарба кластерин колго алуу, маданий өсүмдүктөрдү көбөйтүү максатында Жети-Өгүз районунан 8100 түп карагаттын көчөттөрү алынып келинди. Ар бир көчөттүн баасы 100 сомдү түздү.

12 Апрель 2022 жыл 15:13

Кочкор: Өз багыңды отургуз

Нарын облусундагы Кочкор районундагы Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде КР президентин жарлыгынын негизинде «Өз багыңды отургуз» акциясынын алкагында даярдыктар башталды.

12 Апрель 2022 жыл 13:31

Түптө бир адамдан — бир көчөт акциясы болуп өттү

2022-жыл «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деген жараянга ылайык, “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгү алкагында 7-апрель революция күнүнө карата Түптөгү «7- апрель» атындагы сейил бакта көчөт отургузуу ишембилиги өткөрүлдү. …

11 Апрель 2022 жыл 15:33

«Элдик революция» күнүнө карата мектептер аралык турнир өттү

Нарын облусунун Кочкор районунун Молдо Кылыч айылындагы Малтабаров орто мектебинде волейбол оюну уюштурулду.

10 Апрель 2022 жыл 14:59

Сүрөт баян: Жашыл мурас

Нарын районуна караштуу Куланак айылында «Келечекке жашыл мурас» акциясынын биринчи этабы старт алды. Бул акцияда мектептин короосуна 50 ийне жалбырактуу балатылар отургузулду.

10 Апрель 2022 жыл 13:08

Кочкор: «Сейил» паркында ишембилик уланууда

Кочкор айылындагы «Сейил» паркында ар бир ишемби сайын мамлекеттик мекемелер, айыл тургундар жана жаштар тарабынан тазалоо,көрктөндүрүү иш-чараларды өткөрүлүдө. Бүгүн 9-апрель күнү ишембилик эстафетасы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебине өттү.

10 Апрель 2022 жыл 12:48

Соң-Көл: Жаздын алгачкы ишембилиги

Бүгүн Төлөк айылынын тургундары жана окуучулар ишембилик кылышты. Бул демилге Каратал -Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу тарабынан көтөрүлгөн.

10 Апрель 2022 жыл 12:38

Кочкордо Россиянын жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү өттү

«Билим-2022» атуу Россия өлкөсүнүн билим берүү уюмдарынын  көргөзмөсү Кочкор районунун мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн бүгүн Кочкор мамлекеттик администрациянын имаратында уюштурулду.

9 Апрель 2022 жыл 17:48

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...